Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

“Мактанаар эч немеси жок,  көргөн кордугун айтып мактанат” болот окшойбуз.  Анда  мугалимдердин көйгөйлөрүн айтып бир төгүлөйүн, ичимден кайра бир сөгүлөйүн. Кыргыз мугалимдерине жеңилдик деп, ат тердетип буйруса бир жүгүрөйүн.

Акыркы күндөрү мугалимдерди эмне үчүн деген суроо ойго салчу болду. Эмне үчүн ошол бизнесмен, эл өкүлдөрүнүн жашоо шарты мамлекеттин эсебинен каржыланат? Эмне үчүн депутаттар жүрүүчү унааларынын бензиндери жана башка чыгымдары каржыланат.  А эмне үчүн мугалимдер көмүскөдө, унутта кала берет?  Эмне үчүн эл өкүлдөрү үчүн мамлекеттин эсебинен ноутбуктар алынат? А эмне үчүн 6-7 миң айлык алган мугалим кредитке ноутбук алат?

Эмне үчүн эл өкүлдөрүнө үй, кызматтык унаа берилет? А эмне үчүн өлкөнүн өзөгү, келечек муундун сабаттуулугунун кепилдиги болгон мугалим айдан-айга батирден-батирге көчүп - конуп, эртең менен жана кечинде коомдук транспортто тебеленип, жумушка барып - келип  жашашы керек.

Эмне үчүн өмүрүнүн басымдуу бөлүгү окуучулары менен чогуу бир мектептин ичинде, дайыма ызы-чуу чөйрөдө өткөн мугалим үйү жок жашап жатканы аз келгенсип,  эртең кайра эле үстөккө-бөстөк болуп,  жарыбаган 4-5 миң сомдук пенсияга чыгуусу керек?

Эмне үчүн депутаттардын кабинети мамлекетин эсебинен оңдолуп - түзөлүп, ал эми мектеп кабинеттери ата-энелердин эсебинен оңдолуусу керек жана эмне үчүн мектеп кабинеттерин катардагы мугалим оңдоп-түзөө иштерин кылуусу керек.   

Эмне үчүн адилеттүүлүктүн символу болгон сот түзүмүнүн өкүлдөрү, тартип сакчылары болгон милициялар үчүн акысыз үйлөр берилет. А эмне үчүн мугалимдер, дарыгерлер үчүн жыл сайын жигердүү эмгеги, көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн деп акысыз үй берилбейт.

Мамлекеттин эсебинен бир топ жеңилдиктер каралган сотторго кайсы эмгеги үчүн жеңилдиктер берилет,  жаш кыздарды зордуктаган зөөкүрлөрдү актап чыгарып жаткан “эмгектери” үчүнбү?

Эмне үчүн бүгүнкү күндө окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын, сабакка болгон ынтызарлыктарын курчута албай жатабыз? Эмне үчүн окуучулар сабактардан качып жатышат? Эмне үчүн кээ бир окуучулар мектепке келгиси келбей жатат? Ушул  суроолор ойго салат. Менимче мугалимдердин иш-чеберчилигине болгон ойлору чачырап жатат окшойт. Себеби, мугалим эртең менен саат 7:45те мектепке кирер замат жеке жашоосундагы көйгөйлөрдү унутуп, өзүнүн адистиги боюнча кантип сабакты өзгөчө ыкмалар менен өтүп, окуучуларды кантип сабакка кызыктырам, канткенде окуучулар жаңы теманы жакшы түшүнөт, канткенде окуучулар жаратман, чыгармачыл, адамдык сапаттарга ээ болот деп ойлонуубуз керек болчу. Бирок иш жүзүндө,  сабак учурунда “Кантип акча табам, кыш келип калды, кимден көмүр алуу үчүн 4000 сом карызга акча сурайм.  Кышкы бут кийим алуум керек эле, батирдин акчасын кантип төлөйм. Ашканадан карызга түштөнсөмбү же үйгө баргыча ачка чыдасамбы”, - деп ойлонуп жатасың. Ушундай көйгөйлөрүң тынчтык бербей жатса,  билим берүүдөгү кайдагы  өнүгүүнү, жетишкендиктерди күтүүгө болот.

Эмне үчүн депутаттар мамкаржылоо менен чет өлкөлөргө жөнөтүлөт, а  эмне үчүн мугалимдер тажрыйба алмашуу максатында жыл сайын чет өлкөлөргө жөнөтүлбөйт.

Мугалимдин пенсияга чыгуу мөөнөтүн кыскартуу керек. Себеби, өмүрүңүн тең жарымынан көбү төрт бөлмө ичинде,  дайыма ызы-чууда иштеп өтүп жатпайбы. Мугалимдер үчүн атайын мугалимдер шаарчасы деп көп кабаттуу үйлөр салынып,  жыл сайын мугалимдерге кезек менен акысыз  берилсин.  Жыл сайын мугалимдердин  саламаттыгы акысыз каралсын.  

Ар бир класстарда окуучулардын саны отуздан ашпасын. Эгерде ар бир класста окуучулардын саны кырктан ашса эки класс катары эсептелип, айлыкка кошумча акча кошулсун. Коомдук маршруттук такси кызматы болгон автобус жана троллейбустарда мугалимдерге акысыз жүрүүгө шарт түзүлсүн. Мугалимдер менен депутаттардын маяналары жана пенсиялары бирдей өлчөмдө болсун. Мугалимдерге мугалим экенин тастыктаган атайын күбөлүк берилсин жана жеңилдиктер каралсын.

Бүгүнкү күндө окуучулардын укугу корголуп жатканы менен  мугалимдердин укугу унутта калып, коом алдында баркы түшүп, тебелендиде калганы өкүндүрүүдө. Ошондуктан,  жаш адистер мектептерге келгилери келбей жатат.

Мектептердеги эң төмөнкү айлык акы 30 миң сомду түзүүсү керек. Эң жогорку айлык акы  80-100 миң сом болсун.

Мунун баары мүмкүн,  баары өзүбүздун колубузда.

 

Жаш мугалим Бийик Рыскулов