Негизи тескери эл экенбиз. Чындыкка ишенбей, жалганга ишенебиз. Эми "кызыл өңүн саргайтып"- мамлекет башчыларыбыз элге камсыз кылып берген коронавирус илдетине каршы эмдөөнү эл албай жатат.
Анткени, "эмдөөдөн өтсө, эки жылда өлөт экен"-деген фейк маалымат элдин калың катмарына таркап кетүүгө үлгүргөн.
Дүйнөгө "дүрбү салсак": АКШ 55 , Австрия 56, Англия 68, Германия 59 пайыз элин эмдөөдөн өткөрүп үлгүрдү.
Кудайга биз сыяктуу эле кулдук урган Бириккен Араб Эмираттары 77, Сауд Арабиясы 52 пайыз калкын эмдеди.
Бир гана кайран кыргыз тескери кетип, өзүнүн да, элдин да өмүрүн коркунучка салып эмдөөдөн баш тартып натыйжада ондогон адамдар илдеттин айынан өмүр менен коштошууда.
Дарыгерлер коллективдүү иммунитет болмоюн, коронавирус илдетин ооздуктоо мүмкүн эмес экенин эскертүүдө.
Андыктан, жалган маалыматтардын курмандыгы болбой эмдөөдөн өтүңүздөр!
Бакай Абдымалик