Бишкек, «Саясат.kg». Белгилүү куудул Рахман Разыков сахналаштары менен бирдикте, Эгемендүүлүк күнүнө карата 28-29-августта “Биз кайда баратабыз?” аттуу куудул кече тартуулаганы турат.

Бишкек, “Саясат.kg”. BAFTA и SXSW байгелеринин ээлери, “Оскар” сыйлыгына арзыган Future Shortsтын жайкы программасынын алкагында  өтүүчү фестивалдын тасмалары Бишкекте көрсөтүлө баштады.
 
Шаардыктар бул жолу корей кызынын кызганычы менен тайбас мүнөзүн чагылдырган «Меймандар», ондогон фестивалдардын лауреаты “Эртең мененки сейил” тасмасы, космикалык робослон жөнүндөгү “Биология конспектиси”, самурай согушчандары жана бразилиялык жөөчөндөрдүн фазендалары жөнүндөгү мелодрамалар “Кинематографты көчөдө сатуучу” жана башка картиналарына күбө болушат. 
Бишкек, “Саясат.kg”. Баш калаада «Короли танцпола» долбоорунун жыйынтык туру болуп өттү. Буга Бишкектеги ар кайсы жогорку окуу жайларынын беш студенттик командасы катышкан. Алар үч түрдүү сынактан өтүшкөн. Алгач кыргыз эстрадасынын жылдыздары менен бийлешсе, кийин “Менин шаарым - Бишкек” деген темада видео-клип тартышкан жана 4төн 8 мүнөткө чейинки бий шоусун көргөзүшкөн. Күзүндө ушул эле долбоор орто мектептердин окуучуларынын арасында өткөрүлмөкчү. 
Бишкек, “Саясат.kg”. Аталган топ “Эртең кар болбойт” деген ырына клип тарттыра баштады. Кирилл Волженконун айтымында, клипти тартуу көп жылдар мурун эле башталган. Эми гана соңуна чыгып олтурат. Айтмакчы, клипке «AdemirZ» тобунун бийчилери тартылган. Анда каармандардын бири ажыдаардын кийимин кийинип алып, шаардын көчөлөрүн кыдырып жүргөн болот экен. 
 Бишкекте “Мисс Кыргызстан 2012” сулуулар конкурсунун финалы болуп өттү. Маалыматты Missology.info. порталы таратты. 
 
Маалыматка ылайык, кароо-сынак Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында 19- майда болуп өттү. 
 
Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 30 кыз катышкан. 
 
Конкурстун жыйынтыгында 18 жашар Бишкектеги мектептердин биринде окуган Диана Овганова жеңүүчү болуп табылды. Д. Овганова эми августа Кытайда өтө турган “Дүйнө сулуусу” ( Мисс мира) конкурсуна катышмакчы.
 
fakt.kg
Өзгөчө өнөрдүн ээси, "Таш чайнар" аттуу каймана ат менен элге таанылган Нурлан Алишеров Кыргыз балбандары деген фестиваль өткөргөнгө камынып жүргөн чагы. Бул фестивалды ушул жылдын июнь айына пландашууда. Нурлан Алишеров 60 секунд аралыгында тактайчага кагылган 20 мыкты тиши менен сууруган. 12 тонналык автобусту 33 метр аралыкка тиши менен сүйрөгөн балбан Кыргызстандын 7 облусунун балбандарын чогултуп фестиваль өткөрсөм деп турат. 
 
“Кыргыз балбандары” атту фестиваль уюштурганга азыркы учурда демөөрчү издеп жатабыз. Азырынча спорт комитети колдоо көргөзүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө 
 
Бул фестивалдын уюштуруучуларынын бири жана Таш чайнарга ар тараптуу колдоо көргөзүп келген Максат Чакиев кыргыздарда балбандар көп. Мындай өнөр кыргыздардын генофондунда, канында бар дейт. 
 
– Бул фестивалдын негизги максаты элдин арасында жүргөн уникалдуу, таланттуу баатыр балбандардын башын кошуу. Жаштардын эси-дартынын баары эле акча, бизнес болуп жатат. Ким менен сыймыктанасын деген суроо болсо көпчүлүгү депутат же миллионер болгум келет деген жооп аласың. 
 
- Бул иш-чаранын негизги максаты эмнеде? 
 
- Нурланга окшогон балбандардын аттарын даңазалап чыгуу эң негизги максат. Жаштардын көз карашын акчага эмес кыргыздын нукура таланттарына буруу жөндүү. Фестивалга бардык облустардан катышууга мүмкүнчүлүк бар. 
 
- Жаш курактарында кандайдыр бир чектөөлөрдү киргиздиңер беле? 
 
– Жаш курагы чектелген эмес. Угушума караганда Таластан Чоро (каймана аты) деген балбан бар. Ал бир колу менен темирди ийип, китеп айрыйт экен. Кайсы бир облуста бир жылкыны жалгыз өзү сойгон, мискейди колу менен ийип койгон балбандар бар экенин угуп атам. Азырынча алардын аты-жөндөрү толук тактала элек. 
 
- Фестиаль кайсы жерде болот? 
 
Фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү катары ушуну айтсак болот. Адаттагыдай спорт сарайында же филармонияда эмес Суусамыр өрөөнүндө өткөзсөк деп атабыз. Бирок, бул чечим демөөрчүнүн жардамына көз каранды. Ошондой эле өлкөдө оор атлетика менен шугулданган спортчулардын штангадан башка да өнөрлөрү бар экенине күбө болуп келем. Аларды да катышууга чакырабыз. 
 
- Дагы кандай өзгөчөлүктөрүңөр бар? 
 
- Биз ойлогондой болсо, анда нукура кыргыздардын стилинде уюуштуралы деген ой-тилектерибиз бар. Ар бир балбандын өзгөчөлүгүн айтып акындарыбыз тааныштырып ырдашат. Балбандарга чакан байгелер тапшырылат. 
 
fakt.kg

Биз кичинесинен билген ырчы Анжелика азыр таланттуу дизайнер. Сахнадан убактылуу алыстаган таланттуу айым учурда ырга эмес, өз колунан чыккан кооз көйнөктөрүнө ырахаттануу менен күн кечирүүдө. 


- Анжелика, сени коомчулук ырчы, андан кийин сулуулук салонунун кожойкеси катары таанычу. Эми дизайнер болууну чечиптирсиң?.. 


- Бул нерсе өзүмдүн деле оюмда жок болчу. Баары кокусунан эле болуп кетти десем болот. "Өмүр багы" деген ырымды билесиздер да. Ошого клип тарттырарда өзүмө анан эки бийчи кызыма аябай кооз кыргыз көйнөк керек болду. Менмин деген дизайнерлерге бардым, бирок биринен да өзүмдүн көңүлүмдөгүдөй көйнөк тапкан жокмун. Анан кыялымда элестеткен кийимдин эскизин өзүм чийүүгө кириштим. Ошол эскиздин негизинде өзүм элестеткендей кооз көйнөктү чеберлер тигип беришти. Чеберчилик жагынан менде анча-мынча тажрыйба бар. Мектепте окуп жүргөндө атам менен апамдын эскирип калган аскердик кийимдерин кыркып, өзүмө андан юбка, жакет тигип алчумун. Андан кийин да апам себиме кошуп берген кийим тигүүчү машина менен өзүмө сахнага кийүүчү 1-2 көйнөк тигип кийгем. Ошентип, клибим эфирге чыккандан кийин эле баягы көйнөктөргө кызыккандар көбөйүп, атүгүл прокатка сурай башташты. Бир эже "кызымды турмушка узатат элем, ошол көйнөгүңдү берип тур" деп аябай суранды. Мен албетте өзүм кийген көйнөктү бергим келген жок. Анан эжеге "дал ушундай кылып башка көйнөк тигип көрөйүн" деген сунуш киргиздим. Өзүмдүн көйнөгүмдөгү көк саймалардын ордуна ак саймаларды сайып тигип берген көйнөгүм эжеге да, кызына да аябай жакты. Ошондон баштап көйнөк тигүүгө өзүм да кызыгып калдым, ал эми менин көйнөктөрүмө кызыккандар мурункудан да көбөйдү. Анан дагы бирди тиктим, анан экини, анан үчтү... Бара-бара көйнөктөр үйгө батпай калды. Үйдөн да адам үзүлбөй калгандыктан, жолдошум "кой, мен сага атайын жай алып бербесем болбойт окшойт" деп кийимдер салонун ачып берди. 


- Азыр деле өзүң тигесиңби? 


- Бул ишимдин башталганына 1,5 жыл убакыт болду. Башында анча-мынча өзүм тигип калганым болбосо, азыр убакыт жок. Учурда мага жардамдашкан мыкты-мыкты чеберлер бар. Жалпысынан 15тей адамды жумуш менен камсыз кылам.


- Бул чөйрө жактыбы анан? 


- Аябай жакты. Ишимди жаңы эле баштаганда алгачкы коллекциям менен "Мода жумалыгына" катышып калдым. Өлкөбүздөгү эң атактуу дизайнерлердин катарында менин да дизайнер катары атым аталганда өзүмдү жоготуп койгонго чейин бардым. Мына, сахнада жүргөнүмө 12 жыл болду, бирок бир да жолу сахнада ошондогудай толкунданбаптырмын. Толкундануу деле эмес, иши кылып сөз менен жеткире албайм, ушунчалык жагымдуу сезимге ээ болгом ошондо подиумда. 


- Кардарларыңдын саны күн санап өсүп жаткандыр? 


- Үлпөт көйнөктөрүмдү болобу, кече көйнөктөрүмдү болобу, эч кандай жарнамасыз эле биринен бири көрүп алып кетип жатышат. Кыргыздар ырымчыл келет эмеспизби, мени идеалдуу жубай, мыкты эне катары көрүшүп ырымдап алып кеткен учурлар көп болот. Андай энелер кызын жетелеп келип эле бир көйнөктү тандап кийгизип коюшат. Анан да мен бир нерсеге таң калдым, көрсө, адамдын пейили көйнөктөн чагылат экен. Анткенимдин себеби, айрым кардарлар кирип келгенде эле нааразыланып келишет. Ар бир жерден кынтык таап, баасына же дагы бир нерсесине канааттанбагандыгын билдиришет. Ошондой кардарлардын көйнөгүн тигүү да мен үчүн аябай кыйын болот. Ошол араң бүтүргөн көйнөгүмдү ичин оорутуп акчасын албай белек катары жөн эле карматып койгон учурларым болгон. Ал эми пейили жакшы айымдарга мен ойлогондон да бат, мен ойлогондон да кооз көйнөк тигилип калат өзүнөн-өзү.


- "Айым style" салонунун көйнөктөрүнүн баасын билсек болобу? 


- Бизге кездемелер Дубайдан, Малайзиядан, анан өзүбүздүн эле "Дордой" базарыбыздан келет. Ошого жараша көйнөктөрдүн баалары да ар түрдүү. Үлпөт көйнөктөрдүн баалары 20 миң сомдон башталат. Үлпөт көйнөктөрдөн көпчүлүгү мага даяр түрүндө Куала-Лумпурдан келет. Былтыр жолдошум экөөбүз ал жакка барганыбызда ошол жактан кытай улутундагы мыкты чебер айымды таап келгенбиз. Ал мага бир ай бою үлпөт көйнөк тигүүнүн сырларын үйрөткөн. Аягында өзүмө бир дагы нерсе албай, 40 даана үлпөт көйнөгү менен келгенбиз. Ал айым менен ошондон бери иштешем. Менин эскиздеримдин негизинде ал өзгөчө ыкма менен тигип, көйнөктөрдү бул жакка жиберет. Булардын баалары да бир аз жогорураак. Ал эми кече көйнөктөрүнүн орточо баасы - 6-7 миң сомго туура келет. Биз сатуудан тышкары көйнөктөрүбүздү прокатка да беребиз. 

 

Леди.kg

Бишкек, «Саясат.kg». Бийчи Атай Өмүрзаков түзгөн «Тумар каэр» бий тобу Киев шаарында өтө турган «Украина мае таланты» сынагынын жарым финалына катышат.
 
Атайдын маалыматына караганда, топто үч бала бар. Алар жогоруда аталган сынактын тандоо тандоо туруна катышып, апрель айынын акыркы күндөрүндө өтүүчү жарым финалга катышууга жолдома алган. 
Бишкек, "Саясат.kg". Ырчы Асель Турдалиева "Дэм" теартынын артисттери менен биргеликте "Келиндер козголоңу" спектаклинин жаңы версиясында башкы ролду ойноду.
 
Долбоордун продюсери Рысбек Жабировтун айтымында, спектаклдеги келиндердин ролун жаңы каармандар аткарышты. Алардын арасында Назгүл Айдаралиева, Гүлзат Байзакова жана башка артисттер бар. Көп жылдардан бери көпчүлүктүн кызыгуусунан калбай келаткан “Келиндер козголоңу” кандай жаңырганын кыргыз улуттук драмалык театрына 6-8-май күндөрү баргандар көрө алышты.  
Бишкек, «Саясат.kg». Кыл калемдин сырын сүрөткер билген сыяктуу эле үч кылдуу даана комуздун сыры төкмө акындарга белгилүү.
 
Кыргыз элинде жыгач усталар абдан көп. Ал эми комузду баары эле мыкты жасай албайт. Адистердин айтымында, эң жакшы комуз өрүктүн жыгачынан жасалат. Комузду сатып алууда аны билген адамдын кеңешин угуу керек. Ал эми төкмөлүк өнөрдү дээрлик он жылдан бери аркалап келаткан Азамат Болгонбаев Намазбек Уралиев деген комузчу-уста жасаган комузду чертет. Ал азыркы тапта чертип жүргөн комуздун баасы 200 доллар экен.
 
Баса, Азамат айтышка эң алгач 2001-жылы 17 жаш курагында чыгып, актаңдай акын Э.Иманалиев менен айтышкан.
“Опол тоодой акынсыз,
Оозуңдан ырлар салаалап,
Мен аргымак болгон кезимде,
Качып жүрбө талаалап”,- деп ырдаган. Ошондон бери комузу колунан түшө элек. 
Бишкек, “Саясат.kg”.  “Кыргызстанда шоу-бизнес деген түшүнүк жок”. Мындай пикирин маалымат жыйынында эл аралык калыстардын мүчөсү, медиа-эксперт Назира Раимкулова билдирди.
 
Анын айтымында, өздөрүнүн эксклюзивдүү нерселерин ойлоп табуунун ордуна, ырчылардын баары эле бирин-бири туурай беришет. Экспер айым: «Бүгүн Мирбек Атабеков ырдап чыкса, аны туурап ырдап чыккандар да толтура. “Шоу” деген түшүнүк бар, бирок, бул бизнес эмес. Жаш таланттар эл аралык сынактарда таланттарын көрсөтө алса гана, шоу-бизнес пайда болот. Ал эми бүгүн эл аралык сынактарга лауреат болгондор беш манжа менен гана саналат” – дейт. 
Бишкек, “Саясат.kg”. Белгилүү аткаруучулар Борончу Кудайбергенов, Ильяз Абдразаков, Каныкей жана Закирбек Дүйшөнбек уулу Кореянын Гвачене шаарындагы концертке катышып кайтышты.
 
Бул концертти көрүүгө Кореянын Сеул, Инчон, Асан, Пусан, Тегу жана башка шаарларында жашаган жүздөгөн мигрант кыргыздар келишти. Иш-чараны уюштурууга тышкы иштер, Кореянын маданият боюнча министрликтеринин өкүлдөрү, кыргыз тилин үйрөткөн Корея чет тилдер университетинин мугалимдери менен студенттери катышкан. Андан соң "Бишкек, мен сени сүйөм" кинотасмасы көрсөтүлдү.
 
30 жылдан соң Ош шаарындагы «Ариет» эстрада тобу кайрадан сахнага келди. Учурда кыргыз эстрадасында өзүнүн туруктуу ордун тапкан бир топ ырлардын обондору дал ушул 1978-жылдары түзүлгөн топко таандык.
 
Топтун жетекчиси Абдыманап Төрөбеков. Алар үчүн Союз учурунда 15 мамлекеттен сырткаркы жактарга чыгуу абдан кыйын болсо да, Сирия, Иордания, Германия, Югославия сыяктуу мамлекеттерге чейин гастролдоп барып келишкен. Алар аткарган ырлардын дээрлик бардыгы өздөрүнө таандык жана ар убакта жандуу үн менен ырдашкан. Учурунда турмуштук себептерден улам ыдырап кетишкен. Эми чачтарын бубак басса да, арадан 30 жыл өткөн соң “Ариет” өз күйөрмандарына кайтып келди.
турат.
 
Ырчы Айя Садырова англис тилиндеги “Touch Me” деген ырына клип тарттырууда. Чет тилдеги ырга клип тарттыруу өлкөбүздө биринчи жолу болуп жатат.
 
Клипти Айянын арт-студиясы тартып жатат. Айя клип тууралуу "Мындай окуя бизде боло элек эле. Биз Кыргызстанда көп акча жумшабай, жакшы клип тартууга боло тургандыгын чет элдик режиссёрлорго көрсөтүү үчүн ишибизди Россия менен Казахстанга жөнөтөбүз” дейт. Клиптин режиссеру - Евгений Евсютин, ал эми ырдын сөзү жана музыкасы "У-лица" деген аталыштагы рэп-тобунуку. Бул ыр мода, дүкөндөрдү кыдырууну сүйгөн саркеч кыздар тууралуу. Андыктан, бой-мүчөсү келишкен сулуулар клиптин ажарын чыгарып турат.
 
"Майдан.kg"
Кыргызстанда тартылган "Көч" тасмасы Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-при алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" режиссер Молдосейит Мамбетакунов билдирди. 19-22-апрелде өткөн фестивалга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен келген документалдык тасмалар катышты. Кыска метраждуу "Көч" тасмасы кыргыз-түрк Манас университетинин студиясында тартылган. Анда көчмөн кыргыз элинин тарыхы, кылымдар бою басып өткөн жолу тууралуу баяндалат. 
 
"Азаттык"
Адамды сүйүү, чөйрө, жеке жашоо деген кызыкчылыктарга катар чыгармачылык чыйыр, жеке карьера деген максаттар коштоп жүрөт. Адамдын алга кадам таштоосуна себепкер болгон бул кызыкчылыктар тилекке каршы дайыма эле бирин-бири толуктап, дайыма эле айкалыша бербейт. Ошондуктан бири үчүн экинчисин курмандыкка чалуу керек болот. Курмандыкка чалуу оңой нерсе эмес. Ал эми аял үчүн айтылган деңгээлинен да алда канча оор. 


Саламат Садыкова:
- Чыгармачылыгым үчүн аял катары сезчү бактымды, жашоомдун гүл учуру жаштыгымды курман кылдым. Чыгармачылык жашоодо жашап, ал дүйнөдөн алыстап калбайын деп жашоонун маңызы болчу махабат, жашоо лаззаты деген өңдүү нерселерден өзүмдү алыс кармап, этияттанып жүрүп жаштыгымды курман кылып койгонумду азыр сезип олтурам. Мен өзүмдү деги эле аял катары бактылуу жашадым деп айта албайм. Акыры азыр эки кыз төрөп, ошолорду аман-эсен чоңойтуп алганыма гана тобо кылам. Өз маалында эне болуу бактысына жетишип калганыма гана сүйүнүп жашайм. Ал эми чыгармачылык менин өмүрүм болуп калгандыктан, ал үчүн курман болгон, ал үчүн аргасыз жокко айланган нерселерге өкүнгөн менен эмне табам...


Гүлшайыр Садыбакасова:
- Менин жеке карьерам - "Кыз-Бурак". "Кыз-Бурак" үчүн мен үй-бүлөмдү курмандыкка чалдым десем болот. Бүлөлүү аял болсом да жумушумдун талабына ылайык менде бирде эрте, бирде кеч келүү болду. Албетте, бул эркектерге жакпайт. Акыры мага жолдошум "же мени танда, же "Кыз-Буракты" танда" деген талап койгон эле. Буга кошумча экөөбүздүн өз-өз иштерибиз менен алек болуп менин Бишкекте, анын Ошто жашап жүрүүсү ар кандай ушактарды жаратты. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизге сен, мен дешип катуу айтышпасак да ушактар бизди эки башка кылып тынды. Бирок мен дароо эле ажырашып кеткен жокмун. Ал алгач менин айтканым менен Орусияга барып иштеп, маал-маалы менен келип турду. 1997-жылдан баштап сейрек келе баштаса, 2000-жылдан кийин такыр эле келбей калды. Ошентип отуруп 2003-жылы биротоло ажырашып тындык. Жолдошум менен ажырашкандан кийин кайгырып, капаланып, чөккөн жокмун, бул менин кайраттуу мүнөзүмдөн улам болсо керек. Бирок той-ашка жалгыз башым барганда анын орду билинип, жүрөгүм бир "тыз" этип калчу. Кээде балдарым атасы жөнүндө сураганда да мен үчүн оор болот. Ал эми чыгармачылыкта алып караганда андан алыстоодон кийин күнүгө мээңди жеген, мени стресс кылган кырдаалдардан кутулуп жеңилдеп калдым. 


Кенже Дүйшеева: 
- Албетте, бир нерсе жаратуу үчүн башка бир нерсени ага керектөө керек экен. Мен карьера үчүн болгон күч-кубатымды, болгон энергиямды сарптап койгонума ичим ачышат. Ал кезде алыс-жакын жолго чыгып, бирде ач, бирде ток болуп, бирок, эч чаалыктым дегенди билчү эмесмин. Эми өзүм үчүн, жеке чыгармачылыгым үчүн чуркайын деген кезимде чарчап калганымды сезип өкүнүп жатам. "Адам кандай иш баштаса да эң алгач өзү үчүн күч коротуш керек " деген жыйынтыкка кеч келип калдым. Ушундан улам карьера курам деген жаш кыздарга мындай кеңеш айтаар элем: жаш кездин деми, энергиясы башкача баарыбир башкача. Эрте турмушка чыгып, бала күтүп, аларды тарбиялап, бир аз чоңойтуп коюп анан деле ишке киришсе убакыт жетет. Аял болгондон кийин үй-бүлөнү алдыңкы планга чыгаруу кыздар үчүн милдет.


Азиза: 
- Мен чыгармачылыкка болгон кызыгуум ойгонгондо эле курмандыкка баргам. Ош технологиялык университетинин финансы-кредит бөлүмүндө окучумун. 2-курсту аяктагандан кийин ырчы болуу деген максатымды ишке ашыруу үчүн алып жаткан билимимди курман кылдым. Оштон Токтогулга келип ата-энеме өз оюмду айтсам алар мага аябай каршы болушту. Мен үчүн үйдө уруш-талаш, ызы-чуу да болду. Бирок менин көнбөсүмө көздөрү жеткенде акыры макул болушту. Ошентип ата-энемди макул кылып окуумду таштап, борборго келе бергем. 


Назми: 
- Менин эң жакшы көргөн тамагым лагман менен манты. Бирок сахна адамы болгондуктан, сырткы келбетти сымбаттуу алып жүрүш керек экен. Ошондуктан, мен бул тамактардан баш тартууга аргасыз болгом. Албетте ачка болгондо жакшы көргөн тамагың менен тамактангың келет да? Бирок өзүмө берген "жебейм" деген убаданы аткарыш үчүн аргасыз баш тартып отурууга туура келет. Анда күрүч сыяктуу жеңил тамак же жөн гана жер-жемиш менен тамактанып ашказанды алдайм. Чыгармачылыгыма зыяны тийбесин деп ушул күнгө чейин бул эң жакшы көргөн эки тамакты бир айда бир гана жолу, болгондо да бир порциядан жеп келем.


Айжамал Кабылова:
- Азыр ойлосом сахна, ыр деп жүрүп жакындарым менен болгон мамилемди курмандыкка чалыпмын. Аларга тийиштүү деңгээлде көңүл бура албай, ал турсун жакшылыктарына барбай калгам. Бир жолу Бишкекте концерт коюп жүрүп, өзүмдүн бир тууган жалгыз сиңдимдин үлпөт тоюна катыша албай калгам. Той күнү апам мага телефон чалып: "өзү жалгыз эле сиңдиң болсо, тоюна катышсаң болот эле го"-деп ыйлаганы алигиче эсимден кетпейт. Азыр тескерисинче балдарым үчүн чыгармачылыгымды курмандыкка чалып, балдарга жетиштүү деңгээлде эне мээримин, тарбия берейин деп үйдө олтурган убагым. 

 

"Леди.kg"

Бишкек,  “Саясат.kg”. Беттегенин бербеген, өз алдынчалыгы, өжөрдүгү менен турмуштун бардык кыйынчылыктарын жеңип келаткан ырчы Жанель Түркияда иштеп, капчыгын толтуруп кайтыптыр. Жанелдин жаңы чөйрөдөн алган таасирлери тууралуу төмөндөгү маекке назар салсак. 
 
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиң, бир күнү Төө-Ашууда, бир күнү Түркияда жүрөт деп эле угуп калабыз, деги кайдасың?
 
- Туризм боюнча окуумду бүтүрдүм, негизи буга чейин алты жыл жайкысын көлдө “Пансионатта”, кышкысын “Төө-Ашуу” тоо лыжа базасында иштеп келсем, акыркы төрт айда Түркияда жүрдүм. Бир ай эс алып, үч ай Анталиядан анча алыс эмес жайгашкан Белзиди деген жети жылдыздуу отелде кийим сатуу бөлүмүндө иштедим. Эми кайрадан барып, мейманка менеджери болуп иштегенге аракет кылам. Курбу кызым аркылуу келишим түзүп, барып калдым.
 
- Түркияда көңүлүңө толбогон нерсе болдубу? Демейде барып-келгендердин баары эле “укмуш экен” дей беришет ко...
 
- Мага деле суусунан башкасынын баары жакты. Биздин сууларга жетпейт экен, чачымдын баары түшүп калды. Аябай өнүгүптүр, абдан кооз шаарларын жумуштан тышкары бир-эки күнгө эле барып көрүп келип жаттым. Түркиянын деңизинин суусу биздин көлдүн суусунан абдан туздуулугу менен айырмаланып, сууга түшүп чыккандан кийин денеңе туз жабышып, денең апапакай болуп калат экен. Бирок, биздин көлгө караганда жылуураак келет экен.   
 
- Түрктөрдүн арасынан сүйүүсүн арнап, колуңду сурагандар болгон жокпу?
 
- Болду, баары эле “аялым болбойсуңбу?” деп жүрүштү. Апам бул жакта жалгыз болсо, мага бөлөк-бөтөн жердеги адамга турмушка чыгуунун кереги бар. Бардыгына дароо эле “жок” деп жаттым. Түркиядан апамды сагынып бул жакка келгенче шаштым. 
 
- Түрктөрдүн жигиттери менен кыргыздын жигиттеринин айырмасын байкадыңбы?
 
- Биздин жигиттер мындайча айтканда, даана “эркек”, түрк эркектер жеке мага жаккан жок. Башкача болушат экен, мисалы, бизде эркек балдар менен дос болуп жүрө бересиң го, аларга кичине эле күлүп, сүйлөп койсоң, менин сүйлөшкөн кызым болду деген түшүнүк бар экен. Ошон үчүн аябай олуттуу болуп, “жигитим бар” деп коюп жүрдүм. Ошентип койсоң, “аа” деп тийишпей калышат. Түрктөрдүн кыздары адамдар менен тез тил табышып, жакшы сүйлөшөт экен, баары чакырып, “кайра кел” деп калышты.  
 
