Эл ичинде уу-дуу жарата турган мыкты тасма жаралууда... 

 

18-күнү Бишкекте спорт сарайында “Президент жана бомж-3” тасмасынын президент эл менен жолуккан эпизоду тартылды.

 

Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков, режиссёру Кубат Шамшиев, оператору Азиз Шайлообаев, аткаруучу продюсерлери Нургазы Анаркулов, Самаган Орозалиев, картина директору Өскөн Абдукаримов, администратору Күмүш Назарова, ал эми президенттин ролунда Аскат Сулайманов, премьер-министрди Тимур Маматкулов, спикерди Эркин Жолдошалиев, Жогорку сот төрагасын Санжар Энназаров, экс-президентти Марат Алышпаев, экс-премьерди Шаршеен Шейшеев, Москвадагы мигрантты Эшенкул Барпиев, күйөөсү Америкадагы келинди Айназик Сатимбаева ойнойт.

 

Спорт сарайында белгилүү ырчылар Абидин Темиров, Роза Шакирова, Кенже Көбөкова, Гүланда, Азиза Адиева, Фарида Карбозова, Курал Чокоев, Айгүл Чалова, жаңы чыгып аткан ырчы Айнура Кызаева Рысбай Абдыкадыровдун “Сагындым туулган жер сени” деген белгилүү ырын хор менен ырдашты. Бул ыр кинонун башкы ыры болмокчу.

 

“Президент жана бомж-3” Бишкекте, Жалалабадда жана Анкарада, Москвада, Вашингтондо тартылмакчы.

 

“Президент жана бомждун” жаратуучуларынын жаңы тасмасы “Миллионердин сүйүүсү” интернетке коюлуп, 4 күндө жарым миллиондон ашык адам көрүп, чоң уу-дуу жаратты.

      

 

Булак: “Майдан.kg” гезити