Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 1167

Жаңырык

Бүгүнкү күндө белгилүү “Виа Гра” россиялык тобунун курамында ырчылар Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульяна Синецкая бар.

8-февралда боло турган концерт тууралуу социалдык тармактарга чыккан маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган топтун пиар өкүлү Дарья Дубова тастыктады. Концерт борбор калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде өтөт.

“8-февралда эстрадалык топ Бишкекке барары тууралуу маалыматты тастыктайбыз”,- деди Дубова.

Ал ырчылардын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү же күйөрмөндар менен жолугушуусу боюнча маселе каралып жатканын да кошумчалады.

Аталган популярдуу топ 2000-жылы түзүлгөн. Андан бери курамы бир нече ирет өзгөргөн. Бул убакыт аралыгында музыка сүйүүчүлөрүнө ондогон ыр арналып, отуздан ашуун клип тартылган. Долбоордун башкы продюсери - Константин Меладзе.

Булак: Майдан.kg” гезити

Тема: