Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 3554
Быйылкы жылдын "Интернет сулуусу", "Vitline" моделдик агенттинин модели менен маек
 
 - Сырттан караган адамга моделдик кесип оңойдой сезилет? 
 
- Ооба, баары сүрөткө түшкөндүн эмнеси оор деп ойлошот. Бирок биздин жумуш аябай татаал. Дайыма чачың, тырмактарың таза, жакшынакай болуп турушу үчүн канча эмгек керектигин аялдар жакшы түшүнөт. Ал эми сүрөткө түшүүдө фотограф каалап аткан эмоцияны, көз карашты так берүү абдан оор. Болбосо атактуу моделдер Наоми Кемпбел, Кейт Мостой сулуулар жок дейсизби? Андан ашкан сулуулар миллиондоп жүрүшөт, ошолордун баары эле модель болуп кетпейт беле. 
 
- Канча тил билесиң?
 
- Тил жагы мага өзүнчө эле көйгөй. Орус тилинде суудай сүйлөгөнүм менен, эне тилимди жакшы билбейм. Шаарда чоңойдум, анын үстүнө мен мектепте окуп аткан кездерде кыргыз тили жөндөп берилчү эмес. Эми-эми кыргыз тилинде өз оюмду толук айтууга үйрөнөйүн деп, Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуюн деп атам. Чынын айтсам, эне тилимди мыкты билбегениме уялам. 
 
- Негизи модель, ырчы кыздардын артынан сөз көп ээрчийт эмеспи. Ушак-айыңдан коркпойсуңбу?
 
- Бир нерсе айтайынбы? Мен келечекте актриса дагы болгум келет. Ошондо актриса жана модель болсом элестете албай атам, өзүм жөнүндө эмне деген ушактарды угарымды (күлүп). Бирок коомчулуктун айтканына көңүл бурбайм. Анткени элдин баарына бирдей жага албайсың да.
 
 
"Майдан.kg"