Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 1743

 14-ноябрда Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында “Мисс Кыргызстан – 2018” расмий сулуулук сынагы өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык “Miss World” сынагынын уюштуруучулары жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өтүп жатат.

 

Биз аталган сынакка катышып жаткан айрым ай-чырай кыздарыбызды кепке тарттык.

 

- Элмара, алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

 

- 21 жаштамын. Жалал-Абад шаарында төрөлгөм, 8 бир туугандын эң улуусумун. Бул сынакка келгенимдин себеби, жаштыгымдан ушундай сынактарга катышуу арзуум бар болчу. Сынак расмий түрдө өтөрүн укканда дароо эле өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Менин максатым биринчи орунду алуу, бирок баары буйруктан деп коёт эмеспи, Кудайым насип кылган болсо биринчи орунду алам.

 

 

- Учурда кайсыл жерде окуйсуз?

 

- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетинин 3-курсунда билим алуудамын. Бул менин экинчи жогорку билимим, Жалал-Абадда медициналык колледждин акушер-гинеколог факультетин аяктагам.

 

- Эмне үчүн медициналык колледжди бүтүп, орус филологиясына тапшыргансыз. Булар бири-бирине такыр дал келбеген кесиптер го?

 

- Мага бул суроону көп беришет. Бала кезимден эле дарыгер болууну каалайт элем, жаш балдарды дарылоо мага абдан жакчу. Колледжде окуп жатканда теориялык жактан баары мага жагып жаткан, практикага барып, төрөттөргө катышканда бул чөйрө мага туура келбей тургандыгын түшүндүм. Дарыгерлер өтө жоопкерчиликтүү болуп, адам өмүрү менен күрөшөт. Мен бул тармакта иштей албай тургандыгымды түшүнүп, экинчи билимимди башка кесипке алмаштыргам. Менин тай энем өмүр бою мугалим болуп иштегендиктен, мен дагы мугалим болууну чечтим.

 

- Сулуулук сынагына катышаарыңызды укканда ата-энеңиз кандай кабыл алышты?

 

- Мен буга чейин да сулуулук сынагына катышкам. Ата-энем менин ар бир чечимимди колдоп, мага моралдык колдоо көрсөтүшөт. Атам мен кичинекей кезимден “ушул кызымды мисс кылам, кызым модель болот”,- деп көп айтчу. Апам дагы ар дайым мени колдоп, мага колунан келишинче жардам берет.

 

Атам “бул сынакка катышуу үчүн өзүңдү моралдык жактан даярда, жеңишке да, жеңилүүгө да даяр бол. Эгер, жеңишке жетпей калсаң моралдык жактан кыйналбайм десең катыша бер”,- деп кеңеш берди.

 

- Буга чейин да сулуулук сынагына катышканмын дедиңиз. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз?

 

- “Мисс Жалал-Абад – 2016” сынагына катышып, биринчи орунду багынтканмын. Ал сынактын алдында бизге көп нерсени убада кылышкан болчу, бирок алардын бирин да аткарышкан жок. Ошондон улам кийин башка бир да сынакка катышкан жокмун. Ошол сынакты утканда мага “Мисс Кыргызстан” сынагына катышууга жолдомо беришкен. Бирок, облустук деңгээлдеги сынактын уюштуруучулары ушундай кылып жаткан соң, Бишкекте сынак адилеттүү өтпөйт деп катышпай койгом.

 

- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

 

- Бош убактымда иштейт элем, конкурска жакын жумуштан чыгып, азыр баш отум менен сынакка даярданып жатам. Кээде китеп окуп турам, туугандарым менен убакыт өткөргөн жагат.

 

Булак: “Майдан.kg”

Тема: