Кыргызстанда тартылган "Көч" тасмасы Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-при алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" режиссер Молдосейит Мамбетакунов билдирди. 19-22-апрелде өткөн фестивалга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен келген документалдык тасмалар катышты. Кыска метраждуу "Көч" тасмасы кыргыз-түрк Манас университетинин студиясында тартылган. Анда көчмөн кыргыз элинин тарыхы, кылымдар бою басып өткөн жолу тууралуу баяндалат. 
 
"Азаттык"
Адамды сүйүү, чөйрө, жеке жашоо деген кызыкчылыктарга катар чыгармачылык чыйыр, жеке карьера деген максаттар коштоп жүрөт. Адамдын алга кадам таштоосуна себепкер болгон бул кызыкчылыктар тилекке каршы дайыма эле бирин-бири толуктап, дайыма эле айкалыша бербейт. Ошондуктан бири үчүн экинчисин курмандыкка чалуу керек болот. Курмандыкка чалуу оңой нерсе эмес. Ал эми аял үчүн айтылган деңгээлинен да алда канча оор. 


Саламат Садыкова:
- Чыгармачылыгым үчүн аял катары сезчү бактымды, жашоомдун гүл учуру жаштыгымды курман кылдым. Чыгармачылык жашоодо жашап, ал дүйнөдөн алыстап калбайын деп жашоонун маңызы болчу махабат, жашоо лаззаты деген өңдүү нерселерден өзүмдү алыс кармап, этияттанып жүрүп жаштыгымды курман кылып койгонумду азыр сезип олтурам. Мен өзүмдү деги эле аял катары бактылуу жашадым деп айта албайм. Акыры азыр эки кыз төрөп, ошолорду аман-эсен чоңойтуп алганыма гана тобо кылам. Өз маалында эне болуу бактысына жетишип калганыма гана сүйүнүп жашайм. Ал эми чыгармачылык менин өмүрүм болуп калгандыктан, ал үчүн курман болгон, ал үчүн аргасыз жокко айланган нерселерге өкүнгөн менен эмне табам...


Гүлшайыр Садыбакасова:
- Менин жеке карьерам - "Кыз-Бурак". "Кыз-Бурак" үчүн мен үй-бүлөмдү курмандыкка чалдым десем болот. Бүлөлүү аял болсом да жумушумдун талабына ылайык менде бирде эрте, бирде кеч келүү болду. Албетте, бул эркектерге жакпайт. Акыры мага жолдошум "же мени танда, же "Кыз-Буракты" танда" деген талап койгон эле. Буга кошумча экөөбүздүн өз-өз иштерибиз менен алек болуп менин Бишкекте, анын Ошто жашап жүрүүсү ар кандай ушактарды жаратты. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизге сен, мен дешип катуу айтышпасак да ушактар бизди эки башка кылып тынды. Бирок мен дароо эле ажырашып кеткен жокмун. Ал алгач менин айтканым менен Орусияга барып иштеп, маал-маалы менен келип турду. 1997-жылдан баштап сейрек келе баштаса, 2000-жылдан кийин такыр эле келбей калды. Ошентип отуруп 2003-жылы биротоло ажырашып тындык. Жолдошум менен ажырашкандан кийин кайгырып, капаланып, чөккөн жокмун, бул менин кайраттуу мүнөзүмдөн улам болсо керек. Бирок той-ашка жалгыз башым барганда анын орду билинип, жүрөгүм бир "тыз" этип калчу. Кээде балдарым атасы жөнүндө сураганда да мен үчүн оор болот. Ал эми чыгармачылыкта алып караганда андан алыстоодон кийин күнүгө мээңди жеген, мени стресс кылган кырдаалдардан кутулуп жеңилдеп калдым. 


Кенже Дүйшеева: 
- Албетте, бир нерсе жаратуу үчүн башка бир нерсени ага керектөө керек экен. Мен карьера үчүн болгон күч-кубатымды, болгон энергиямды сарптап койгонума ичим ачышат. Ал кезде алыс-жакын жолго чыгып, бирде ач, бирде ток болуп, бирок, эч чаалыктым дегенди билчү эмесмин. Эми өзүм үчүн, жеке чыгармачылыгым үчүн чуркайын деген кезимде чарчап калганымды сезип өкүнүп жатам. "Адам кандай иш баштаса да эң алгач өзү үчүн күч коротуш керек " деген жыйынтыкка кеч келип калдым. Ушундан улам карьера курам деген жаш кыздарга мындай кеңеш айтаар элем: жаш кездин деми, энергиясы башкача баарыбир башкача. Эрте турмушка чыгып, бала күтүп, аларды тарбиялап, бир аз чоңойтуп коюп анан деле ишке киришсе убакыт жетет. Аял болгондон кийин үй-бүлөнү алдыңкы планга чыгаруу кыздар үчүн милдет.


Азиза: 
- Мен чыгармачылыкка болгон кызыгуум ойгонгондо эле курмандыкка баргам. Ош технологиялык университетинин финансы-кредит бөлүмүндө окучумун. 2-курсту аяктагандан кийин ырчы болуу деген максатымды ишке ашыруу үчүн алып жаткан билимимди курман кылдым. Оштон Токтогулга келип ата-энеме өз оюмду айтсам алар мага аябай каршы болушту. Мен үчүн үйдө уруш-талаш, ызы-чуу да болду. Бирок менин көнбөсүмө көздөрү жеткенде акыры макул болушту. Ошентип ата-энемди макул кылып окуумду таштап, борборго келе бергем. 


Назми: 
- Менин эң жакшы көргөн тамагым лагман менен манты. Бирок сахна адамы болгондуктан, сырткы келбетти сымбаттуу алып жүрүш керек экен. Ошондуктан, мен бул тамактардан баш тартууга аргасыз болгом. Албетте ачка болгондо жакшы көргөн тамагың менен тамактангың келет да? Бирок өзүмө берген "жебейм" деген убаданы аткарыш үчүн аргасыз баш тартып отурууга туура келет. Анда күрүч сыяктуу жеңил тамак же жөн гана жер-жемиш менен тамактанып ашказанды алдайм. Чыгармачылыгыма зыяны тийбесин деп ушул күнгө чейин бул эң жакшы көргөн эки тамакты бир айда бир гана жолу, болгондо да бир порциядан жеп келем.


Айжамал Кабылова:
- Азыр ойлосом сахна, ыр деп жүрүп жакындарым менен болгон мамилемди курмандыкка чалыпмын. Аларга тийиштүү деңгээлде көңүл бура албай, ал турсун жакшылыктарына барбай калгам. Бир жолу Бишкекте концерт коюп жүрүп, өзүмдүн бир тууган жалгыз сиңдимдин үлпөт тоюна катыша албай калгам. Той күнү апам мага телефон чалып: "өзү жалгыз эле сиңдиң болсо, тоюна катышсаң болот эле го"-деп ыйлаганы алигиче эсимден кетпейт. Азыр тескерисинче балдарым үчүн чыгармачылыгымды курмандыкка чалып, балдарга жетиштүү деңгээлде эне мээримин, тарбия берейин деп үйдө олтурган убагым. 

 

"Леди.kg"

Бишкек,  “Саясат.kg”. Беттегенин бербеген, өз алдынчалыгы, өжөрдүгү менен турмуштун бардык кыйынчылыктарын жеңип келаткан ырчы Жанель Түркияда иштеп, капчыгын толтуруп кайтыптыр. Жанелдин жаңы чөйрөдөн алган таасирлери тууралуу төмөндөгү маекке назар салсак. 
 
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиң, бир күнү Төө-Ашууда, бир күнү Түркияда жүрөт деп эле угуп калабыз, деги кайдасың?
 
- Туризм боюнча окуумду бүтүрдүм, негизи буга чейин алты жыл жайкысын көлдө “Пансионатта”, кышкысын “Төө-Ашуу” тоо лыжа базасында иштеп келсем, акыркы төрт айда Түркияда жүрдүм. Бир ай эс алып, үч ай Анталиядан анча алыс эмес жайгашкан Белзиди деген жети жылдыздуу отелде кийим сатуу бөлүмүндө иштедим. Эми кайрадан барып, мейманка менеджери болуп иштегенге аракет кылам. Курбу кызым аркылуу келишим түзүп, барып калдым.
 
- Түркияда көңүлүңө толбогон нерсе болдубу? Демейде барып-келгендердин баары эле “укмуш экен” дей беришет ко...
 
- Мага деле суусунан башкасынын баары жакты. Биздин сууларга жетпейт экен, чачымдын баары түшүп калды. Аябай өнүгүптүр, абдан кооз шаарларын жумуштан тышкары бир-эки күнгө эле барып көрүп келип жаттым. Түркиянын деңизинин суусу биздин көлдүн суусунан абдан туздуулугу менен айырмаланып, сууга түшүп чыккандан кийин денеңе туз жабышып, денең апапакай болуп калат экен. Бирок, биздин көлгө караганда жылуураак келет экен.   
 
- Түрктөрдүн арасынан сүйүүсүн арнап, колуңду сурагандар болгон жокпу?
 
- Болду, баары эле “аялым болбойсуңбу?” деп жүрүштү. Апам бул жакта жалгыз болсо, мага бөлөк-бөтөн жердеги адамга турмушка чыгуунун кереги бар. Бардыгына дароо эле “жок” деп жаттым. Түркиядан апамды сагынып бул жакка келгенче шаштым. 
 
- Түрктөрдүн жигиттери менен кыргыздын жигиттеринин айырмасын байкадыңбы?
 
- Биздин жигиттер мындайча айтканда, даана “эркек”, түрк эркектер жеке мага жаккан жок. Башкача болушат экен, мисалы, бизде эркек балдар менен дос болуп жүрө бересиң го, аларга кичине эле күлүп, сүйлөп койсоң, менин сүйлөшкөн кызым болду деген түшүнүк бар экен. Ошон үчүн аябай олуттуу болуп, “жигитим бар” деп коюп жүрдүм. Ошентип койсоң, “аа” деп тийишпей калышат. Түрктөрдүн кыздары адамдар менен тез тил табышып, жакшы сүйлөшөт экен, баары чакырып, “кайра кел” деп калышты.  
 
- Кыргызстанда чын эле жигитиң барбы?
 
- Жок.
 
- Эмнеге?
 
- Билбейм. Убакыт жок ко. Жумуштан жеке турмушка деле убакыт жок.
 
- Үй-бүлө куруу тууралуу ойлоно элексиңби?
 
- Ойлонуп жатам. Жашым 27ге келди. Апам дагы күндө телефон чалган сайын “турмушка чыкпайсыңбы” деп айта берет. “Турмушка чык, убактың келди, балам” деп айтат. Эми ал деле кудай буюрган күнү да.
 
- Жаңы таанышкан жигиттер жашыңды сурашабы?
 
- Сурашпайт деле, баары эле 89-90-жылы туулган деп ойлошот. Мен 27демин десем, “ай-иий” деп башташат.
 
- Соңку убактарда чыгармачылыкты таптакыр эле унутуп койгон сыяктуусуң? Ырчылыктан кетейин деген оюң барбы?
 
- Жок, деги эле андай оюм жок. “Апакем” деген жаңы ырымды жаздырып жатам. Күзүндө келгенде бир клип тарттырып, ыр жаздырып койсомбу деген ой бар. Эмне үчүн сахнага көп чыкпайм, көп ырларды жаздырбайм, себеби, жардам берген эч кимим жок, продюсерим да, демөөрчүм да жок, эч кимден бир сом да алган эмесмин.
 
- Кандай кыйынчылыктарга туш келдиң?
 
- Түрктөр менен иштешүү кыйын болду. Жаңы ишке киришкенде кыйналдым, бул жактан түрк тилин төрт айлык курстан окугам, бирок, баары бир алардын сөздөрүн түшүнбөйт экенсиң, сөздөрдү “жеп” сүйлөшөт экен. Бир айдан кийин эле көнүп кеттим. Отелдин ичинен сыртка чыккан жокмун.
 
- Түркияда эмес, Кыргызстанда деле иштесең болбойт беле?
 
- Мен ал жакка иштеп, аздыр-көптүр материалдык жактан камсыз болуу үчүн бардым. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын, апамдан башка эч кимим жок, атам да, бир туугандарым да жок. Апам да мендей жалгыз, бир туугадары жок. Ошон үчүн ишенгеним бир эле Алла-Таалам. Он сегиз жашка чыккандан бери иштеп, өзүмдү өзүм камсыз кылып, апама каралашып келе жатам. Апама Түркиядан 150-200 доллардан салып турдум. Бишкектен деле көп жумушка чакырышты. Айлыгы 300-350 доллар дейт, ал менин квартирама, эки жакка басканыма жетпейт, биздин бир эле ыр жаздырганыбыз 400-500 доллар турат. 
 
- Түрктөргө таасирленип, алардын тилинде ырдап чыккың келген жокпу?
 
- Түрктөргө ырдап бердим. Аябай сонун ырдайт экенсиң дешти. Отелде иштегендерге дисктеримдин баарын белекке калтырып кеткем. Түркчө ырдап чыгууга да көңүлдөнүп жатам, ушул жолу кайра барганымда сүйлөшүп көрөм. Бир-эки ыр жаздырып койгонго аракет кылам.
 
- Ал жактан топтогон акчаңды эмнеге жумшайсың?
 
- Балким, эмдиги барып келгенимден кийин кийим сатуучу бутик ачышым мүмкүн же курбу кыздарым менен биргеликте кафе ачабыз. Ушул жайда баштасакпы дегем, бирок, эмнегедир чочулап жатам.  

 
19-январда АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Памела Спратлен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги жана Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фонду балдар үчүн көп тилде жазылган 90 000 ашуун нускада китептерди басып чыгаруу боюнча келишимге кол коюшат.
 
Билим берүү жана илим министирлиги улуттар аралык окууну жана толеранттуулукту мамлекеттик деңгээлде жайылтууну улантууда. Аталган иш-аракетти колдоо максатында АКШ өкмөтү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өткөөл мезлгилдеги демилгелер программасы (USAID/OTI) аркылуу жаш балдар үчүн эки тилде жазылган (кыргызча-өзбекче, кыргызча-орусча, кыргызча-тажикче жана кыргызча-англисче) китептерди 90 500 нускада басып чыгарат. Билим берүү жана илим министирлиги бул китептерди өлкөдө расмий катталган 2 191 мектепке таркатууга жардам берет. Андан тышкары, USAID/OTI Ага Хан Фондуна жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясына 4 382 нускада мугалимдин усулдук окуу куралдарын иштеп чыгууга жана таркатууга колдоо көрсөтөт.
 
Көп тилде жазылган китептер Ага Хан Фонду менен Билим берүү жана илим министрлигинин шериктештигинин алкагында жана USAID/OTIдын колдоосунда иштелип чыкты. Бул иш-чара 2010-жылдын июнь айындагы окуяларга түздөн-түз жооп катары, ошондой эле өкмөттүн көп улуттуу коомдун бекемделишине түрткү берүү демилгесине ылайык жүзөөгө ашырылууда. Өткөн жылы китептер Ош жана Жалал-Абад областарынын 25 коомдук, 389 мектеп жана 45 балдар бакча китепканаларына таркатылган. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

 

Бишкек, “Саясат.kg”.  Кемин районунун №19 кесиптик лицейинин башчысы Шайырбүбү Абдылдаева Эл аралык аялдар корунун 2011-жылдагы жыйынтыгы боюнча «Элет айымы» номинациясына лауреат болуп таанылды.

 

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин маалымдашынча, Эл аралык аялдар кору, Шайырбубу Абдылдаеванын элет айымдарынын жакырчылыкты жоюудагы активдүүлүгүн арттыргандыгына байланышкан көп жылдык мээнетин эске алып бул наамды ыйгарган.      

 

Маалымат: Эл аралык аялдар корунун штаб-квартирасы Женевада (Швейцария) жайгашкан. «Элет айымы» наамы, жыл сайын айыл жерлеринин калкынын жашоо деңгеелинин өнүгүүсүнө салымын кошкон атуулдарга ыйгарылат. Буга чейин аталган наамга Гана, Кения, Сенегал, Туштук Африка, Камбоджа, Индия, Непал, Тажикстан жана Швейцария мамлекеттеринин өкүлдөрү ээ болушкан.

 

Булак: K-News.kg