Кыргызга гана эмес атагы алыска кеткен Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналчу нерселер арбып баратканы кубанычтуу. Бири китеп жазса, экинчиси акындын айкелин жасоого умтулуп, дагы бири сүрөт тартуу менен алек. Райондун журтчулугу да түп көтөрүлө учурунда пешенебизге жаралып, айрыкча Кетмен-Төбө жергесин дүйнө калкына тааныткан акынга таазим кылуу ниетинде иштиктүү аракеттерди ийге келтиришүүдө. Анткени үлкөн тойдун шааниси баары бир акындын ысымын урматтап алып жүргөн райондо өтөөрү айныксыз. Мына ошондуктан ар бир саатты сарамжалдуу пайдаланып аз сүйлөп, көп иш бүткөрүүгө белсенишибиз абзел.
 
Улуу акындын өмүр жолундагы урунттуу окуяларды чагылдырууда көркөм тасманын ролу өзгөчө орунда. Канткен күндө да жандуу тартылган тасма адамга башкача таасир калтырат. Мына ошондой өңүттөгү көрүнүштөрдү тасмага түшүрүү үчүн жердештерибиз киришкенин көрүп ичибиз жылып турат. Кино режиссёр Абдиш Айылчиев башынан документалдуу тасмалары аркылуу элге таанылган. Анын жанындагы тасманын продюсери Мухтар Атаналиевди да билбеген жан жокко эсе. Анткени анын демилгеси менен жаралган тасмаларды азыр тизмектөөнүн кажети жок. Ал эми оператор Канат Алыбаевдин чеберчилигин кошо иштешкендер жакшы билишет. Мындан мурдагы тасмаларын тартууда да ал Абдишке жакшы көмөгүн тийгизген. Ошондуктан кайра эле чогуу тасма тартууга белсеништи. Себеби алар бири-биринин кесиптик, адамгерчилик деңгээлин сураттырбай билип калышкан. Бул ирет да А.Айылчиев башкы режиссёрлук милдетти мойнуна алды. Өзүнүн ассистенти катары Медин Учкеевди алганынын жөнү да бар. Анткени ал көз алдында бышып жетилгендерден.
 
Арийне, ойчул акын Токтогулдун ролун аткаруу оңойго турбасы белгилүү. Ошондуктан элге таанылып бараткан акындык өнөрү бар Талант Асаналиев тандалды. Алгачкы сыноодон ал ийгиликтүү өттү. Ал эми акындын апасы Бурманын ролун аткарууга ырчы Ратбү Асранованы тартышкан. Ал дагы өзүнүн дараметин аныктап койду. Башка кейипкерлердин образын жаратууга ондогон адамдар сынактан өткөрүлүп анан тандалды. Акыйкатында алтан акындын өмүр жолун тасмага тартуу жөнөкөй иш эмес. Демек, буга чоң жоопкерчилик талап кылынат.
 
Алгачкы тасманын бөлүгү Токтогул районундагы Кара-Күңгөй айылына жакын жерден тартылды. Боз-үйлөрдү таап, керектүү жерге тигүүнү, аттарды чогултууну, адамдарды ошол мезгилдегидей кийинтүүнү ушул жергиликтүү айылдын эли өз моюндарына алышты. Айыл өкмөтүндө иштегендер да активдүү катышып өз көмөктөрүн беришти. Мекенчилдик, чыгармачылыкты урматтоо, адамгерчилик сапат ачык сезилип турду. Көрсө элеттик элдин жүрөгү таза, пейили тунук, айкөлдүгү кенен экен. Мына ушунун баары олуя акынды сыйлоонун аркасында жаралганын айта кетүү чындыкка жатат. Томаяктардын таламын талашып, тапканын колунда жоктор менен бөлүшкөн Токобуздун философиялык жарк эткен ыр саптары кылымдардан-кылымдарга эл жүрөгүндө кала берет. Айтор чыгармачыл жамаат каракүңгөйлүктөрдүн берген жардамына ырахматын жаадырышты.
 
Арийне эл ичинен ар кандай көз караштагылары чыгат.  — “Токтогул тууралуу илгери эле кино тартылбадыбы беле? Эми булар кайсыны кыйратат” дегендер да пайда болду. Бирок бур ирет таптакыр башкача өңүттөгү тасма жараларын булар кайдан билсин? Ал тургай түшүнгүлөрү да келбейт. Дегинкисинде кыйкым издегендерге жолуңар болсун деп коё туралы. Ал эми тасманын уландысы убагында акын сүргүндө жүргөн орустардын Иркутск шаарынын тегерегинен тартыларын да айта кетели. Андан сырткары Казакстандын талааларында уланарын көздөп жатышат. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде “Мекенчил жаш” бирикмесинин жетекчиси Темирлан Бекботоев колунан келген жардамын бергенин да жашырышкан жок. Элибиздин ичинде чыгармачылыкты баалаган, Токтогул Сатылгановго кайдыгер карабаган колу ачык мырзалар да жок эмес экендигин билебиз. Жалпы элдик ишке шымалана киришкен чыгармачыл жигиттерибиз жалгыз эмес деп ишенип туралы. Бүткүл элдик ишке жапырт кол кабыш кылбасак биздин мекенчилдигибиз сокур тыйынга арзыбайт.
 
Жора Сулайманов
Булак: Ачык сөз