Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 3487

Дөөлөт Мадымаев. Бул ысымды укканда 90-жылдардагы боорду эзген “Чийели, чийели, эртерээк эрге тийели” деген анын аялдын образын жараткан куудулдугу көз алдына тартылат. Тамашакөй, таланттуу бул адам былтыр 51 жашында дүйнөдөн көз жумду. Ошентсе да, анын жаркын элесин жакындан билгендер ар убакта эске салып, күлкүлөрүн сахнада улам жаңыртып турушат.

 
ГАИнин оозун ачырганда
 
 Дөөлөт Мадымаевдин алгачкы кесиби тракторист экен. Талант мейли артист болбосо да, өнөрүн урунчу жерди табат. Өнөр эскирбейт, унутулбайт. Ал Кең-Сайда трактор айдап жүргөн кези. ГАИ кызматкерлери кээ кезде Кең-Сайдагы постто туруп калышчу. Бир жолу келатса, бир ГАИ турат дейт. “Эми дагы токтотот турбайбы” - деп Дөөлөт аке трактордун ичине ылдый жатып алып, башын чыгарбай, коендон бийик, чөптөн жапыз болуп жашынып айдап жөнөптүр. Акырын айнектен караса, ГАИ кызматкери тракторду айланып, рулдагы айдоочуну көрө албай, өзү жүрүп баратабы? – деп оозун ачкан тура.
 
Чал-кемпирдин чатагы” багын ачкан
 
Сахнага өздүк көркөм чыгармачылык ийримдерине катышып жүргөн жеринен Манас Бердибеков көрүп, ээрчитип келген. “Чал-кемпирдин чатагы” деген номуру бар экен. Ошону айтып берчү. Анын юморлору таамай, жеткиликтүү болчу. Бирок, эмнегедир көп убакытка чейин бир эле номерди аткарып жүрдү. Ал өзү да “чокон атам” деп калчу. Көрсө, “чокон атам” дегени ордо оюнунда чүкөнү жалгыздан аткан оюнчу менен салыштырганы экен. Ошентип, ал сахнага келгени бир жылча бир номер менен гана чыкса да, көрүүчүлөр тарабынан кызуу кабыл алынган. Сатира, юмор жанрын кенен түшүнүп, такшалып калгандан кийин, камчы салдырган жок. Төрөгөн аялдын, нан жапкан аялдын образдарын ачкан юморлору менен элге тааныла баштады.
 
Сексен мантыны жегенде
 
өзү таланттуу адамдардын бөтөнчө бир мүнөзү болот. Дөөлөт Мадымаев да ушулардын катарына кирчү. Жумшак адам болчу, бирок, кээде тамашаны көтөрө албай, болоор-болбос нерсеге таарына кетчу эле, жарыктык. Маанайы жакшы кезде күлдүрүп, баарынын черин жазса, маанайы жокто ыйлап берип, бушайманга салчу.
 
 Баарынан кызыгы – тамакты өтө жакшы көргөн адаты бар эле. Пародист, юморист Эрик Кыдырбаев деген досу экөө бир жолу ашканага тамактанганы барышпайбы. Анан… Анан сегизден эки порция тамак заказ кылышат. Жешет. “Эми биротоло дагы экиден порция пельмен жейли,ошону менен кечке ток жүрө беребиз”, - деп дагы заказ кылышат. Анда ашканадагы аял көпкө таң калычтуу карап калган окшобойбу, Дөөлөт: “Кассадагы орус аял бизге шектүү карап жатат, орун которуштуруп отуралычы? – дейт имиш.
 
Баса, дагы бир жолу Ошко барышат. Ал жактан жанагы эле экөө Тешик-Таштагы ашканага кирип, 40тан 80 манты заказ кылышат. Эрик менен Дөөлөт 80 мантыны заказ кылса, “башка кишилер да келишеби?” –  деп сурашат ашканадагы өзбек аялдар.
 
“Ооба, келет” - деп коюп өздөрү баягы 80 мантыны экөө шашпай жеп киришет. Аларды байкаган ашкананын кожойкеси, анда: “ушу балдар, биздин тамакты аябай өткөрүп атат. Биз сыйлык кылып, ыраазылык билдирип коелу” – деп дагы беш манты бекер кошуп беришиптир. Анда экөө тоюп калышкан экен. “Сен же, мен же” деп олтуруп, төрт мантыны түгөтүшөт. Ошентип, акыркы бир манты өтпөй калыптыр. Көк чай заказ берип, бир мантыны экиге болуп, акыры чогуу жеп түгөтүшүптүр. Алар мантыны жеп бутөөрү менен баары кол чаап атышат дейт. Көрсө, алардын тамак жегенин баары карап турушуптур. Айтмакчы, ал таң эрте филармонияга ишке келип, кайра саат 9да жыйналыш башталганча базарга чуркап барып, алты чыны бозо ичип, жетип келип калчу экен.
 
Атчабар атага айткан кеп
 
Бир жолу Ошто гастролдоп көпкө жүрүп калышкан. Жамбыл Камчиевтин үйүн байырлап калышты. Анын апасы менен атасы тирүү кези. Дарбаза ачылчудай тарсылдап, үн чыгып калды:
 - Ай, атчабар (Камчыны тергеп) бу тоокторун бары-жокту тебелеп салды го, балдарыңа  айтпайсыңбы, камашпайбы – деп эле күңкүлдөп, сүйлөнүп айылдагы сексенден ашкан жеңеси келе жатат. Ал дайыма Жамбыл акенин атасын тергеп “Атчабар” дечү экен. Жер төшөктөрдү салып, чай коюп, кемпирди келе жаткан экен деп даярданып жатышса эле, жок. Сыртка чыгып караса, эч ким көрүнбөйт. Көрсө, дарбазанын сыртынан Дөөлөт аке кемпирди туурап, суйлөнүп, кайра дабыш чыгарбай басып кетиптир.
 
 
Чийели, чийели...
 
Чал менен кемпир экөө жаштардын жүрүш-турушу жөнүндө кеп салып олтурушат. Интермедиянын башы ушундай. Илгерки клиндер кандай эле да, азыркы келиндер кандай? Анализ кылып, бири экинчисине: - Бая чөп чапканы кетип бараткан жаштарды көрдүм, кыздар: “чийели, чийели, эртерээк эрге тийели” – деп ырдап баратышпайбы. Ушу кантип болсун” - деп бетин чымчыйт. Бул сатира 92-жылдары хит болгон.
 
Элеси эстен кетпейт
 
Ал өз мезгилинде “супер куудул” сынагынан биринчи орунду алууга жетишкен. Көбүнчө аялдардын, чалдардын ролун ийине жеткире аткарчу жана жаныбарлардын үндөрүн, машиналарды, деги эле тирүү, тирүү эмес нерселердин дабышын кудум өзүндөй туурай алчу.
 
Дөөлөт Мадымаев мезгилинен эрте кетти. Ал 51 жашта гана болчу. Быйыл октябрь айынын башында куудулдар чогулуп, Шорпо – Жаныбек Алыкуловтун демилгеси менен Ош шаардык драмалык театрында анын урматына концерт өткөрүшөт. Андан түшкөн каражат айылдагы эстелигин ачууга жумшалат. Ал эми куудул Жамбыл Камчиев айылдан аял жакпай, шаардан издеп келген чалдын образын кинотасмада жаратып, андагы каарманды Дөөлөт деп атап койду. Демек, аз да болсо, бул сый, аз жашап, аздыр-көптүр элинин эсинде калган инсан үчүн урмат.
 
(Куудул Ж.Камчиевтин айтып берүүсү боюнча даярдалды)