Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 1452

Бу сапар ар тараптуу таланттуу, теледе да, интернетте да өз ордун тапкан, актрисалык кесиптин да ажарын ачкан Назира Айтбекова менен баарлаштык.

- Назира, ажырашканы баштагыдан да сулуу, сүйкүмдүү болуп баратасыз.  Өзүңүздөн убакыт аябай калдыңызбы?

- Ажырашкандан кийин бирөө үчүн жашабай, өзүң үчүн жашап калат экенсиң. Баардык көңүл өзүңдө болуп калат тура. Көрсө, мен өзүм менен тааныша элек экенмин. Баардык көңүл, маани мен тарапка бурулуп калды. Балким сулуу болуп, ажарым ачылып жатканы ошондондур.

- Ар тараптуу талантсыз, өзүңүздү кайдан көргүңүз келет? Кайсыл тармак жүрөгүңүзгө жакын?

- “Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат”- дегендей эле. Бир жакты тандаш кыйын экен. Азыр кино кызыктырып атат. Ар кандай эмоцияны чагылдыруу, башкача ролдорду көрүү, түрдүү образ кийүү процесси жан дүйнөмдү бийлеп турат дейин десем, бирөөнүн жан дүйнөсүн чыгарып, бир адамдын ааламын ачыш да абдан кызык мага. Байкасам, камерасы жок деле кандай адам болбосун интервью ала берет экенмин. Анан акыркы убакта эң эле сүйгөн хоббим жазмакерлик болуп баратат. Эл суранган, суусаган сайын демим ачылып, жазгым келет. Тандоо мүмкүн эмес. Үчөөнүн тең өз орду бар экен.

- Айланаңызда купулуңузга толгон жигиттер барбы?

- Купулума толгон жигиттер көп. Бирок, эркек катары эмес, адам катары жагышат. Ар бир эркектин артында өзгөчө бир жандүйнө жатат. Мен мурун эмнегедир байкачу эмес экенмин. Жалаң мырзалар менен дос болгонум менен ал нерсе көрүнчү эмес окшойт. Азыр адамдарды жынысына карата бөлбөй калдым. Кандай гана жыныста, улутта, куракта болбосун ар бири бир чоң дүйнө. Жаралуулары, бактылуулары, али бала бойдон калганы, акылманы, түрдүүсү бар. Ар бирин кабыл алып, кемчилиги менен жактырганды үйрөнүп атам.

- Бала тарбиялоодо кыйналган жоксузбу?

- “Кыйын болуп атат” десем да, “ой, оңой эле” десем да калп айткан болуп калам. Бала тарбиялоо түйшүгү да, жыргалы да бар процесс экен. Азыр тарбиялабай калдым баламды. Өзүмдү көбүрөөк тарбиялап атат окшойм. Ал менин күзгүм экенин түшүндүм. Мен тартиптүү болсом, менде адамгерчилик ойгонсо эле балам мендей болуп өзгөргөнү турат.

- Эриккенде эмне кыласыз?

- Көзүмдү жумуп алып, ой жолотпой жөн эле жатам. Ойдон мээм казан болуп кетет кээде. Чарчайм кадимкидей. Кыялданам. Кыялданганды унутуп калыптырмын. Аудио китепти коюп алып үй жыйнайм. Үйдүн тазалыгы кадимкидей жыргал сезим тартуулайт. Балам экөөбүз бат эле башыбызга кийип алат экенбиз үйдү. Анан экөөлөп кайра жыйнайбыз. Эрикпейм деле. Өз дүйнөмдө кайнап жүрө берем.

- Өткөн кеткен күндөрүңүзгө өкүнбөйсүзбү?

- Өкүнгөн негизи туура эмес дешет. Буга чейин өкүнчү эч нерсем жок дечүмүн. Анткени, көрүнчү эмес. Азыр көп нерсе так, даана көрүнө баштады. Чоңоюп атат окшойм, кыязы. Менин бала мүнөзүм, ак көңүлдүүлүгүм, жумшактыгым, өз каалоомду биринчи кое албаганым, бирөөнү аяй бергеним көп эле өкүнүчтү жаратыптыр. Азыр өз каалоомду биринчи койгонду, өз оюмду так, даана билдиргенди үйрөнүп атам. Бирөөнүн көңүлүн эске алып, өзүңдү артка жылдырып койгон туура эмес экен. Ал нерсе бааланбайт жана өзүңө терс таасир берээрин түшүнүп атам.

- “Балам, биздин да бактылуу болууга акыбыз бар”- деп жазыпсыз. Турмушка чыкканы жатасызбы?

- Азыр андай нерсе оюмда жок. Сөзсүз эле турмуш куруп бактылуу болот деген түшүнүктө жашабаш керек. Бактылуу болуунун көп жолу бар. Мурун бош эмес кезде көп нерседен баш тартканга туура келген. Азыр мүмкүнчүлүктөрдү кое бергим келбейт. Мага жаккан, мен каалаган максаттар келсе, макул дегим келип турат.

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №15 (448), 15-май 2020-ж.

 

Тема: