Бейнеге сүртүмдөр

 

 

Тээ жетимишинчи жылдары Р.Абдыкадыровдун “Алтынчы күнү кечинде”, Ж.Алыбаевдин “Караматкан” аттуу  чыгармалары жаштардын сүйүп,  жактырган ырлары болуп, мезгилинде үйлөнүү тойлордун, салтанаттардын көркүн ачаар эле. Жаштардын кечелери же отуруштары бул ырларсыз өтпөйт болуучу. Мен ошол мезгилден баштап Жокени  обончу-аткаруучу, андан кийин акын катары кыргыз элинин залкар таланттарынын алдыңкы катарына кошуп, өнөрүнө таң берип, баалап, барктап келем.

 

Жолболду Алыбаевге “Жараткан талант менен жөндөмдү кош колдоп берген”- десек аша чапкандык болбос. Ал эң алды поэзиянын ички табиятын мыкты өздөштүргөн жазма акын, обончу, аткаруучу, комузда, аккордеондо мыкты ойноп, өзүнүн чыгармаларын коштоп  ырдаган чебер талант. Ал кыргыздан чыккан залкар акындардын жолун жолдоп, салтын улаган чебер ырчы-акын, элибиздин оозеки чыгармачылыгын, музыкалык маданиятыбыздын өсүп-өнүгүү жолун, тарыхын мыкты билет. Эң негизгиси, өзүнүн обондору менен кошо башка музыкалык чыгармаларды да нотага түшүрүп, так, жеткиликтүү жаза алган сабаттуу музыкант. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Жокеде ырчыга эң зарыл болгон жагымдуу, бийик, ыргактуу үнү бар. Кыргыздын улуу таланттарынын ичинен үнүнүн бийиктиги, тембринин жагымдуулугу менен айырмаланган саналуу гана таланттар өткөн. Алар: айтылуу Токтогул, Атай, Муса, Рыспайлар. Мына ушул улуулардын арасына мен Жолболдуну кошоор элем. Анткени Жокенин жагымдуу, бийик, ачык, даана, ырдаган сайын ачылып, мүдүрлбөгөн, кардыкпаган, канча ырдаса да  адамды жадатпаган, уккан сайын кулактын эңсөөсүн кандырган (эркектерге тийешелүү  лирикалык  “тенор” ) керемет үнү бар.

 

Жолболду Алыбаев 2000-жылдан баштап Ош мамлекеттик университетине келип эстетикалык борбордо эмгектенип, искусство факультетинин  студенттерине сабак бере баштагандан тартып, бири-бирибизди түшүнүп, пикирдеш, кесиптеш, ага-ини катары мамиледе келе жатабыз. Албетте, буга чейин Жокенин өмүр жолу, обончулук, ырчылык өнөрү жөнүндө массалык маалымат каражаттарында көптөгөн макалалар жарыяланып, китептер жарык көргөн. Бирок Жокенин  чыгармачылыгынын негизги багыты болгон  акындык өнөр  жөнүндө бирин-серин гана макалалар жазылып,  анда-санда сөз болгону менен  атайын  изилдөөлөр  жокко эсе. Белгилүү болгондой Жоке кырк жашка чейин обончулук өнөрдү аркалап келген болсо, кийинки жашоосун акындык өнөргө буруп, бул өнөрдүн касиетин, улуулугун аңдап, музыкалык көркөм өнөрдүн туу чокусу, элдин акыл казынасы, жашоо турмушу, дүйнөгө болгон көз карашы, философиясы мына ушул акындык өнөрдө жаткандыгын жан дүйнөсү аркылуу сезип,  бул улуу өнөргө чындап белсенип киришкен..   

 

Акындык өнөрдү элибиздин музыкалык маданиятынын алкагында карап көрсөк - башка өнөрлөргө караганда өзгөчө өнөр. Анткени, элибиздин жашоо турмушун, кубанычын даңазалап, кайгысын бөлүшүп, турмуштук көрүнүштөрдү, тарыхый окуялардын   мазмунун поэтикалык кооз ыр, кайрыктары менен шөкөттөп, эч бир даярдыксыз эле  сөздөрдүн гүлүн иргеп, ширесин бөлүп алып, аны куюлуштуруп уйкаштырып ырдап,  элдин музыкалык-эстетикалык табитин кылымдардан бери кандырып келе жатат..

 

Акындык өнөрдү аркалаган элдин улуу таланттары бир эле мезгилде обончу, аткаруучу, куудул, жомокчу, дастанчы, санжырачы катарында көрүнүшүп, элдин жашоо-турмушун, психологиясын, үрп-адатын, салт-санаасын көркөм боектор, назик кайрыктар  менен байытып, алып жүрүүчү, өнүктүрүүчү адам катары элдин жүрөгүнөн бекем орун алышкан.

