Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 554

Кино кыйырында... 

 

“Ак бата фильм” кинокомпаниясынын администратору жана гримёру Айтбүбү Абдиева менен маек

 

- Айтбүбү айым, “Президент жана бомж-1-2-3”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” өңдүү популярдуу кино тасмаларын тарткан кадыр-барктуу кинокампанияга кандайча кызматка кирдиңиз?

 

- Ооба, биз үй-бүлөбүз менен “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж-2” тасмаларын көп жылдардан бери зор кызыгуу менен көрүп келатабыз. Ал эми быйыл март айында чыккан “Миллионердин сүйүүсүн” кайра-кайра көрүп тажабай улам кызыгуубуз артууда. Андыктан анын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков менен социалдык түйүндөр аркылуу байланышып, жакшы пикирибизди билдирип турдук. Ошентип “Ак бата” кинокомпаниясынын жетекчиси менен чыгармачылык тыгыз байланыш түзүүгө жетиштик. Мен болсо Кыргыз -Өзбек Университетинин чет тилдер факультетинин 2-курсун бүтүрүп, сырттан окууга которулгам. Өзүм кичине кезимден киного абдан кызыкчумун.Ошондуктан агаларым аркылуу Өмүрзак байкеге чыгармачылык ынтызарлыгымды билдирсем ал киши жакында чет өлкөлөргө чыгышаарынан улам чет тилди анча-мынча билгенимди эске алып, кино топто гримдөөчү жана уюштуруучу (администратор) болуп үйрөнүп кызмат кылууну тапшырды.

 

- Азыр кайсы фильмди тартууга катышып жатасыз?

 

- Кино тартуунун алдында даярдык көрүүчү мезгил болот экен. Биз азыр “Карахан таажасы” көркөм тасмасына даярдык жумуштарын жыйынтыктап жатабыз. Ошондой эле, кыска метраждуу жана даректүү тасмаларды тартуудабыз.

 

- “Ак бата фильм” бир катар белгилүү көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларын тартканынан кабардарбыз. Ал эми кыска метраждуу тасмалар тууралуу укпаптырбыз.

 

- “Ак бата фильм” интернетте, ютубда “Ак бата” каналын ачууга даярданып, бир катар кыска метраждуу жана даректүү фильмдерди, видео роликтерди тартууга киришти.

 

- “Карахан таажысы” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларынын эпизоддору көптөгөн чет өлкөлөрдө тартылганы жатканынан кабарыбыз бар. Жакында чет мамлекеттерге чыгармачыл сапарларга чыкканы турсаңыздар керек.

 

- Ооба, Кудай буйруса, жакын арада Европа, Америка мамлекеттеринде кино фильмдерге бир катар кызыктуу эпизоддорду тартып келүүгө даярданып жаткан чагыбыз.

 

- Айтбүбү айым, жаш экениңизге карабай жооптуу жүктү аркалап баштаган экенсиз. Аалам аралап чоң ийгиликтерге жетишишиңиздерге тилектешпиз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: