Учурда шайлоо мыйзамдары талкууда. Документ Жогорку Кеңештин кароосуна келип түштү. Жакынды күндѳрү депутаттардын талкуусунан алынып чыгылат.
Шайлоо мыйзамдарынын жаңы долбоору кабыл алынса, ага ылайык, депутаттардын саны 90 болуп, алардын 55и партиялык тизме, 35и бир мандаттуу округдардан шайланып келишет. Бир мандаттуу округдан талапкер ѳзүн ѳзү кѳрсѳтѳт, ошондой эле партия дагы ѳзүнүн талапкерин кѳрсѳтѳ алат. Ѳзүн ѳзү кѳрсѳткѳн талапкерлер күрѳѳ акча катары 100 миң сом бериши керек болсо, партиялар 1 млн. сом берүүлѳрү зарыл. Ѳзүн ѳзү кѳрсѳткѳн талапкерлер шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ 10 млн. сомдон ашык каражат сарптай албайт.
Бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлер ѳз округунда эң кѳп добушту алуу менен жеңишке жетишсе, партиялар 3 пайыздык босоголук чекти ѳтүшү керек. Ѳзүн кѳрсѳткѳн талапкерлер 3 %дан кѳп добуш алганда, партиялар добуштардын 5 %дан кѳбүн алганда күрѳѳ акчаларын кайтарып ала алышат.