Кыргыз спортсмендеринин Токиодо өтчү Олимпиадага кийип барчу кийими "Дилбар" тигүү борборунда тигилген. Анын сүрөтү коомчулукка чыккандан кийин эр жигиттерге гүл түшүрүлгөн чапан кийгизгенине нааразы болгондор көбөйдү. Болгондо да ар бир чапан 96 миң сомго тигилген экен. Экономист Сейдалы Мырзакматов бул боюнча пикирин билдирди:
- Олимпиада албетте, чоң иш чара. Ага катышуу бул чоң сыймык. Спортсмендердин чоң мээнети, кызылдай эмгеги. Ошол эле учурда олимпиада бул кино, фольклордук фестиваль эмес, кароо, сынак эмес. Сулуулук конкурсу, телесынак, улуттук кийимдерди көрсөтүүчү жер да эмес. Улуттук командалар салтанаттуу параддан өтүшөт. Чындап келсек, кимдир бирөөбүз, башка командалардын кийимине кызыгабызбы. Бир көрүп унутуп коебуз же таптакыр көңүл бурбайбыз. Биз үчүн, дегеле дүйнө спорт күйөрмандары үчүн башка нерсе маанилүү. Кайсы өлкө канча спортчулары менен катыша алды, канча байгелерди утту. Кеп алардын канчага тигилгенинде да эмес. Мындай акчаларды бир эле орто звенодогу чиновник эле жеп коет.
Кеп башкада.
КРда кандай гана иш чара болбосун, не тендер, не мамзаказ, не шайлоо, не башка мамлекеттик иш чаралар, юбилейлер, майрамдарды уюштургандар акылга сыйбаган чыгымдарды жасап келишет. Көчмөндөр оюндарында, туалет мынчага жасалыптыр, Бишкекте музейге жыгач аттарды мынчага сатып алышыптыр дегендерди унутуп калдыкпы. Жөнөкөй иштен да, ыйык иштен да, адамдардын трагедиясынан да акча жасап көнүп, бүтүп калыптыр бюджет эсебинен акча короткон адамдар тобу.
Былтыр эле пандемияда эмне кылышты. Ошондо да акча жасап өлүп бараткандар болду. Жол салса деле, ТЭЦ курса деле, ой эмне болуп баратышат. Таптакыр эле акча көздөрүнө көрүнүп калдыбы. Бул жерде албетте арзыбаган эле акча. Башка өлкөлөрдөй жүздөп кетип жатышкан жок командабыз. Саналуу адамдар.
Маселе принципте. Анан да классикалык үлгүнү тандашса болмок. Мейли эми, оригиналдуу бололу деген деле жаман ниет эмес. Болгону, башталат баары майдадан дегенди да эстей жүрүш керек. Ар дайым айтылып, жазылып келет. Кыргыз спортуна каражат жетишпейт деп. Ушул бир кийип калып кете турган форма ордуна ошол эле олимпиадага кетип бара жаткан спортчуларга стипендия же сыйлык түрүндө берип коюшса, бул туура чечим болмок.