Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 722

Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчы айымдарынын катарында Айнура Салахидинова өзгөчө орду бар десек болот. Биздин каарман ар дайым угармандарын жаңы ыр жана клиптер менен кубантканды жакшы көрөт.

 

Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчы айымдарынын катарында Айнура Салахидинова өзгөчө орду бар десек болот. Биздин каарман ар дайым угармандарын жаңы ыр жана клиптер менен кубантканды жакшы көрөт. Аны колдогон жолдошу жана эки баласы бар. Ошондуктан карьерасына да, үй-бүлөсүнө да убакытты тең бөлө алат.

 

2-класстан баштап эле комуз кружокторуна бара баштаган

 

1984-жылы 2-октябрь күнү, Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө төрт биртууган. Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы гимназия мектебин окуп жүргөн кезде эле музыкага болгон кызыгуусу башталган. 2-класста окуп жатканда комуз жана ооз комуз кружокторуна катышчу. Ошентип, мектепте кандай иш-чаралар, конкурстар болсо катышып, грамоталарды жана чоң байгелерге ээ болгон. Ата-энеси да кызынын  кызыгуусун көрүп, Айнурага кандай жардам керек болсо, каралашчу. Мисалы, апасы бүгүнкү күнгө чейин кызына сахнага кийип чыккан кийимдерин өзү тигип берет.

 

Чон эстрадага келүүсү

 

Студент болгондо адам баласы көп нерсеге кызыгып, өзүн ар кайсы тараптан өнүктүрө баштайт. Айнура Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун окуп бутургөн. Бул жакта окуп жатканда дастан айтып, комуз менен көп ырларды аткарып келген. Азыркы убакытка чейин концертеринде улуттук аспаптрдын коштоосу менен ырдаганын көрсөк болот. Студент кезинде Түркиядагы жана башка чет өлкөдөгү фестиваль жана конкурстарга катышып, аларды багындырып келет эле. Алар азыр Айнурага эң жакшы күндөрүн эстетип, үйүндө тизилип турушат.

 

 

Интернет аркылуу көп жардам сурашат

 

Адам канчалык белгилүү болсо, ага окшоп ырдап же бийлегенди самаган да адамдар көбөйөт эмеспи. Айнура Салахидинова да келечекте ырчы болом деген кыз-балдарга кумир. Алар күн сайын интернет аркылуу жардам сурашат экен. “Керек болсо үйүнүздө балдарынызды карашып, чогуу жашайынчы. Мени ырдатып, чыгарынызчы”,- деп сурашкан мезгил болот дейт Айнура.

 

“Үчүнчү наристебизди күтүп жаткан учур”

 

Ар бир кыз кичинекей кезинен баштап, “жакшы адамга турмушка чыксам экен”- деп тилек кылат. Айнура эжеиз да кичинекей кезинен ушундай тилек кылчу экен. Ошентип, 2012-жылы Санжар байке менен баш кошушкан. Ал убакыттан бери көп жылдар өттү, ортодо эки балалуу болушту. Азыркы учурда үчүнчү баласынын жарык дүйнөгө келишин күтүүдө. Аман көз жарып алыныз демекчибиз!

 

Санжар байке биздин эжекебиздин бардык баштаган нерсесин колдоп, ага керек болгон жардамды берип турат. Гастролдорго керек болсо кошо барып, продюссер да болуп көмөктөшөт. Эч качан “үйдө отур!”,- деп айтпаптыр. Мындай бактыныздырга көз тийбесин!

 

Айнура Салахидинова эжебиз бөлүшкөндөй эле, жакынкы арада Т.Колдошевдин “Аяп сүйгөм” аттуу жаны ыр жаздырган. Буйруса жакынкы арада клибин да көрө алабыз.

    


Айгерим Акылбекова

Булак: “Майдан. kg” гезити

Тема: