Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 4608
Кыргыз эстрадасын жаңырткан жаңы муундун жоон тобунда Айнура Салахидинова деген дагы ысым бар. Муңдуу ырларды жүрөккө жеткире ырдаган ырчынын үй-бүлө күтүп, аны менен чыгармачылыгын катар алып кетип жаткан учуру. Ырчы кызды маекке тартып чыгармачылыктагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу азын-оолак кеп салдык. 
 

- Айнура, учурда эмне менен алек болуп жүрөсүң, чыгармачылыгыңда кандай жаңылануулар бар?

 
- Учурда адаттагыдай эле изденүүнүн үстүндө жүргөн кезим. Чыгармачылыкта жаңылануу болуп турбаса болбойт эмеспи. Бир учурларда ырларым көп болгону менен клип тартканга каражат жок болгондуктан, көңүлүмө өтө жаккан ырларыма гана тарттырып кала берчүмүн. Азыр турмушка чыгып мени колдой турган демөөрчүм пайда болду, эми тескерисинче, клип тарттыра турганга ырым жок болуп калууда. Ошондуктан, жаңы ырларды жаздырып жатам. Анан дагы шаңдуу ырларга басым жасоодомун, болбосо муңдуу ырларды көп ырдайт эмесминби, "эмнеге ырларыңдын баары муңдуу?" деген суроолорду көп угам. Азыр болсо тойго барып ырдап калсам "бийлей турган ырларды ырдап калгансың го" деп жатышат. Бирок, муңдуу ырлар менин жүрөгүмө жакын болгондуктан, дагы деле ырдай бермекчимин. Айрымдар "кандай ырларды ырдасаң турмушуң ошондой болуп калат" деп коюшат, бирок, мен андай дегендерге ишенбейм. Баары Жараткандан болот эмеспи.


- Ырга кичинеңден эле шыктуу­суңбу? 


- Мен Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн кызмын, экинчи класста окуп жүргөнүмдө үйүбүздүн жанында комуз ийрими ачылып калды, анан кызыгуум пайда болуп катышып алдым. Аны менен катар мектебибизде ачылган "Жаш Кыял" бий ансамблинде бийлеп, хордо ырдап калдым. Ошол учурда музыкага байланыштуу эмне ийрим болсо баарына катышчумун. Бирок, бара-бара убакыт тартыш боло баштаганда ата-энемдин айтуусу менен тандоо кылып комуз тармагына кеткен элем. Чынында, башында комузга ата-энемдин түрткөнү менен эле барып жүргөн болсом, кийин чет өлкөгө чыгып, кооз жерлерди көрүп, анын деми менен комузду берилип чертип калдым. Мектепти аяктап Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна окууга кирдим. Ал жактан агайым Замирбек Үсөнбаев "ырдап көрчү" деп калды. Ырдап берсем "сен комузду жакшы коштоп ырдап кетет экенсиң, ырдаганды үйрөнүп, дастанчы бол" деди. Мен дастандардын баарын жаттап ырдап жүрдүм. Студент кезимден эле ырчыларга аралашып ырдап, комуз менен лирикалык ырларды аткарып калчумун. Кийинчерээк байкасам, көпчүлүк комуз менен ырдаганга караганда эстрадада ырдагандарды жактырышат экен. Бир тууган иним дагы "дастан айтып эле жүрө бересизби, сиздин ырыңызды жаштар укпайт" деп намысыма тийип койду. Ошондон кийин эстрада жаатына ооп кеттим. Ошентсе да кыргыз жыттанган ырлар жүрөгүмө жакын, азыр эстрада менен ырдаган ырларымды деле элдик аспаптар менен коштотуп ырдайм.


- Бишкекте чоңоюп-өскөнүң менен шаардыктарга такыр окшобогон жөнөкөй кызсың. Кандай үй-бүлөдө чоңойдуң эле? 


- Мага көпчүлүгү ушул суроону беришет. Мен шаарда карапайым, жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгон кызмын. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, улуу эжем орус мүнөз кыз. Мен айылга көп барып калчумун, ал турсун айылда да окуп келгем, ошонун таасиринен да болсо керек кыргызча сүйлөгөн эле жөнөкөй кызмын. Анан дагы искусство институтунда окуганымдан болду. Замирбек агай ырдатканда ар сөзүмө көңүл буруп, сен "к" тамгасын "г" деп ырдайсың деп ар бир сөзүмдү тууралап турчу. Бирге окуган группалаштарым дагы айылдан келген карапайым кыздар-балдар эле, аларга аралашып калдым дегендей.


