"2021-жылдын июнь айында очок аймактарында ишке тартылган медициналык кызматкерлерге 166 млн 469 миң 44 сом өлчөмүндө компенсация бөлүнгөн”, - деди MМК Фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева.
Анын айтымында, жалпы 10 миң 812 медициналык кызматкерлер тартылган, алардын ичинде врачтар, орто, кенже жана башка кызматкерлер бар.
Аймактар боюнча алганда: — Бишкекте дарыгерлерге компенсациялык төлөмдөр үчүн 93 миллион 189 миң сом бөлүнгөн; — Чүй облусу — 22 миллион 609 миң сом; — Ош облусу — 24 миллион 803 миң сом; — Баткен облусу — 4 миллион 43 миң сом; — Жалал-Абад облусу — 8 миллион 112 миң сом; — Ысык-Көл облусу — 8 миллион 291 миң сом; — Нарын облусу — 3 миллион 376 миң сом; — Талас облусу — 2 миллион 43 миң сом.