 

Тээ орто кылымдардан бери эл оозунда айтылып келе жаткан ырчылар Кетбука, Жээренче  чечен, Асан Кайгы, Токтогулдардын (Сатылганов эмес XV-XVIк.к)  ысымдары уламышка айланып, кылымдар өтсө да элдин эсинде сакталып келет.

 

XIX, XX  кылымдарда жашап өткөн  манасчылар менен ырчылар Тыныбек, Балык, Найманбай, Нышан, Калмурза, Жеңижок, Токтогул, Эшманбеттер, кийинкилер Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Коргол, Ысмайыл, Актан өңдүү ырчы-акындар калк жүрөгүндө түбөлүктүү түнөк тапкандар. Булардын алды Манас айтып, элдик кенже эпосторду, дастандарды ырдашып, акындык, обончулук өнөрдү да  кошо аркалап келишкен.

 

Ал эми  кийинки акындар: А.Айталиев, Э.Турсуналиев, Т.Абдиев, О.Кутманалиев, З.Үсөнбаев, Э.Иманалиевдер  акындык өнөр менен бирге обончулук өнөрдү да бирге алып жүргөндөр.

 

Мына ушул залкар таланттардын жолун улап, акындык өнөрдүн касиеттүү ички табиятын жан-дүйнөсүнөн өткөрүп, туюму менен сезген бүгүнкү ырчы-акындардын арасынан суурулуп чыккан, көп кырдуу талант, бүгүнкү акындардын, обончулардын, дастанчылардын арасынан өзгөчө бир сөз кылып, чыгармачылыгын  ар тарптуу иликтөөгө, үйрөнүүгө, татыган - КРнын Эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алыбаев. Акындын жүздөн ашуун ырлары менен обондору элге  тартууланып, кыргыз радиосунун алтын фондусуна кырк сааттан ашуун убактты камтыган ырлары, обондору, дастандары жазылып алынган. Улуу талант өткөн кылымдын сексенинчи жылдарына чейин аккордеон менен обондорду жаратып, көптөгөн сүйүү, махабат темаларындагы чыгармаларын ырдап элге таанылса,  кийин комузга өтүп дастанчылык, акындык өнөрлөргө ыктап, мазмундуу, жугумдуу, уккулуктуу жана кайталангыс  чыгармалары менен тез эле элге таанылган. Анын кыргыздын музыкалык көркөм өнөрүн байытууга  кылган нар көтөргүс эмгеги  болуп, буга чейинки кыргыздын ыр маданиятына салым кошкон, залкар  акындары менен дастанчылардын  чыгармаларын иликтеп чыгып, аларды  талыкпастан үйрөнүп, кыргыздын каны менен жуурулушкан жаңы формадагы, түрдөгү, интонациядагы, кулактын моокумун кандырган кайрыктар менен коштолгон,  укканды тамшанткан  чыгармаларын  элине сунду... Мисалы: “Өзгөчөм”, “Болсочу”, “Кош алма”, “Карай көз” ж.б. Жолболду элибиздин залкар акындары Жеңижоктун, Барпынын көөнөрбөс чыгармаларынын мазмунуна сүңгүп кирип, аларды жиктеп, талдап, алардан элдин жүрөгүнө жакын нукура жаңы интонациялуу обондорду таап, кайрадан иштеп чыккандыгын баса белгилеп айта кетүү абзел. Булар  менен катар Жолболду улуу ойчул философ акындар Арстанбек, Калыгул, Нурмолдонун  кайталангыс чыгармаларынын маани-мазмунун терең үйрөнүп, түштүк жергесинде түрдүү варианттарда ырдалып жүргөн “Кулмырза менен Аксаткын” дастанын ж.б. ондон  ашуун лирикалык, ашыктык ырларды аткарып, элдин музыкалык-эстетикалык талабын канаатандырып келет.

 

Эгемендик алгандан берки өлкөбүздөгү, коомдогу өзгөрүүлөр, жаңылануулар, мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин  кемчиликтери менен алашемдиктери Жолболдунун жан-дүйнөсүнөн өтүп, акыл сезимин бүлүндүрүп, чындык, адилеттүүлүк - деп соккон акындын жүрөгүн чыдатпай  көптөгөн  чыгармаларынын  жаралышына себеп болду  Маселен:  “Кайран эл”, “Бекмамат дастаны”, “Рыспайга кат”, “Апсамат дастаны”, “Улуу инсан” (И.Раззаковко арналган) ж.б. көптөгөн дастандары буга далил.

 

Жолболдунун чыгармачылыгынын баалуулугу мына ошол элдин нукура ыр маданиятын өнүктүрүп, өстүрүп, жаңы бир тепкичке көтөргөнүндө. Акындын кайсыл гана чыгармасын укпайлык, берейин деген ою өтө тыкан, ашыкча, керексиз кайрыктардан, жадатма кайталанмалардан оолак. Бул жерде өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай обончу-акын Ж.Алыбаевдин чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылганда, анын акын болуп калыптануусуна мына ошол  түштүк кыргыздарынын элдик музыкасы, анын ичинде Жеңижок, Барпы, Нурмолдо, Молдо Нияз, Арстанбектердин философиялык ырлары негиз болгондугун айтпай кетүүгө болбойт. Акындын кучак жеткис кол жазмаларына карап олтуруп,  жогорудагы акындардын бизге жеткен ырларынын ар бир сөзүн, кайрыктарын (обондорун), ар бир нотасын иликтеп улам кайталап, талыкпастан эмгек жумшагандыгына күбө болосуң. Албетте Жолболдунун “Чолпонум” дастаны, “Көксулуу”, “Балам жок” сыяктуу Жеңижоктун сөзүнө жазылган, Барпынын “Өзгөчөм”, “Болсочу”, “Карай көз”, “Буракжан”, “Ноодайым”, “Турбайбы”, “Кош алма” ж.б. аттуу ырларын,  интонациялык жактан айырмаланган, лирикага  ширелишкен обонду жаратуу-талыкпас эмгекти менен талантты, чыгармачылык эргүүнү талап кылынаары белгилүү. Албетте музыкалык чыгарманын элге жеткиликтүүлүгү ошол аткаруучунун музыкалык көркөм туюмунун деңгээлине,  аткаруучулук чеберчилигене, сезгичтигине, дүйнө таанымынын  кенендигине  ж.б. байланыштуу болоору талашсыз. Албетте Жоке жогорудагы сапаттардын, жөндөмдөрдүн баардыгынан куру эмес.

 

Кайталангыс таланттын  чыгармаларын ар тараптуу изилдөө иштери эми гана колго алынууда.  Айрыкча акындык өнөрдү байытуудагы жаңы табылгаларын, түштүк кыргыздардын ыр маданиятынын айрым бир өзгөчөлүктөрүн чыгармаларына билгичтик менен пайдаланып, иштеп чыккандыгын иликтөөнү колго алуу, ошондой эле мектеп жашындагы балдарга, өспүрүмдөргө ылайык чыгармаларын иргеп, талдап ылайыктууларын  жалпы билим берүүчү  мектептерде окутуу, үйрөтүү үчүн  программага   киргизип,  өзүнчө жыйнак катары даярдоо өтө зарыл деп эсептейбиз.

 

Бүгүн залкар талант 70 жашка келип, болуп-толуп турган  курагы. Ал педагогикалык ишмердик менен катар улам жаңы чыгармаларды жаратып, элдик ырларды, дастандардын үстүндө жемиштүү эмгектенип  жатат. Айрыча акыркы жылдары бир канча жаңы обондорду чыгарып, коомдогу өзгөрүүлөр, жаңылануулар, элибизге өзүнүн эмгеги менен белгилүү болгон инсандар жөнүндө дастандарды жаратып, унутта калып кеткен түштүк кыргыздардын ырларын, өлөңдөрүн, айтымдарын жыйнап, аларды  иргеп элибиздин  музыкалык маданиятынын ар тараптуу өнүгүүсүнө салымын кошуп  келет.  

 

Эми жогорудагы айтылгандарды жыйынтыктап жатып төмөндөгү пикирди айткым келет:  үстүбүздөгү жылы - көркөм өнөр багытында эмгектенип,  чыгармалары менен элге таанылып, кадыр баркка ээ болгон, музыкалык көркөм өнөр багытында эмгектенген татыктуу таланттарга эки  жылда бир жолу ыйгарылуучу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка тандоо жараяны  жүргүзүлөт. Мына ушул абройлуу сыйлыкка Жолболду Алыбаев толугу менен татыктуу десек жаңылбайбыз. Анткени  сыйлыктын аталышына жана анын маани-маңызына залкар таланттын  нукура элдик музыкага ширелген  чыгармалары шайкеш келет. Бул айтылган пикирди Жолболду Алыбаевдин чыгармаларынын күйөрмандары жана жалпы кыргыз эли колдооруна толук ишенем.            

 

Жыйынтыктап айтканда ыйгарылуучу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык КРдин Эл артисти, обончу-композитор, акын Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык  мааракесине карата музыкалык көркөм-өнөр багытындагы көп жылдык эмгегинин үзүрү жана элибиздин, президенттин, кыргыз өкмөттүнүн улуу талантка карата көрсөткөн  сый урматы жана чоң белеги  болуп калаар  эле.

 

Б.Имиетов, ОшМУнун профессору

 

Булак: “Майдан.kg