Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 871

Спорт сарайынан концерт берди

 

Көп курч сөздөрдү сатириктин жардамысыз эле өзү ойлоп тапкан, куудулдугу менен элине жаккан Абдылда Иманкулов кайда жүрөт дебейсиздерби?

 

Чийки мыйзамы аркылуу куудулдардын мээсин чаккан, айласы кеткенде сүйлөй албай качкан Мискенбаевдин оозун жапкан сүйкүмдүү куудулубуз гастролдон жаңы гана келди. Анан дароо Спорт сарайынан концерт берди.

 

Абдылданын концертин көрүп олтуруп, каткырыктан көздү жашка толтуруп, бул куудул шайырлардын көч башында экенин байкадык. Башка куудулдар да ушинтип изденбейби деп баш чайкадык. Азырынча, Абдыке сага чыгармачылык ийгилик болсун деп айталык! Жакында кеңири баарлашып, окурмандарга сенден базарлык алып кайталык.

  

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.

Тема: