Бишкек, “САЯСАТ.KG”. Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
⁃ Өмүрзак Жолдош уулу, убагында “Президент жана бомж-1-2-3”, “Миллионердин сүйүүсү”, кийинки жылдарда “Манастын уулу Семетей” тасмалары менен кооомчулукта чоң резонанс жаратып, акыркы эки жылда Голливуд менен “Манас” фильмин тартмакчы болуп, ого бетер ызы-чуу түшүп аттык эле. Эми айтылышы интрига тартуулаган “Президенттин сүйүүсү” аттуу тасма тууралуу билдирип атасыз.
⁃ “Манастын уулу Семетей” жаңы алымча-кошумчалардан кийин эл аралык интернет платформаларда жана телеканалдарда көрсөтүүгө чыгарууга каралып атат. “Манас” фильми - бюджети 150 миллион долларлык ири долбоор. Ал чечилгиче “Президенттин сүйүүсү” тасмасын тартууга аракеттенип атабыз.
⁃ “Президенттин сүйүүсү” качан тартылып баштамакчы.
⁃ Буйруса март айына болжоп турабыз.
⁃ Кыргызстанда тартылабы.
⁃ Негизинен Америкада Нью-Йорк, Вашингтон, Лос-Анжелес жана Париж, Москва, Стамбул шаарларында.
⁃ Кыргыз актерлору тартылабы?
⁃ Америкадагы кыргыз, казак, өзбек аткаруучулары жана Американын, Франциянын, Россиянын айрым актерлору катышмакчы.
⁃ Окуя Кыргызстандын президенти тууралуубу?
⁃ Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешкен Туран конфедерация мамлекет президентинин турмушу баяндалмакчы.
⁃ Демек, шарттуу, адабий каармандын турмушу.
⁃ Ооба. Орто Азия мамлекеттеринин башчыларынын жалпылаштырылган адабий образы.
⁃ Тасма интригалуу болгону үчүн тартылып буткөндө Орто Азия мамлекеттеринде көрсөтүүдө кыйынчылык түзулбөйбү?
⁃ Эл аралык кино талаптарына ылайык андай тоскоолдук болбоого тийиш. Эгерде эле андай проблема жаралса эл аралык интернет платформалары менен телеканалдар бар эмеспи. Ошол булактар менен эмитен сүйлөшүүлөр жургүзүлүп атат.