Балдарыбыз тынымсыз талыкпай даярданып, улам өр алып отуруп, көрөрмандардын жүрөгүн багынтуу аркылуу ушул жеңишке жеткенин баарыбыз көрүп турдук.

 

Жаңы жыл алдында жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң кубанычтуу окуя болду. Анткени айтылуу “Азия MIX” КВН командасы өткөн жумада Россиянын 1-каналында көрсөтүлгөн финалдык таймашта жеңүүчү болду. Чындыгында Россиянын өзүнүн, Казакстандын мыкты деген командаларын артка таштап, калыстардын да, көрүүчүлөрдүн да купулуна толуп, жогору баасын алуу үчүн эң оболу чыгармачылык изденүү, тапкычтык, талант талап кылынары белгилүү. Аларды президентибиз да куттуктап, “Азия Mix” командасы КВНдин Жогорку лигасынын чемпиону болуп калды. Бул баарыбыз үчүн чоӊ кубаныч. Муну бүт Кыргызстанга жаңы жылдык белек деп айтар элем! Балдарыбыз тынымсыз талыкпай даярданып, улам өр алып отуруп, көрөрмандардын жүрөгүн багынтуу аркылуу ушул жеңишке жеткенин баарыбыз көрүп турдук. Биздин команда  баарынан шайыр жана тапкыч экенин бир гана жюри эмес, бардык күйөрмандар тааныды! Жыйынтыгында “Азия Mix” мыктылардын мыктысы болуп табылды!” - деди. Албетте, биз  чакан мамлекет болгондуктан, дүйнөлүк деңгээлди мындай кой, постсоветтик аймакта да экономикалык жана башка ийгиликтерди жаратышыбыз кыйын. Андыктан болгону “Азия MIX” сыяктуу таланттуу жаштарыбыз гана мамлекетибиздин желегин желбиретип, элибизди тааныта алат. Өз кезегинде биз да квнчыларыбызды куттуктап, чыгармачылык ийгилик кааламакчыбыз.

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити