“Периште” тобунун жетекчиси, маданияттын мыкты кызматкери Райхан айым акыркы кездери сахнадан көрүнбөй кеткен. Көрсө, тамчы болсо да мамлекетке салым кошоюн деген ниетте цех ачыптыр. Жашаруу клубун ачканга да жетишип, жашарып алыптыр. Маекти жашаруусунан баштадык.

 

- Эже, бет менен кошо көкүрөк да жашарат бекен?

 

- (Күлүп) Албетте, ден соолук оңолсо эле жашарасың. Мен азыр 20 жаштагыдай калыбыма келдим. Ошол кездегидей тызылдап, чуркап иштейм, цехтин, клубдун иштерин бүтүрүп, тойго барганга да жетишип атам. Бу да болсо биздин клубдун продукцияларынын жардамы. Жардамы дегеним, ден соолукту оңдоп алдым, арыктадым. Арыктоо үчүн буга чейин канчалаган фирманын чөптөрүм ичип, эмнени гана кылган эмесмин. Оору семиздиктен пайда болот. Адам толгондо боорду май басып, сапсары болуп кетет. Анан анын кан тамыры кысылат, инсульт, сахар деген ооруларга дуушар болот. Туура эмес тамактануу адамдын өмүрүн кыскартат. Азыр мен туура тамактанууну билем. Кечки 8ден кийин тамак ичмек түгүл, суу ичпейм. Тойго барып калганда чукулап жеп коем. Салып беришкендерин эртеси түштө жейм. Негизи күчтүү тамакты түштө жеш керек. А биз кыргыздар күчтүү тамакты кечинде кылабыз да тоюп жатып алабыз. Ал таптакыр туура эмес. Бу өзүнчө чоң тема. Эгер туура тамактанууну үйрөнөм, жашарам десе биздин клубга келгиле демекчимин.

 

- Цех, клуб деп сахнадан четтеп кеткендейсиз?..

 

- Жок, четтебей эле “жаштарга орун берейин” деген ниетте артка чегинген күндөр болду. Элден айланса болот, эл издеп, таап, тойлорго чакырып, чыгармачылыктан четтеттирбейт экен. Минтип кадырлап турса калкым, “сахнадагы 31 жылдык эмгегим өлбөптүр” деп сүйүнүп калам. Эл алдына бир отчеттук концерт берсем деген тилегим бар, ал дагы буйруган күнү болоор. “Периште” тобум иштеп жатат. Алар менен машыкканга убакыт жок. Топтогу кыздарымдын алды үй-бүлө куруп, эки-үч балалуу болуп калышты. Андан кийинкилер да турмуштун туткасын кармайбыз деп турушат. Кризис өтсө концерт берсек деген ой бар. Негизи Кыргызстандын баарын “Периште” тобу менен кыдырдым. Биздин концертке көп келип берген таластыктар болду. Таласка барганда аншлаг менен өтүп, акчаны басып келчүбүз. Ошто төрөлүп, Ысык-Көлдө чоңойсом да Таласка көп барам. Таластыктар ушунчалык меймандос келет. Кой союп аябай сыйлашат. Дегеле досторумдун көбү таластыктар.

 

- Эң  жакын курбуңуз Алина Жетигенова турбайбы?

 

- Ооба, Алинка экөөбүз ынак курбуларданбыз. Алинкам, алтыным, өтө таза адам. Мен негизи ички дүйнөсү таза адамдарды жактырам. Алинка бала кыял. Баладай бир кылыгын эстеп кеттим. Бир курдай Ошко концерт койгону кетип жатканда: “жөн эле акчаңды чача бербей, бир нерсе алсаң соодалаш” десем, макул деп кеткен. Келгенден кийин иниси Мирлан Жетигенов: “Ой, эже, курбуңуз сиздин айтканыңызды эске алганы менен аткарган жок. Баардык нерсени алып бүтүп, акчасын берип койгондон кийин “кичине түшүп койбойсузбу?” деп атпайбы” деп күлдү. Баарыбыз күлдүк. Бирок, мага ошол кылыгы деле жаккан. Мирлан да мыкты тамада. Аны менен көп жолу тойго бардык. Бир жолку тойдо мындай деп табышмак катып калды: “Айга биринчи жолу ким учкан?” деп. “Терешкова, Гагарин” деп эле жатышат. Эч кимдики туура чыкпай калган. Жообу жезкемпир болгон. Анан мен ошол табышмакты “Сармерденде” жигиттерге катсам, тапкан жок. Бирок, бу элдин эсинде аябай калыптыр, “өзүңдүкүбү?” деп сурап калышат. Чыны билбейм, автору Мирлан Жетигенов.

 

- Адамда эң жаман көргөн сапатыңыз?

 

- Ушакчы, калп айткан, бирөөнү жамандаган, зыкым, чыныгы муктаж болуп жаткан адамдардан акчасын аяган адамдарды жаман көрөм. Бирөөгө жандилим менен жардам берүүгө далалат кылам. Колдон келишинче жардам берип келдим, берип эле жатам. Өтө ак көңүл, ишенчээкмин.

 

- Өмүрүңүздө калп айтып көрдүңүз беле?

 

- “Такыр калп айткан жокмун” деген бу жаңылыш. Себеби, бу жашоодо, кээде калп айтканга туура келет. Мисалы, мен бирөөгө жардам берүү үчүн үй-бүлөлүк акчаны берип коюп, башка бир нерсеге колдонуп атам деп калп айтып коем. Бирок, бу жакшы деп ойлойм, колуңда болуп турса, жардам берүүдөн баш тартпаш керек!

 

- “Майып, азиз адамдарга көп жылдан бери жардам берип келет” деп угабыз. Кайрымдуулук кылуу адамдык парзыңызбы же атуулдук милдетиңизби?

 

- Кайрымдуулук кылуу ар бир адамдын парзы, милдети деп ойлойм. Себеби, адам баласы болгондон кийин бири-бирибизге жардам беришибиз керек! Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келатам жана бере бермекчимин. Дегеле чыныгы муктаж болуп турган адамдардан жардамымды аябайм. Чоң бизнесмен болбосом да колдон келишинче жардам берип келем. Мисалы жүз сомум болсо элүүсүн берип коем. Кээде баарын берип койгон күндөр да болгон. Мен буга кейибейм деле, себеби, чыныгы муктаж болуп турган адамга ажаат ачсаң, Кудай ошончолук берет. Кайрымдуу, боорукер, жароокер болуп, адамга жардам кылууну апамдан үйрөнгөм. Ар бир баланы туура тарбиялоо ата-энеден деп ойлойм. Ар бир адамды туура түшүнүп, жакшы мамиле жасоо апамдын эмгеги. Бизди ушундай жакшы тарбиялаптыр. Мен карылар үйүнө кайрымдуулук кылсам, иним Нурлан, келиним экөө балдар үйүнө жардам кылат. Соопчулук кылууну цехтеги кыздарым да үйрөндү. Карылар үйүнө барарда бекер бычып, тигип беришет. Ошон үчүн Кудай бизге берип жатат деп ойлойм.

 

- Дегеле Кудайга ишенимиңиз, динге мамилеңиз кандай?

 

- Кудайдын бар экенине ишенем. Кичинекей кезимде,Түптө жашап жүргөндө жер титиреп калды. Үйдөгү эки шкафтын ортосунда калып Кудайлап жиберип, тирүү калгам. Динге мамилем түз. Намаз окуганга да ниетим бар, бирок, азыр эмес, атам айткандай, өз учуру келгенде. Атам көп жылдан бери беш маал намазга жыгылат.  Сырткы келбетин да жакшы алып жүрөт: костюм, шым кийип, галстук тагынып. Өзү врач. Билимдүү болгон үчүн динди туура тутунуп, терең түшүнөт деп ойлойм. Эми азыркы кезде динди ар ким ар кандай түшүнүп атат. Өзгөчө жаштар дин десе эле кыздарыбыз араптардын кийимин кийип кемпир, балдарыбыз күлкүлүү бир сакалды коюп чал. Бир эле мисалды айтайын, бир жолу биз, улуу муундагы чыгармачыл адамдар менен куран окуткан жерге, кафеге барып калдык. Капкара кийинген, тумчуланган, көздөрү гана ачык үч жаш кыз төрдө отуруптур. Улууларга орун бошотмок түгүл, ордуларынан козголуп да койгон жок. Куран окулуп бүткөндөн кийин, “туурп эмес кийинип келдиңер, шым кийүү туура эмес” деп эле дарс окуп кирсе болбойбу. Анан мен чыдабай, “алтындарым, намаз окуганыңар менен кийген кийимиңер туура эмес. Капкара кийинип алгыдай эмне күйөөңөр өлдүбү же кайсы бир араптын аялысыңарбы? Улуу адамдарды төргө өткөрө албаган, сыйлабаган бу чоң күнөө. Улууну урматтабаган, кыргыздын салтын сактабаган кыздардын намаз окуганы бир тыйын” десем эле, экөө чыгып кетти. Эми мындайлар толтура. Менин ишканамда да ушундай кыздар болгон. Улууну урматтап, кичүүнү урматтап, адамга жакшылык кылганың намаз окуганга тете деп ойлойм. Татынакай жапжаш балдар сакал койгону күлкүнү келтирет, адамды иренжитет. Илгертен “атасы бар адам сакал койбойт” деп айтылат го кыргызда. Анынсыңарындай, чоң чоң аталарыбыз койсо сонун жарашчу. Чөбөрөлөрү сакалы менен ойночу. Сакалды да жашына жараша коюшчу. Каада-салт, баалуулук жоголуп баратканын айтсаң жаштарга беттен алат, орусча айтканда, агрессивный болуп кетишти. Демек, аларга дин боюнча билим жетишпейт. Динге туура эмес мамиле жасаган дагы бир тааныштарым бар, аттарын айткандан да уялам. Көп аял алып, балдарды көбөйтүп алып, таштап кете беришет. Үйбүлөсүн ачка калтырып даватка кетишет. Балдарын ачка калтырып, талаалап кетүүнүн өзү чоң күнөө да. Ушунун баарын көрүп туруп, алар үчүн Кудайдан кечирим сурайсың да. Балким, алар билбестик кылып атат деп ойлойсуң. Мына канча деген кафелерге барып жатабыз. Айрым кафелерде улуттук кийимибизди кийип алып, ийилип тосуп алып, узатып койсо ыраазы болосуң. Ошол сыңары улуттук кийимибизди кийип алып намаз окушса болбойбу. Мечитке деле эркектер улуттук кийим кийип барса, намаздан кийин ак калпак менен чыга калса тимеле сонун көрүнбөйбү.

 

- “Адамга күнүгө адам болуу кыйын” деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов бекер айткан эмес да. Күнүгө адам болуу кыйын бекен эже?

 

- Бу эң жакшы суроо. Албетте, ар бир адамдын адам болуусу кыйын. Баарыбызда бар кемчилик. Эми ушуну улуу жазуучубуз эки сап менен гана терең түшүндүрүп койгон. Түшүнгөн кишиге укмуш таамай айтылган сөз да. Бир эле сөзү бүтүн бир китеп.

 

- Жашооңузда жокчулук болду беле?

 

- Аябай көп болгон. Бензин түгөнүп, көчөдө калган күндөр болгон. Айтып отурсам, өзүнчө жомок. Жокчулукту башымдан аябай көп өткөрдүм. Студент кезимде апамды кыйнабайын деп өзүмдүн кийимимди өзүм тигип кийчүмүн. Анда да колго, машинкага салгандай кылып тигип алчумун. Материал жок, эски кийимдеримди жаңылап тикчүмүн. Апам үч бир баланы бакчу ал кезде, аларды багуу деле кыйын да. Эми алдыга озбой, артта калбай, орто жашоодо жашадык. Кичинемден тикмечи болгондуктан ушул бизнеске кеттим да. Каалаган кийимимди элге окшоштурбай тигип кийем. Анын үстүнө азыр тикмечилер көп, ушу менен оокат кылып калышты. Элге жумуш берейин, кичине болсо да мамлекетке салымымды кошоюн деген тилек менен цехти иштетип атам. Тигүүчүлүктү апамдан үйрөнгөм. Апамдын конокко кийчү көйнөктөрүнүн чөнтөктөрүн кесип алып куурчакка көйнөк тикчүмүн. Апамдын жалтыраган кийимдерин далай кескилегендиктен, көп жолу шапалак менен таяк жегем. Кичинемден тиккендиктенби, айтор, жаңы нерсени ойлоп чыгууну жактырам. Сонун эскиздерим бар, ошону тиксемби деген тилегим бар.

 

- Тигүүчүлүк менен алек болсоңуз, анда ашканадан алыстап кетсеңиз керек?

 

- Ашканада жакшы эле айыммын. Болгону убакыт жок. Күз келип, эл катары кышка даярданып койдум, Жылдыз курбумдун жардамы менен.

 

- Курбуңуз менен сырдашасызбы?

 

- Жок сырдашпайм. Сырга өтө бекеммин. Менин ичимде көп нерсе бар, анын баары өз башым менен кошо кетет го деп ойлойм. Себеби, сыртка чыгаргым келбейт. Сырдашым азыркы машинам, кубанычымды да, кайгымды да бөлүшөм. Ыйлагым келсе рулду кучактап алып ыйлайм. (Күлүп) Кыскасы, досум да, күйөөм да ушул машинам.

 

- Бу темир талпарыңыз канчанчысы жана кайсы машинаңыз эмнеси менен эсиңизде калды?

 

- Эсептеген деле эмесмин, болжол менен жыйырмадай алмаштырсам керек. Эсимде калганы алгачкы оң рулдуу япошкам - “Ниссан. Ал учурда ырчылардын ичинен Гүлшайыр Садыбакова эжебизден башка эч ким айдачу эмес. Дегеле айымдардын айдоосу жокко эсе болчу. Ошондуктан эркектер таңгалып карашчу. Бир жолу ак “Жигули” менен кетип бараткан байке мени таңгалуу менен карайм деп рулун башкарууну унутуп коюп аңга кирип кеткен. Азыркыга чейин жаман болом “мен үчүн арыкка кирип кеткен” деп. Анан азыркы ак машинам апамдын белеги. Ошон үчүн жакшы көрөм. Үч жыл мурун кызымды турмушка берип жатканда белек кылган эле. Балким, ошондон улам сырдашып калдым бу машина менен. Темир деп эле жаман мамиле кылбаш керек. Кээ бир айдоочулар жуубайт, карабайт, жүрбөй калганча тепкилеп айдап жүрө берет. Канчалык машинаңа жакшы мамиле жасасаң, ал дагы сени жаман кырсыктардан сактайт. Менин алгачкы машинам да, азыркым да талаага таштаган жок. Үч жылдан бери кабагын түйүп, мүнөзүн көрсөткөн жок. Бу деле мамилеңди сезет. Былтыр жолдо келатып, “жаным го, жаным” деп өөп койсом булкуп кетип жатпайбы. Ии ушу дагы эркелеп жатат деп кабыл алып, жолумду уланттым.  

 

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Булак: “Майдан.kg” гезити