Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 28974

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Bakr учурда командасы менен юристтерден кеңеш алып, доо арыз даярдап жатканын билдирди.

Кыргызстандык таанымал рэпер Бакрды Орусиянын аймагына киргизбей коюшту. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал концерттик тур менен Россияга 17-ноябрда барганында, Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кармалган.

«Эч түшүндүрбөстөн Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салышты. Андан соң мени күтүү бөлмөсүнө киргизишти, мен Бишкекке кайра учуп кетүүгө аргасыз болдум. Ал жерде эртең мененки 10дон кечки 9га чейин отурдум. Бишкекке учуп келген соң мага Орусиянын аймагына кирүүгө баш тартуу боюнча токтомду беришти. Андагы себеп катары Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат жок экени көрсөтүлгөн”, — деп жазды рэпер.

Bakr учурда командасы менен юристтерден кеңеш алып, доо арыз даярдап жатканын билдирди.

Булак: govori.tv