Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 1342

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. 

Бул ирет да анын жазган посту кызуу талкууну пайда кылды.

“Күйөөгө тийип жаткан экенмин түшүмдө бүгүн түндө. Бетин такыр эле көрө албадым! Караса эле ойгонуп кеттим. Ошондо өңүмдө кандай болот?,- деп тамашалуу пост бөлүштү алып баруучу.

Анын бул жазгандарына 20 миңден ашуун адам жактыруу белгисин басып, кызуу талкуулашууда.

Эскерте кетсек, Айзада Жамгырчиева Коомдук биринчи каналда "Хит-парад", "Үй-бүлөлүк лото" берүүсүн, НТС телеканалында "Не жаңылык?" программасын алып барган. Журналист, алып баруучулуктан тышкары, ырчылык өнөрдү аркалоого бел байлап жаткан учуру.

 

Булак: "Заман Кыргызстан"

Тема: