Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 1372

Эгиз талант

 

 

 

Чыгармачылыкка үй-бүлө мүчөлөрүнөн атасы менен кызы, апасы менен баласы, ага-ини, эже-сиңди болуп аралашып жүргөнү таң калыштуу эмес. “Алма сабынан алыс түшпөйт”- деген сөз бар эмеспи, ал эми эгиздердин экөөбү тең аралашкан учурлар сейрек кездешет. Адина, Алина Улановалар кичине кезинен чыгармачылыкка аралашып, ырчылык менен алектенип мындан тышкары ар түрдүү аспаптарда ойношот. Көптөгөн эл аралык сынактарга катышышып чет элдиктерди таң калдырып келе жаткан Адина жана Алина менен маек курдук.

 

Кичине кезибизден музыкалык мектепте окудук

 

Адина: Апабыз Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүткөн. Бирок, билимин андан ары уланта албай калгандыктан бизди “музыкант, артист, чыгармачыл адамдар болсо экен” деп, кичинебизден музыкалык мектептерге берип, скрипка, комуз жана башка ийримдерге катыштырып, музыкага жакын кылып чоңойтту.

 

7 айлык болуп төрөлүп, Бишкекке көчүп келгенбиз

 

Алина: Биз Токтогулда төрөлүп, Бишкекте чоңоюп, өстүк. Ата-энебизге оор болуп, Бишкекке көчүп келиптирбиз.

 

Адина: Биз жети айлык болуп төрөлгөнбүз. Айылда эрте төрөлгөн ымыркайлар үчүн атайын сактоочу инкубатор аппараттары жок болгондуктан, Бишкекке көчүп келген экенбиз. Балалыгыбыз Бишкекте өттү.

 

Бири-бирибиздин ордубузга экзамен тапшырып...

 

Алина: Мектепте окуп жүргөндө, экөөбүздү тең бир күнү сурачу эмес, бир күндө бирөөбүздү эле сурачу. Бир жолу мен сабакка жакшы даярданып баргам, Адина ошол күнү начар даярданып барган эле. Мугалим үй тапшырмага Адинаны чакырганда, Адина: “Менин ордума сен чыгып келчи”,- деп, мени чыгарган. Анан мен жакшы даярданып келгендиктен жакшы жооп берип, “5” алгам. Ошол күнү мен жооп бергенден кийин эле өзүмдү чакырып калды. Мен Адинаны чыгардым. Чыгып Адина жаман жооп берип, “3” алган. Менин жиним келип: “Сен менин ордума “5” алдың, мен “3” алдым”,- деп Адинаны урушуп, ошондон кийин мындай эксперименттерди кылбай калганбыз (күлүп).

 

 “Ак калпак” аттуу ырыбызга клип тарттык

 

Адина: “Ак калпак” ырыбыз негизи күздө эле жазылган, бирок, клипти февралда тарттык. Аба ырайы абдан суук болгондуктан, бир топ кыйынчылыктар болду. Клип тоодо тартылып, ага 16 бийчи кыз алып барганбыз, алар тоңуп калышты. Тоодогу карлар жумшак жана аябай калың экен, кыздарды бийлетсек алар жыгылып, буттары карга кирип, аябай күлкүлүү учурлар көп болду. Ошентсе да клип жакшы чыкты, азыр клипти элге тартууладык, көрсөңүздөр болот.

 

Алина: Клип кечирээк тартылгандын себеби, мен ыр жазылгандан кийин, күз айларында турмушка чыгып, тойдун камын көрүп, убакыт болбой калды.

 

6 аспапта ойнойбуз

 

Алина: Чыгармачыл адамдарга ырчылыктан тышкары түрдүү аспаптарда ойной билүүсү керек деп ойлойбуз. Анткени биздин аспаптардын үнү өзгөчө. Көп чет элдик адамдар келгенде бизди чакырып калышат, аларга ойноп берсек аябай аспаптарыбызга кызыгып, суктанып кетишет.

 

Адина: 6 аспапта ойнойбуз, ооз комуз, жыгач ооз комуз, чопо чоор, чогоно чоор, сыбызгы, комуз, пианино. Мен скрипкада да ойночумун, бирок көбүнчө кыргыздын улуттук аспаптарына аябай кызыгып, скрипкага кызыкпай таштап салдым. Буга чейин эл аралык фестивалдарга катышып жүргөнбүз. Аспаптарда ойноп Санкт-Петербург, Кытай, Польша, Казакстан мамлекеттерине барып келдик. Фестивалдарда көбүнчөсү биздин костюмдарыбызга кызыгышат.

 

Окшош кийинсек бизди айырмалай албай калышат!

 

Алина: Колледжде окуп жүргөндө, баары эле ойлошчу, окшош кийинип келсек деле оңой эле айырмалай алышат деп. Бир күнү бутубуздан баштап, кийимдерибизге чейин окшош болуп кийинип келсек бизди айырмалай албай калышкан. Бир адам экөөбүз менен 3, 4 жолу учурашып, жолдо баратсак да аябай карашып, анан бирибиз алдыраак басып, бирибиз артта басып үйгө кеткенбиз (күлүп). Ошондон кийин “эгиз болсоңор, эми окшош кийинбей эле койгула” деп айтышкан.

 

Адина: Телефондон сүйлөшкөндө, үнүбүз окшош болгондуктан көбү айырмалай алышпайт. Бирибиз идиш жууп же иш кылып жатсак: “Сен сүйлөшүп турчу, чалып жатат, жооп берип койчу” – деп бири-бирибиздин ордубузга сүйлөшө беребиз.

 

Кыялдарыбыз башка болчу

 

Адина: Кичинекей кезибизде кыялдарыбыз бир аз башкачараак болчу. Бала чагыбызда Алина стюардесса, фотомодель болгусу келчү, а мен журналист болгум келчү.

 

Алина: Адина балдардыкындай кара түстүү, аскер кийимдерин жактырчу. Мен назик, ак, кызгылт түстөгү кийимдерди жактырчумун.

 

Алина: Турмушка чыккандан кийин Адинаны сагынып, куса болуп кыйналдым

 

- Турмушка чыккандан кийин эки жумага бал айына кеткенде, ата-энемди, Адинаны көрбөй аябай сагынып, ыйлагым келип, куса болуп, кыйналдым. Бир топтон кийин көнүп кеттим. Жолдошум менен табышып калган тууралуу айтсам, жолдошумдун карындашы консерваториядан жеке сабак алчу. Биздин агайыбыз окууда концерт өткөрүп калчу, ошондо жолдошум карындашын колдогону келип, мени ошол жерден көрүп, жактырып калган экен. Бирок, анда жаш болуп, 16 жашта элек, “кийинчерээк, чоңойгондо сүйлөшөм” деп, кийинчерээк сүйлөшүп калдык (күлүп).

 

Айкөкүл Маматова, “Бишкек маалымат агенттиги”

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: