Акыркы учурда бирөөнү мазактоо, ар намысына шек келтирүү кыргыз коомчулугуна тийиштүү көрүнүш болуп калды. Аралыктан туруп, жүзүн-өңүн жашырып, каалаган тарапка негизсиз сын-пикирди айта берсе, жазасыз калаарына ишенип алышкан. Мына ушул үчүн да фейктерге жазаны катаалдатуу мыйзам долбоору сунушталган. Бирок маселени түпкүрүнө жетип түшүнө билбегендер "сөз эркиндигине кол салынып жатат" деген ызы-чуу чыгарышкан.
Мына ушул көрүнүштөрдүн бири катары журналист Өткүрбек Рахмановго соцтармактарда асылуулардын пайда болушун айтсак болот. Негизсиз каралоо кайсы адамдын максаты экени белгисиз. Бирок өз кесиптик ишин мыкты билген, өлкөнүн кайсы жериндеги жаны ооруса, ошол жерге токтоосуз жетип барып, акыбалды жалпы журчулукка чагылдырып берип келген журналистке асылуу көрөңгөсү бөксөлөргө гана таандык экени талашсыз.
Өткүрбек Рахманов жаш журналист. Жаштыгына карабай, бир чон телеканалдын директорлугун колго алып, сөз эркиндигинин туура нукта өнүгүүсүнө салымын кошуп жатат. Мындай дарамети, акыл - билими менен баралына келгенде кыргыз өлкөсүн өргө сүйрөгөндөрдүн катарына кошулат деп үмүттөнсөк болот. Анан өсүп келаткан көчөттүн бутагын кыйууга жанталашпай, барктап-баалап алсак болот эле. Идиректүү жаштар - өлкөнүн эртеңки келечеги экенин унутпасак.