Жакында кыргыз эстрадасына Эмилия аттуу ысымдуу ырчы пайда болду. Жылдыздуу жүзү, жагымдуу үнү менен элдин көңүлүн бура баштаган ырчы айымды күйөрмандарга толук тааныштыруу максатында маекке чакырдык.

Комузун колуна алып шаңшып ырдап, элдин баарын тамшындырган ырчы жигит Нурбек Дайырбек уулунун жандуу үн менен ырдаганына сиз да күбө болсоңуз керек. Тилекке каршы, таланттуу мырзанын эл оозуна кеңири алынбай келет. Чыгармачылыкта даңгыр жолго түшө албай жаткан ырчыны кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Убакыттын өтүшү менен көп балалуу болгон аялзатынын саны суюлуп баратат. Мурункудай көп бала төрөп баатыр эне наамына татыган энелер аз. Белгилүү ырчы Гүлнара Кахарова да көп балалуу энелердин катарын толуктайт. Ырчы катары, эне катары да үлгү болчу инсан менен маек назарыңызда.

Сулууларга кимдер гана суктанбаган, адамдарга дем, акындарга эргүү берип турган - дал ушул сулуу айымдар. Быйыл өткөн сулуулар сынагынын баш байгесине ээ болуп, Түркияда өтө турган сулуулар сынагына аттанганы турган сулуу кыз менен маектештик.

“Сулуулар дүйнөнү сактайт” деп айтылгандай, сулууга суктанбаган адам жок. Көчөдөн сулуу кыз көрүп калсак да, тигилип бир карап алат эмеспизби. Модель кыздардын сүрөтүн көрүп, алар тууралуу билүү андан кызык.

Бир нече сулуулук сынактарынын жеңүчүүсү, бүгүнкү күндүн мыкты моделдеринин бири - Орунгүл Шабданалиева. Модель кызды маекке чакырып, моделдик кесип, моделдердин жашоосу тууралуу суроо салдык.

Мындан көп эмес убакыт мурун кыргыз кинолорунун катарын толуктаган “Түндүктүк келин” тасмасы дисктерге чыгып, Кыргызстандан төрт бурчуна желдей тараган учур. Дал ошол тасмада баш каармандын образын ачып берген Рахат Аксултанова тууралуу маалымат алыңыз.

Азыр эмне көп ырчы көп, таланттуусу деле таланты жогу деле сахнага чыгып ырдап жаткан учур. Таланттуулары ошол топ ырчылардын арасынан суурулуп чыгып элге таанылып жатышат. Ошол таланттуу ырчылардын катарына жаш кыз Гүлзайыр Сагынованы кошсок болот. Комуздун коштоосунда фольклордук ырларды катыра ырдайт. 

“Кыялдануу”, “Барам сага” аттуу чыгармаларды кыңылдап ырдабаган кыргыз болбосо керек. Дегеним, бул чыгармалар ар бир кыргыздын жүрөгүнө сиңип, кыргыздын классикалык ырларына айланып калган. Акын Алмаш Чойбекованын дал ушул чыгармаларына жан киргизүү менен бирге уккулуктуу үнү менен элге жеткирген обончу, ырчы Кадыраалы Артыков бизде мейманда.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушууда, маданий-гуманитардык тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргыз Республикасы менен Индиянын алакасынын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Орусияда атактуу болгон "Город 312" тобунун ырчысы, "Бишкектин ардактуу атуулу" аталган Светлана Назаренко кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова өткөн айда Ош шаарына жеке концертин берип келди. Ал тургай анын аягы таарынычтар менен коштолуп, эл артисти Ош драма театрдын жетекчилигине нааразычылыгын айтып чыкты. Театрдын кассасында билеттерди саттырбай, концертиме тоскоолдук жаратышты деген Гүлнур айым буга театрдын директорун жана анын жубайы жаш ырчы Самара Каримованын тиешеси бар маңызында оюн айтат.

Коомчулукта ырчы Самара Каримова тууралуу оң-тескери кептер айтылып, бири жакшы ырчы десе, экинчиси анын катачылыгын санап, айтор  басма сөз беттеринде, интернеттеги социалдык тармактарда  түрдүү кептер орун алып жатат. Биз ал тууралуу айтылып жүргөн имиштердин  аныгын билүү максатында Самара менен байланышып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев. Өзгөн районунда “2015-жылдын сулуусу” сынагы жыйытыгын угузду. Бул туурасында райондук жаштар комитетинин төрагасы Уланбек Жумабаев сүйүнчүлөдү.

Бишкекте Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында Россиянын белгилүү артисттери Аристарх Ливанов жана Наталья Варлей “Души прекрасные порывы” деген адабий-музыкалык спекталин тартуулашты.

Сулуулук айымдардын күчтүү куралы деп эсептелет. Айкөл Аликжанова мырзалардын көңүлү түшө турган сулуулардан. Каарманым ушул жылы Англияда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2014» сынагына Кыргызстандын атынан катышарын да кабарлай кетели.

"Мыкты актриса экенсиң. Ырчы болбой эле актриса болбойсуңбу?" деген сөздөрдү угуп, кубануудамын (күлүп).

КРнын маданиятына  эмген  сиңирген ишмер, белгилүү диктор, бир  топ жылдар бою жетекчилик  кызматтарда  эмгектенген  Анаш  Кадырованын “Мен  калдым, таңкы  таза  гүлүң  болуп…” аттуу поэтикалык  китеби  жарык  көрдү.  

Асема Токтобекова, актриса өз колунан жаралган тасма тууралуу ой салат

 

- Жалпысынан 70тен ашуун чыгармачыл жамааттар менен жеке бийчилер катышкан «Кыргыз эл бийи» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Кечээ, 12-октябрда Бишкек шаарында сынакты жыйынтыктаган гала-концерт өттү.