Кыргыз Республикасынын  маданият, маалымат жана туризм министринин колдоосу менен Рустам Мамановдун демөөрчүлүгү алдында «Улут жүзү» коомдук фонду жарыялаган эл аралык «Кыргыз эл бий» сынагына катышам дегендердин саны арбыды.

 

Сынакка алгачкылардан болуп кыргыз элинин каада-салты, маданияты дегиле элибизге тийешелүү баалуулуктардын түп нускасын жоготпой сактап келген кытайлык кыргыз боордошторубуз, өз талантарын тараза ташына коюшууда.

 

 “Өзүмдүн кесибим бийчи болгондуктан, элибиздин бий өнөрүнүн тарыхын изилдөө, элибизге тийешелүү бий кыймылынын аракеттерин табуу мен үчүн жат көрүнүш эмес. Эсимде, мен Кыргызстанга жаңы келгенде, менден чогуу окуган кыздар “бийлеп берчи”, деп суранышкан. Бирок, менин өнөрүмө күбө болушкандан кийин, сен эскиче бийлейт турбайсыңбы, бизде минтип бийлебейт”,– деп айтышкан. Ошондо аябай таң калгам, кантип эле элибиздин көнөөрбөс маданияты эскирип калсын? Мына жакында Рустам Мамановдун демөөрчүлүгү менен “Улут Жүзү” коомдук фонду жарыялаган сынакты угуп, аябай толкундандык. Анткени бул биздин билишибизче Кыргызстанда өтүп жаткан бий боюнча алгачкы эл аралык, а негизги чет жердеги боордошторубуздун да башын бириктирип, таланттарына күбө боло ала турган биринчи сынак деп ойлойбуз. Ошондуктан кытайлык боордошум музыкант Кубандык Жаасын уулу менен Кыялбек Урманбетов агайыбыздын сөзүнө таандык “Жалын бий” деген чыгармабыз менен сынакка катышууга камданып атабыз,”- дейт белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын небереси Жүсүпмамай уулу Тургуналы.

 

Эскертсе кетсек байге фонду бир миллион сомду түзөт.

 

“Майдан-пресс”