- Ата-энең чыгармачылыгыңа кандай карайт? 


- Башынан эле мени колдоп турушат. Апам өзү тигүү цехин иштетет, тигүүчү, бүгүнкү күнгө чейин менин сахнага кийип чыккан кийимдеримди апам тигип берет. Мен журналдардан, интернеттен өзүмө жаккан көйнөктөрдүн сүрөтүн алып барып, каалаганымдай кылып тиктирип алам. Өзүмдүн дагы шыгым бар, ал көйнөккө фантазияма жараша жалтырак-жултурак тагып кооздоп алам. Апама абдан ыраазымын, кичинемде да жоктон бар кылып, карыздап болсо да мага көйнөк тигип берип Түркиядан өткөн комуз чертүү боюнча бир нече конкурстарга жиберди. Азыр болсо мени менен сыймыктанат. Үйгө барып калсам ырдатып анан жиберишет. Кичинемде дагы үйгө конок келсе эле мени ырдатып калышчу. Апам мен чоңойгончо "сенин чыгармачылыгыңды түшүнүп, ырчылыгыңды колдогон адамга жолуксаң экен" деп тилеп жүрдү. Апамдын тилеги орундалды десем болот, жолдошум Санжар менин чыгармачылыгымды колдоп турат, апамдар Санжарды "азамат, Айнураны колдоп турасың" деп алкап турушат. Анткендери жолдошума жагып, андан бетер мени колдоп "ыр жаздыралы" деп калат. Турмушка чыккандан кийин мен дагы жалкоо боло баштадым, болбосо бойдок кезимде дайыма изденип эле жүрчүмүн. Азыр болсо жолдошум сахналаштарымдын ыр жазып, клип тарттырганын көрсө эле "биз артта калдык, тур, иштейли" деп турат.


- Турмушка чыккан кандай экен, үй-бүлөлүк шарттарга көнүп калдыңбы? 


- Турмушка чыккандан кийин көп нерсеге чек коюлуп, мурдагыдай эркин жүрө албай калат экенсиң. Ар бир кыймылың жолдошуңдун көзөмөлүндө болуп калат экен. Биз күн сайын эртең менен туруп тамактанып жатканда жолдошум "бүгүн кандай пландарың бар?" деп сурайт, мен саат канчада кайда бараарымды айтам. Ал кайда десем жиберет, бирок улам телефон чалып кайда эмне кылып жүргөнүмдү сурап турат. Түштө жолугуп кафеден чогуу тамактанабыз да экөөбүз эки жакка кетип калабыз. Өзү бизнесмен, азыр үй куруп сатуу бизнеси менен алектенет. Иши көп болсо да убакыт бөлүп менин кайда жүргөнүмдү текшерип турганы мага жагып жатат. Бирок, кээде жөнү жок эле тыя бергени жакпай кетет. Өзүнүн көңүлүнө жакпаган жакка барбай эле койчу деп же мындай деп сүйлөп койдуң деп тыйып турат. Мен болсо унчукпай баш ийип эле калып калам. Болбосо мурда эркелеп атам менен апамды тоготчу эмесмин, жолдошума баш ийип калдым. Көрсө, турмуш деген ушундай болот экен да, аял жолдошуна баш ийиши керек экен. Анан да мурда чыгармачылыкты башкы планга койгон болсом, турмушка чыккандан кийин үй-бүлө мен үчүн бийик болуп калды. 


- Эркин жашоону самаган учуруң да болуп калабы? 


- Жок, кандай болгон күндө дагы мага турмушка чыкканым жагып жатат. Ар дайым колдогон, таянаар адамым жанымда. Мурда өзүмдү эле ойлосом, азыр жолдошумду дагы чогуу ойлочу болуп калдым. Дайыма анын кабагын карап, ал үчүн кам көрүп турам, бул нерсе мага жагымдуу. Азыр бири-бирибизди карап эле кубанып бүтө албай турган учурубуз, бул нерсе түбөлүккө уланса деген тилегибиз бар. Негизи чыныгы сүйүү баш кошкондон кийин келет деген чын экен, күндөн-күнгө сүйүүбүз күчтүү болуп бара жатат.


- Ырчынын жолдошу болуш бир топ эле кыйын болсо керек, жолдошуң кызганабы? 


- Мен анын кызганышына жол бербейм, кайда барсам жаныма ээрчитип алам. Анан да мурда интернетке кирип социалдык тармактар аркылуу түрдүү күйөрмандарым менен таанышып, баарлашып жүргөн болсом, азыр ал нерсеге чек коюлган. Себеби, бир жолу Жалал-Абаддан келе жатып бир чоочун эжени сала келгенбиз, ошондо ал эже интернет аркылуу бир адам менен таанышып, аны сүйүп калып жолдошу менен ажырашып кеткенин айтып, "азыр ошол адамга шашып бара жатам" деп калды. Жолдошум ошону уккандан кийин ашыкча досторумду өчүртүп, интернеттен ар ким менен таанышуума чек коюп калды. Мен дагы ага чек коюп, дос-туугандардан башка досторун өчүртүп салгам. Негизи экөөбүз тең бирдей эле кызганчаакпыз, бирок, азыр кызганганга себеп боло элек. Кээде олтуруп "эмнеге мени кызганбайсыз" деп калсам, "мен кызгансам жаман болуп калат, кызгантпай эле койчу" деп калат. Мен да абдан кызганчаакмын, мурда сиңдилерим жакшы көргөн кийимдеримди кийип кетип калса эле абдан кызганчумун, анан жолдошумду бир топ эле кызгансам керек. 


- Үйдө акчаны кимиңер кармайсыңар? 


- Албетте, жолдошум кармайт. Менин өзүмдүн ырдап тапкан акчам дайыма чөнтөгүмдө болот, ал сурабайт деле, өзүм эле дүкөнгө барып ага кийим алып келип берем, кээде "бензин куюп алыңыз" деп акча берип коём. 


- Мурда тамак жасаганды билчү белең, ашканада кандай кожойке болдуң? 


- Мен турмушка чыкканга чейин эле баарына даяр болчумун, апам керек болсо колго нан жасагандан тартып максым, бозо жасаганга чейин үйрөткөн. Бир гана плов басканда, жакшы демдей алчу эмесмин. Турмушка чыксам плов жолдошумдун сүйүп жеген тамактарынын бири экен. Мен келин болуп барганда кайненем плов жасаганды үйрөтүп койду, азыр жакшы жасайм, пловду өзүм дагы жакшы көрүп жеп калдым. Мен келин болуп барганда күн сайын түрлөп тамак жасап жаткам. Бир күнү жолдошум "сен бардык тамактарды жасаганды билет экенсиң, ээ?" деп калды, мен ансайын мактанып "каалаган тамагыңызды жасап берем, дагы кайсы тамакты жегиңиз келет?" десем, "ашлямфу жасаганды билесиңби?" дейт. Мен чынында жасаганды билчү эмесмин, калп эле "билем" деп койдум. Шаша-буша эшикке чыгып тамакты түрлөп жасаган бир тууган эжеме чалып, кантип жасашты үйрөнүп жасап бердим эле жолдошум менен кайненеме абдан жакты. Азыр жумуртка кууруп берип койсом деле кубанып жей берет. Өзү тамакты жакшы жасайт. Мага да тамакты таптап жасаганды үйрөтүп койду. 


- Ал эми үй иштерине кандайсың? 


- Үйдө эжем экөөбүз болгондуктан, ишти бөлүшүп кылууга туура келчү. Ал дайыма тамак жасачу, мен үй жыйначумун. Дайыма үйдү мен ирээттегендиктен, кайда жүрбөйүн апамдар телефон чалып "эй, бул кайда, тиги кайда?" деп эле сурап жүрүшчү. Менден сурабай өзүлөрү үйдү чачышчу эмес. Азыр дагы үйгө барам деп калсам, "чачык болсо Айнура келип урушат" деп мен барганча апам үйдү жыйнаганга шашат экен. Мен кичине кезимден тазалыкты жакшы көрөм, үйүн чачып алып олтургандарды көрсөм жиним келет, үйүмдү жыйнамайын тамагымдан аш өтпөйт. 

 

Динара Чокоева

"Леди.kg"