Сонунбүбү ушул айдын 28-29унда  чыгармачылыгын 30 жылдык отчеттук концертин Улуттук филармониянын сахнасынан бергени туру.

 

Бирде журналист, бирде акын, бирде ырчы, концерт бирде алып баруучу... айтор, көп кырдуу талант Сонунбүбү Кадырованын өткөн жылда “Элдик талант” долбоорун даярдап, сахнага чыга албай жүргөн бир топ таланттардын тушоосун кескен. Албетте, мындай эмгек кантип эле чыгып кетсин эстен?! Сонунбүбүгө ыраазы болгондор абдан көп, алар жүрүшөт жолуккан сайын анын бетинен өөп. Бирок, айтканда шар, бир кескен тушоосун башка долбоордон да экинчи ирет кесип жаткандар бар. Алар үчүн Сонунбүбүнүн ичи эмес тар.

  

Өзү туулуп өскөн Алайдан, таланты ашкан далайдан Сонунбүбү ушул айдын 28-29унда  чыгармачылыгын 30 жылдык отчеттук концертин Улуттук филармониянын сахнасынан бергени туру. Анын шакирттери да кечеге катышат, сахнада өңдөнүп шуру.

 

Тилекке каршы, болуп башыбыз маң, Сонунбүбүнүн эмгеги бааланбай жүргөнүнө калып турабыз таң. Бул тууралуу ойлонсоң ачууң келип, нервиң дирилдейт. Кээде Итбай, Чотпай сыяктуу татыксыздарга деле берилип жаткан наамдар эмне үчүн Сонунбүбүгө окшогондорго берилбейт? Же биздин Соничка эл артисттеринен кемби? Андан калса, бир окурманыбыз дал ушул макаланы жазып жаткан учурубузда бизге төмөндөгүдөй маалымат берди:

 

- Азыр мен чоң жаңылык айтып берсем, аны дароо гезитке илесиздер. Биздин мекеменин жетекчиси көп акчалуу экенин жакшы билесиздер. Ошол киши өзү чыгармачылыктын “погун” түшүнбөгөнү менен бир топ чыгармаларды сатып алды. Тим эле акчасы менен атып алды. Айрым жаш калемгерлердин жазгандырын эми менин атыман китеп болуп чыгат деп сейфине катып алды. Ушундай да неме болот белем! Эми бизге кол койдуруп салды, алам деп наамды “Маданияттын мыкты кызматкери” деген. Жогору жактагылар деле алданып “чайга”, талтайып жатып берет окшойт буга окшогон байга. Беришет имиш наамды 29-майда.   

 

Таланттуулардын нанын талашып жеп жатканы аз келгенсип эми наамына көз арткан бизнесмен ким болду экен? Азырынча муну сыр катары сактай туралы. 29-майга чейин дагы тактай туралы. Айтор, шашпай туралы.

 

Ал эми Сонунбүбүнүн чыгармачылык кечеси кызыктуу өтөөрүнө кепилдик беребиз. Келип, көңүл ачып кетиңиздер. Кечеде ыр-бий, тамашалар аткарылмакчы.

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.