Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 647

Бийчи Атай Өмүрзаков Инстаграм баракчасына биринчи жолу сынакка катышканда бийлеген алгачкы бийинин видеосун жарыялады.

Сынак 2005-жылы Каракол шаарында өткөн.

Өмүрзаковдун айтымында, бул сынактан кийин ал бийчи болууну чечкен.

( Видео )  https://www.instagram.com/atai.omurzakov/?utm_source=ig_embed

2010-жылы ал Россиянын «Минута славы» шоусуна катышып, андан кийин Европада өткөн бир нече таланттар сынактарына катышкан. Ал эми 2011-жылы «Чехия жана Словакия таланттарды издейт» («Чехия и Словакия ищет таланты») аталышындагы белгилүү программада жеңишке жетип, башкы байге — 100 000 евро алган.

2012-жылы уткан акчасына Кыргызстанда кеңири масштабдагы эл аралык «Мен бийчимин» («Я танцор») фестивалын өткөргөн.

Өмүрзаков бир нече бий топторун тарбиялады. Анын жетекчилиги астында алар дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болууда.

Атайдын жана анын шакирттеринин аткаруусундагы видеотасмалар YouTube сайтында миллиондогон көрүүлөргө ээ.

Булак: Баракелде