Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 2021-жылдын 15-июлунда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек-Москва жаңы каттамын салтанаттуу түрдө тосуп алды. Москвадан Д.Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келишти. Бул тууралуу "Манас" эл аралык абамайданынан билдиришти.

Адаттагыдай учакты «триумф аркасы» – суу аркасы менен тосуп алышты. 

«Аэрофлот – россиялык аба жолдору» ААК өкүлү Валерий Серых: «Биз бул Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын 3 жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам  жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы»,-деди.

«Ысык-Көл» аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл областынын жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Бул каттамдын ачылуусу тууралуу көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Эки тараптын бирдиктүү аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июл айына белгиленген», – деди ал.