Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 2561

14-ноябрда Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында “Мисс Кыргызстан – 2018” расмий сулуулук сынагы өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык “Miss World” сынагынын уюштуруучулары жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өтүп жатат.

 

Биз аталган сынакка катышып жаткан айрым ай-чырай кыздарыбызды кепке тарттык.

 

- Алгач биздин окурмандар үчүн өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

 

- Мен Ивакова Бегимай, Бишкек шаарында төрөлгөм, ата-энем Ысык-Көл облусунан болушат. Шаардагы №70-гимназия мектебин аяктаган соң, Кыргыз-Орус Славян университетинен пиар адиси боюнча билим алгам. Учурда 22 жаштамын.

 

- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

 

- Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки иним бар, улуусу 3 жашта, кичүүсү жаңы төрөлдү.

 

 

- Буга чейин сулуулук сынактарына катышып көрдүңүз беле?

 

- Ооба, өзүм окуган университетте өткөн “Мисс КРСУ 2016” сынагына катышкам. Аталган сынакта вице-мисс титулун жеңип алгам.

 

- Жеңишке жетээриңизге канчалык ишенип турасыз?

 

- Албетте, бул сынакка катышып жаткан ар бир кыз жеңишке жетүүнү самап турат. Алардын катарында мен деле жеңишке жетсем деген жакшы ниетим бар. Ар күнү жатаарда “жеңишке жетсем экен”- деп тилек кылып жатам.

 

- Буга чейин өтүп келген сулуулук сынактары ар дайым чыр менен коштолорун билсеңиз керек. Ага сиздин көз карашыңыз кандай?

 

- Интернеттен кабарым бар, сынактын уюштуруучулары кыздардан акча алаары тууралуу угуп жүрөм. Ал эми мен катышып жаткан сынак расмий болгондуктан, бизден эч ким акча сураган жок. Тескерисинче уюштуруучулар бизге суусундуктарды акысыз берип жатышат.

 

“Мисс КРСУ – 2016” сынагына катышканымда деле бизден эч ким акча алган эмес. Демөөрчүлөр көп болуп, сынагыбыз жогорку деңгээлде өткөн.

 

 

- Ата-энеңиз сиздин чечимиңизди кандай кабыл алышты?

 

- Буга чейин өткөн сынактарга катышайын десем ата-энем каршы болушчу. Мунусу расмий түрдө өтүп жаткандыктан алар макулдугун беришти.

 

- Буга чейин шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып көрдүңүз беле?

 

- Ооба, Замир Арыкбаевдин клибине тартылгам. Нурмат Садыровдун дагы бир клибине тартылдым, клип жакында элге жарыяланат. Андан сырткары дагы айрым ырчылардын клибине тартылгам. Андан сырткары “Тамашоуда” УКГ №5 деген команданын курамында ойноп калдым.

 

Булак: “Майдан.kg”

Тема: