Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 1321

Кино жазуучу жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек 

 

- Өмүке, “Президент жана бомж-3кө” 1-2-бөлүмдөрү чыккандан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайрылып аткандыгыңыздын себеби эмнеде?

 

- “Президент жана бомж” 2012-жылы чыккан. Анын сценарийин жазып, тартып бүткөндө уландысы тууралуу ойлонгон да эмесмин. Кино дуу болуп, эл абдан кызыгып көрдү. “Президент кетти, эми ким президент болот?” деп сурап жатышты. Анан калса популярдуу кинолорду улантуу дүйнөлүк кино практикада кеңири тараган көрүнүш. Андыктан 2-син жазып, тарттык. Анда Азат Жакыпов президент болуп шайланмак. Бирок, окуянын жүрүшү анын уулун каршылаштары залогго алышып, ал саясий күрөштөн баш тартпадыбы. Эл дагы сурай баштады: “Кимиси президент болот? 3-сү чыгабы?” деп. Демек, эл күтүп атат, уландысын талаптап атат. Анан “Президент жана бомж-3тү” жаздым. Кудайым буйруса, эми тарта баштадык.

 

           

- “Президент жана бомж-1-2” элдин көпчүлүгү сүйгөн чыныгы элдик тасмага айланды. Эми уландысын кызыгуу менен күтүп атышат. Ким президент болот, эмне окуялар болот – кыскача айтып бербейсизби.

 

- Президент Омор Чөкөев болот. Премьер-министр Азат Жакыпов, спикер Төрөбеков эл менен жолугушат. Эл ар кандай курч суроолорду берген эпизод буйруса, 18-мартта Бишкекте спорт сарайында тартылат.

 

- Концерт да берилери уу-дуу болуп жатат го.

 

- Мага ким жолукса да: “Мени да киного тартып койчу. Чоң роль аткара албасам да популярдуу кинодо бир көрүнүп калайын” дейт. Мына ушундай шарт түзүлдү. Залдын ар жеринен туруп суроо беришет. Эки камера менен бардык элди тартабыз. Жарым саат кино тартабыз. Анча эл келгенден кийин кыргыздын жылдыз ырчыларын, куудулдарды чакырып, чоң концерт беребиз. Кино жылдыздардын “Кыргызстаным” ырын жабылып ырдоосу менен бүтөт.

 

- Мындай практика азырынча кыргыз киносунда боло элек окшойт.

 

- Болбосо болот да. Биерде кино да тартылат, концерт да болот. Келген киши киного түшүп, жакшы ыр-күү угуп, эс алып кетет. Ал эми түшкөн каражат кино тартууга көмөкчү болмокчу.

 

- “Президент жана бомж-2” 2013-жылы чыкты эле. Эмнеге беш жылдан кийин 3-сүнө кайрылып атасыз?

 

- “Президент жана бомж” элге кеңири тарады. 2-си да Кудайга шүгур, жакшы бааланды. 3-сү да ылдый деңгээлде болбошу керек. 3-4 жылдан бери жазып жүрдүм. Эми купулга толгондо гана тартууга белсендим.

 

- Демек, деңгээли мурдагылардан ылдый болбосуна ишене берсек болот экен да?

 

- “Президент жана бомж” кутуу чыгып, 2-синде жүрөксүгөнбүз, “ылдый болуп уятка калбайлы” деп. Кудайга шүгур, “Президент жана бомж-2” өзүнчө кызыктуу кино болду. Эми буйруса, 3-сү дагы башка деңгээлдеги кино болот.

 

- 3-4 жыл бою изденип жазсаңыз арийне, жаңы сюрприздерди күтөбүз. Кыскача окуясын айткыңыз келбей атат окшойт.

 

- Жаңы президент шайланганда жеңилген эски жетекчи топ аны кандай болбосун саясаттан сүрүп чыгаруунун жолун издейт. Митинг жасап, ал түгүл, өлтүрүүгө аракеттенишет. Бул убакта гүүлдөп оомал-төкмөл, кызыктуу турмуш бака-шака кайнап атат. Кыргыз байкуштун көбү чет өлкөлөргө тентип кетпедиби жакшы турмуш камында. Москвада, Анкарада, Вашингтондо тармакчыбыз айрым эпизоддорду.

