Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 700

“Ак бата фильм” кинокомпаниясынын жетекчиси Өмүрзак Төлөбеков бир топ убакыттан бери бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын теле каналын ачууга аркеттенип келсе, эми азыркы шартка ылайык интернет каналды негиздеп отурат 

 

“Ак Бата” кинокомпаниясынын оператору Кайрат Аттокур уулу менен маек

 

- Кайрат мырза, сиз “Президент жана бомж-3” тасмасына катышып жүргөнүңүздү кино тартуу аянтчасынан көргөнүбүз бар...

 

- “Президент жана бомж-3” тасмасында президенттин жансакчысынын ролун жараткам. Ал кыска эле эпизод. Бирок, киного кызыккандыгымдан улам тасма тартуу аянтчасынан алыстабай, продюсерге, техникалык топко, операторго жардамдашып жүрдүм. Өзгөчө кино элге тартууланганда көптөгөн тааныштарым “Ой, сен кино актёр болуп кеткенсиң го” дешкенде тасма жаатына кызыгуум ого бетер күчөдү.

 

- Азыр эми кино жаатында эмне жумуш аткарып жатасыңар?

 

- “Ак бата фильм” кинокомпаниясы саясий, маданий, ар кандай темадагы турмуштук курч, кызыктуу кыска метраждуу тасмаларды, видео роликтерди даярдап, “Ак бата” каналын ачканы турат. Ушул тасмаларга киришип жаткан убагыбыз. Анан чет өлкөлөргө кино тартууга чыкканы жатабыз.

 

- “Карахан таажысы” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларына эпизоддор чет өлкөлөрдөн тартылаары жарыяланган.

 

- Ооба. Андан тышкары чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин турмушу, деги эле чет мамлекеттердин элдеринин жашоолору тууралуу кызыктуу материалдарды тартып, “Ак бата” каналынан чыгарууну максат кылганбыз. “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төнкөрүш” тасмалары менен таанылган белгилүү сценарист жана продюсер, “Ак бата фильм” кинокомпаниясынын жетекчиси Өмүрзак Төлөбеков бир топ убакыттан бери бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын теле каналын ачууга аркеттенип келсе, эми азыркы шартка ылайык интернет каналды негиздеп отурат. Биз мындай элге керектүү жакшы саамалыкка үлүш кошуп жатканыбызга ыраазыбыз.

 

- Кайсы чет мамлекеттерде тасма тартуу болжолдонууда?

 

- “Ак бата фильм” Астана, Москва, Стамбул, Анкара, Прага, Берлин, Париж, Брюссель, Дубай, Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго шаарларына барып кино тасмаларды тартып, ал шаарлардагы мекендештерибиздин турмушун такай чагылдырып туруу мүмкүнчүлүгүн түзмөкчү. Биз алардын баарына болбосо да айрымдарына катышмакчыбыз.

 

Маектешкен Гүлбара Сатыбалдиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: