Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 4478
Кыргызстандын вице-мисси Айжамал Жакеева сулуулук жөнүндө
 
- Сулуулардын артынан саясатчылар, байлар чуркашат экен го…
 
-Эми ар кандай көрүнүштөрдү кезиктирүүгө болот. Ошондуктан биз бат-бат телефон номерибизди алмаштырып турабыз. Бир жолу  чогуу иштеген курбу кызым менен бир жабык көргөзмөдө жүрсөк, Бакиевдердин бирөөсү байкап калып, артыбыздан түшүп бир кыздын жанын койгон эмес. Ал моделибиз үйүнөн такыр эч жакка чыкпай жүрүп араң кутулган. Бирок кээ бир кыздар улуу болсо да байлыкка кызыгып, алардын сунушуна макул болгон учурларда кездешет. А кээ бирлери болсо, атайын бай чиновниктер менен таанышуу үчүн гана келишкендей сезилет. Акаевдин учурунда уулу  Айдар бир модель кызга "же мага турмушка чыгасың, же өлөсүң деген" деп бул тармакта көптөн бери жүргөндөр айтып калышат. 
 
"Майдан.kg"