 

- Саясий кино болобу ошондо?

 

- Саясаттан эл тажап калды. Анын үстүнө кино деген көркөм чыгарма. Анда адам тагдыры, кубанычы менен кайгысы, сүйүүсү жүрөк козгошу керек. Ошол жагына басым жасалды. Четте жүргөн жердештерибиздин ийгилиги жана санаасы, сүйүүсү жана махабатынын талкаланышы көбүрөөк баяндалат.

 

- Президент тууралуу болгондон кийин саясат болот го. Жаңы президент кандай президент болот?

 

- Арийне, саясат бар. Жаңы президент коомдо адилеттик орнотуп, коррупция менен күрөшүшкө аракеттенет. Президент менен элдин жолугушуусу деп атпайсызбы. Эл эмне суроолорду берет. Айрым суроолорду даярдап, киного даярдыгы бар адамдар аткарат. Ошондой эле, каалагандар каалаган суроолорун берсе болот. “Эмне суроо берели?” деп атышпайбы. Мен айтып атам: “Эгерде президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп калсаңыз эмне суроо бермексиз, ошол суроону бериңиз” деп атам.

 

- Демек, сиздин көркөм кинодогу суроолор турмуштагы президентке багытталат экен да.

 

- Кино турмушту чагылтат. Арийне, кинодо берилген суроолор турмуштагы президентке жетээрине ишенем.

 

- “Президент жана бомжду” турмуштагы президенттер көргөнбү?

 

- Акаев менен Бакиев кызыгып көрүшкөнүн айланасындагы адамдар айтышкан. Ал эми Атамбаевдин ал кездеги кеңешчиси Фарид Ниязов кинотеатрдан көрүп, “Шефтин тапшырмасы менен келип көрдүм” деген. Былтыр жайында Атамбаев Жээнбеков, Исаков, Ибраимов менен отуруп “Президент жана бомжду” тарткан Төлөбеков” деп бизди эскергенин силердин гезитке берген маегимде эскергем. “Президент жана бомж” бийликке сын көз караштагы кино экенине карабай президент жакшы маанайда эстегенине ыраазы болгом. Болбосо, авторитардык режимдеги өлкөлөрдө мындай тасмаларды чыгарбай калсын. “Президент жана бомж-1-2” тасмаларына жол берген биздин Кыргызстандагы демократиянын өнүккөндүгүнүн белгиси экенин чет өлкөлүк кесиптештерим бадырайта айтып келатышат.

 

- Кимдер тартмакчы? Режиссёру, оператору?

 

- Режиссёру Кубат Шамшиев болот. “Башаламан”, “Салам, Бишкек-2”, “Ызы-чуу” өңдүү бир катар тасмаларга режиссёр болгон. Биздин “Президент жана бомж-2”, “Миллионердин сүйүүсү” фильмдерибизде режиссёрдин ассистенти, монтажеру болгон. Көптөн тыгыз кызматташып келаткан мыкты кинорежиссёр. Оператору Канат Алыбаев. “Президент жана бомж-2”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмаларыбызды жана бир топ популярдуу кинолорду тартып келаткан таланттуу кыргыз кино оператору. Ишкерлер Самаган Орозалиев, Самарбек Жээренчиев, Өскөн Абдукаримов, Күмүш Назарова уюштуруу иштерин жүргүзүшмөкчү.

 

- Ролдорду кимдер аткармакчы?

 

- Президентти Аскат Сулайманов, өкмөт башчыны Тимур Маматкулов, эл өкүлдөр жыйнынын төрагасын Эркин Жолдошалиев, экс-премьерди Шаршен Шейшеев, анын жардамчысын Эгемберди Чалабаев, Москвадагы мигрантты Эшенкул Барпиев, президенттин ашпозчусун Айнура Кызаева, Америкадагы күйөөсүн күткөн кызды Азур Насирдинова аткарат.

 

- “Президент жана бомж-3” качан чыгат кинотеатрларга?

 

- Кудайым буйруса, май айынын башында.

Тема: