5-чакырылыштын дүжүр жепжутаттары “Асылбек Жээнбеков жөн гана модератор болгон, спикерлик милдетин эле аткарган, анда күнөө жок”, - деп Исхак Масалиев, Элмира Иманкожоева сыяктуу жепжутаттар сүйлөп чыгышты.
Накта ошол Асылбек Жээнбеков 2012-жылы Кумтөрдүн канадалыктарда калышына 100% күнөөлүү. Ошол мезгилдеги парламенттин тармактык комиттетеринин төрагалары Искак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбековдорду кабинетине топтоп алып, колу-буттарын тушап, Садыр Жапаровдун токтомуна каршы канадалыктардын пайдасына башка токтом даярдатып, ошол үч комитеттин токтомун өткөрүп кеткен. Бул кыргыз элине чыккынчылык кылганга барабар. Албетте, “куру аякка бата жүрбөйт”, чоң суммаларды алышкан. Көпчүлүк депутаттар да куру калышкан эмес. Асты миллиондогон долларларды туйтунушса, арты жүз миңдеген долларларды алышкан. Жыйынтыгында болсо, жалпыга белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө чейин Кумтөрдү Канада иштетип келген. Ушул тогуз жыл аралыгында Кыргызстан 9 миллиард доллардан кол жууду. Алтын кен эми гана өзүбүзгө иштей баштады. Буюрса, Кытайдын карызынан эки-үч жылда кутулабыз.
Андыктан, Асылбек Жээнбековду “күнөөсү жок”, “элдин уулу” деген жөө жомогуңарды токтоткула!
Тергөө жашыруун болгондуктан, дагы башка фигуранттардын былыктарын ачыка чыгара албайбыз. Кээ бир фигуранттарды дубалга такап туруп атып салсаң аздык кылат. Тообо дейли.