Асман шаары ЖОМОК!!! дейт "АЗАТТЫК"!  Асман шаары эле эмес!  Президентибиз да биз үчүн, үч уктасак түшүбүзгө кирбеген керемет ЖОМОК! 

Ооба десең, Президентибиз Садыр Жапаровдун өзү бир эле жыл мурун биздин түшүбүзгө да кирбеген ЖОМОГУБУЗ эмес беле...  ээх эмнесин айтайын... Бир жыл мурун, мээримсиз мелтиреген Ак үйдө деги би-ир тирүү жан бар болду бекен деп зар какшап отурук эле... 

Ким ойлоптур?  Бир жылдан соң, жомоктун артынан жомоктор чындыка айланып, бийлик азыркыдай ЭЛ, МАМЛЕКЕТ үчүн иштеп калат деп...  Быссымылда дегенде эле "Кумтөр" жомок дедик!!! “Кой!”  “Калп!” “Жомок!” дедик...  ЖОМОК чындыка айланып "Кумтөр" 100% мамлекетке өттү... 

“Эски система калат, жегичтерди камай албайт, колунан келбейт! Көрөсүңөр кошулуп алып жейт! Кой! Калп! Жомок!” дедик... 
ЖОМОК чындыка айланып ченебей чактабай чалчаңдап жегендин баары четинен камалып жатат... 

“Бийликти эми Жапаровдор ээлейт, аааий он бир тууган экен өлдүк эле өлдүк, Садыр Жапаров менен оңолобуз дегендин өзү жомок!” дедик.

ЖОМОК  чындыка айланып, Жапаровдун бир да бир тууганы саясат турмак, кызматка отурган жок...

“Ой, Садыр Жапаров президент болгон соң, сыйпалап таппай калабыз! Жапаровдун эл менен болом дегени- Жомок!” дедик...

ЖОМОК чындыкка айланып, кыянатчылар унаасын тоголото сүзүп, кол салганына карабастан, башынан элим деген Президентибиз дале эл аралап эл менен... 

“Бийлик мындан ары эл үчүн иштейт деген бул жомок!” дедик. ЖОМОК чындыкка айланып чын эле бийлик эл үчүн тызылдап иштеп жатат. 

Буга далил: маршурткалар жолго чыкпай койсо, мэрия баш болуп бир да адамды талаада калтырбай, үч күн катары менен бекер тейлеп алды. 

Мурунку жылы бир тоголок дарыга зар болуп бийликке жалдырасак, быйыл: дарылангыла, кичине эле оорусанар келип жаткыла ооруканага, бекер вакцина келди, вакцина алгыла деп азыр  бийлик элге жалдырап отурат... 

Суу каптамак, жер титиремек  түгүл, көз көрүнө бир айылды бүтүндөй бырпыратып учак басып калса да деле бир “былк” этпеген бийлик, азыр суу сүрүп келип, суу кечип, бак сугарып кургакчылыкта эл менен... 

Суу каптап кетсе да мына, безеленип билек түрүп дале эл менен... 

“Мамлекетти каржылайм, тнхникаларды жаңыртам, далай далай долбоорлорду ишке ашырам дейт, ОЙ жомок, ишенбегиле! “ дедик эле.  ЖОМОК чынга айланып, жарым жыл өтпөй, ӨКМ, медицина, мамлекеттик транспорт жаңы техника, унаалар менен камсыз болду... 

“Какшыган казынаны толтурам!”  дегени жомок дедик... 

ЖОМОК чынга айланып ТЕШИК казына бүтөлүп, толуп ташкындабаса да Дефициттен Профицитке чыгып, казынада аз да болсо, кандайдыр бир кепилдик пайда болду...  ООБА...  САДЫР ЖАПАРОВ биз үчүн жомоктогу сыйкырчы болду...  Бул бактыбызга, ырысыбызга, кудайымдын назарына биз ЭЛ дале ишене албай турабыз!!! 

Ооба ПРЕЗИДЕНТИБИЗ биз үчүн ЖОМОК!!!

"Азаттык",  ушуну туура жазып жатасынар!!!  АСМАН деген шаар бул ЖОМОК!!!  БИРОК... Ал жомокту дагы да чындыка айландыруучу  ПРЕЗИДЕНТИБИЗ бар...  Ал - Садыр Жапаров Нургожоевич!