Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 523

Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек 

 

- Өмүке, “Президент жана бомж-3” тасмасын тартып аяктап калдыңыз окшойт?

 

- Буйруса, 90 пайызын тартып бүттүк. Эми Москва, Анкара, Вашингтондогу кыска эпизоддору калды.

 

- “Президент жана бомж-12” тасмалары элге кеңири белгилүү. 3-сүндө эмне болот? Кандай курч саясий окуяларга күбө болобуз?

 

- Эл тарабынан шайланган жаңы президент элдин турмушун жакшыртып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө кызуу аракетти баштайт. “Мамлекеттин, элдин байлыгын жебейм жана жегизбейм!” деп коррупция менен катуу күрөш баштайт.

 

- Кудум эле биздин турмуштагы жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбенковду эске салып атат го. “Президент жана бомж-3” С.Жээнбеков тууралуубу?

 

- Бул сценарий мындан эки жыл мурда жазылган. Айрым эпизоддор жаңы кошулду. “Президент  жана бомж” чыкканда менден көптөр сурашкан: “Сиздин тасмадагы президент Акаевби, Бакиевби?” дешип. “Жалпылаштырылган көркөм образ” деп жооп берчүмүн. Эми деле жаңы президент адабий каарман. Бирок, биздин турмуштагы жаңы шайланган президентибизге окшоштуктары бар.

 

- Сиздин тасмадагы президент коррупцияны жеңеби?

 

- Коррупцияны заматта жеңип, адилет заман орнотуп коюу өтө татаал жумуш. Тескерисинче, чырмалышкан коррупциялык чоң топ президентти жок кылууга аракет жасайт.

 

- Этегинде ким жеңет?

 

- Чындык жеңет.

 

- Сиздин оюңузча Жээнбеков да жеңеби?

 

- Сокени мен көптөн бери жакшы билем. Убпгында жакын мамиледе жүргөнбүз. “Акыреттик доспуз” дечү. Сооронбай Шарипович абдан адамгерчиликтүү, маданияттуу, билимдүү инсан. Болгону бир аз бошураак, катуу күрөшкө жарамсызбы деп шектенчүмүн. Жок. Жакындагы чечкиндүү кадамдары ал шектенүүлөрдү жокко чыгарып жатат. Кинодогудай эле, турмуштагы мамлекет башчыбызга элибиздин кызыкчылыгы үчүн чон жеңиштерди каалайт элем.

 

- Сиздин тасмаларыңыз буга дейре бийликке оппозициялык маанайда тартылчу эле. Эми бийликке жүгүнуп жаткан жоксузбу?

 

- Жаңы келген бийликке эле каршы чыга берген туура болбойт го. Убакыт берип, жасаган ишине сын көз менен карайлы. Аяк алышы зор үмүттөрдү жаратты. Түз жолдон тайыса анан сындайбыз, кадимки оппозиция абалга өтөбүз да.

 

- “Президент  жана бомж-3” саясий тасма болобу?

 

- Саясат аз. Тескерисинче, жаштардын сүйүусү жана кайгысы, турмуштук курч эпизоддор басымдуулук кылат.

 

    

 

Азамат Газиев

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: