Жыл сайын жаштардын “Limon.kg” порталы кыргыздын сулуу кыздарына издөө салып, “Мисс Интернет” конкурсун уюштуруп келе жатат. Быйыл да бул жарыш кызуу жүрүүдө. Мурдагы жылы утулуп калгандар огобетер сулууланып сүрөткө түшүп жатса, алардан конкурска жаңы катышып жаткандар кем калышпайт. Бул ажарлуу сулуулардын дүйнөсүнө көз салып олтуруп, эчен замандан бери айтылып келе жаткан “Кыздары сулуу кыргыздын!” деген кептин даана акыл экенине дагы бир ирет ишенип кетесиң. Гезит жеткен жерде интернет жок экенин эске алып, биз конкурска катышкан сулуулар менен сиздерди да урматтуу окурман, тааныштырып турууну туура көрдүк...

 

Айсулуу Оморова, 22 жашта

 

Айсулуу кичине кезинен бери бий менен машыгат. Чет тилдерди жакшы көрөт, англис тили боюнча бир нече олимпиадаларды жеңген. Лыжа тээп, сууга сүзгөндү жактырат. Кыргыздын жаратылышын жанынан артык көрөт, тоо-сууларга барып, эс алып келгенди билет. “Улуттук колориттеги бардык нерсени жакшы көрөм: тамак-аштарыбыздан баштап кийимдерибизге чейин. Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулушун каалайм жана буга колумдан келишинче салымымды кошом”,- дейт ал.

 

Жеңишгүл Шабданбекова, 22 жашта

 

Кыргыз улуттук университинин студенткасы. Бирок, Жеңишгүл студент экендигине карабастан, журналистика тармагына да из таштап, бир катар гезит-журналдарга жазып жүрөт. “Заманбап чыгыштын кызы бардык жагынан идеалдуу болушу керек. Аялзаттын күчү жумушундагы ийгиликтерде эмес, үй-бүлөсүнө көргөн камкордугунда жана мээриминде. Менин жашоомдогу приоритеттер – идеалдуу колукту, жакшы кожейке, камкор апа болуу”,- дейт ал.

 

Айканыш Кенжебаева, 25 жашта

 

Спортту жактырат, гимнастика, бий менен машыгат. Учурда йога боюнча сабак алууда. Техникалык жаатта билими бар, учурда экинчи экономикалык жактан билим алууда, финансы тармагында эмгектенет. “Ар бир адамдын бул жашоодо өзүнүн аткара турган миссиясы бар. Ошондуктан, мен да урпактарга өз изимди калтыргым келет”,- дейт Айканыш.

 

Махабат Баялиева, 21 жашта

 

КГУСТАда окуйт. Мамлекеттик кызматта иштейт, кээде оюн-зоок кечелеринде алып баруучулук (заманбап тилде – ди-джей) кылат. Китепти көп окуйт. Музыка, бий, спорттун ышкыбозу. “Биздин турмуштагы башкы нерсе – адамдардын бири-бири менен баарлашуусу. Эч бир техника, илимдин жетишкендиги адамдардын жүрөгүнүн жылуулугу менен акыл-эсинин тереңдигин алмаштыра албайт. Ошондуктан, жер жүзүндөгү бардык адамдар бири-бири менен достошуп, конокко барышып, улууларга урмат, кичүүлөргө сый көрсөтүп ынтымакта болушса деп тийлеймин. Ансыз деле адам өмүрү кыска эмеспи”,- дейт Махабат.

 

Диана Сабырбекова, 20 жашта

 

Кыргыз-Орус Славян университетинде окуйт. Коомдук өнүгүү фондунда координатор болуп эмгектенет. Модельдик тажрыйбасы бар. Диана бир нече кыргыздын жаңы тартылган кинофильмдеринде ролдорду ойногон.

 

Рахат Божокоева, 19 жашта

 

Кыргыз Улуттук университетинде окуйт.

 

Сүрөт тартканды, бийлегенди жакшы көрөт. Кинофильм, клиптерге тартылган. Хореограф болуп да эмгектенет.

 

“Мен ар тараптуу чыгармачыл адаммын. Ошондуктан, адамдарга кубаныч тартуулагым келет. Албетте, келечекте жакшы апа болгум келет”,- дейт ал.

 

Зейнеб Мухамедгалиева, 22 жашта

 

Зейнеб да Кыргыз Улуттук университетинин студенткасы. Тоо лыжасына кызыгат. Чет тилдерге окуп жүрөт. “Эң башкысы үлгүлүү үй-бүлө кургум келет. Төрт баланын апасы болсом дейм. Анан алардын баарын атасына кошуп кайыкка олтургузуп алып, жер жүзүн кыдыргым келет”,- дейт жаш сулуу.

 

Ушул жана башка сулууларга “limоn.kg” сайтына кирип, добуш бергенди унутпаңыздар!

 

 

 

 

Булак: “Майдан.kg”, №27 (156), 06.08.2014-ж