- Кыргызстанда чын эле жигитиң барбы?
 
- Жок.
 
- Эмнеге?
 
- Билбейм. Убакыт жок ко. Жумуштан жеке турмушка деле убакыт жок.
 
- Үй-бүлө куруу тууралуу ойлоно элексиңби?
 
- Ойлонуп жатам. Жашым 27ге келди. Апам дагы күндө телефон чалган сайын “турмушка чыкпайсыңбы” деп айта берет. “Турмушка чык, убактың келди, балам” деп айтат. Эми ал деле кудай буюрган күнү да.
 
- Жаңы таанышкан жигиттер жашыңды сурашабы?
 
- Сурашпайт деле, баары эле 89-90-жылы туулган деп ойлошот. Мен 27демин десем, “ай-иий” деп башташат.
 
- Соңку убактарда чыгармачылыкты таптакыр эле унутуп койгон сыяктуусуң? Ырчылыктан кетейин деген оюң барбы?
 
- Жок, деги эле андай оюм жок. “Апакем” деген жаңы ырымды жаздырып жатам. Күзүндө келгенде бир клип тарттырып, ыр жаздырып койсомбу деген ой бар. Эмне үчүн сахнага көп чыкпайм, көп ырларды жаздырбайм, себеби, жардам берген эч кимим жок, продюсерим да, демөөрчүм да жок, эч кимден бир сом да алган эмесмин.
 
- Кандай кыйынчылыктарга туш келдиң?
 
- Түрктөр менен иштешүү кыйын болду. Жаңы ишке киришкенде кыйналдым, бул жактан түрк тилин төрт айлык курстан окугам, бирок, баары бир алардын сөздөрүн түшүнбөйт экенсиң, сөздөрдү “жеп” сүйлөшөт экен. Бир айдан кийин эле көнүп кеттим. Отелдин ичинен сыртка чыккан жокмун.
 
- Түркияда эмес, Кыргызстанда деле иштесең болбойт беле?
 
- Мен ал жакка иштеп, аздыр-көптүр материалдык жактан камсыз болуу үчүн бардым. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын, апамдан башка эч кимим жок, атам да, бир туугандарым да жок. Апам да мендей жалгыз, бир туугадары жок. Ошон үчүн ишенгеним бир эле Алла-Таалам. Он сегиз жашка чыккандан бери иштеп, өзүмдү өзүм камсыз кылып, апама каралашып келе жатам. Апама Түркиядан 150-200 доллардан салып турдум. Бишкектен деле көп жумушка чакырышты. Айлыгы 300-350 доллар дейт, ал менин квартирама, эки жакка басканыма жетпейт, биздин бир эле ыр жаздырганыбыз 400-500 доллар турат. 
 
- Түрктөргө таасирленип, алардын тилинде ырдап чыккың келген жокпу?
 
- Түрктөргө ырдап бердим. Аябай сонун ырдайт экенсиң дешти. Отелде иштегендерге дисктеримдин баарын белекке калтырып кеткем. Түркчө ырдап чыгууга да көңүлдөнүп жатам, ушул жолу кайра барганымда сүйлөшүп көрөм. Бир-эки ыр жаздырып койгонго аракет кылам.
 
- Ал жактан топтогон акчаңды эмнеге жумшайсың?
 
- Балким, эмдиги барып келгенимден кийин кийим сатуучу бутик ачышым мүмкүн же курбу кыздарым менен биргеликте кафе ачабыз. Ушул жайда баштасакпы дегем, бирок, эмнегедир чочулап жатам.  

 
19-январда АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Памела Спратлен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги жана Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фонду балдар үчүн көп тилде жазылган 90 000 ашуун нускада китептерди басып чыгаруу боюнча келишимге кол коюшат.
 
Билим берүү жана илим министирлиги улуттар аралык окууну жана толеранттуулукту мамлекеттик деңгээлде жайылтууну улантууда. Аталган иш-аракетти колдоо максатында АКШ өкмөтү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өткөөл мезлгилдеги демилгелер программасы (USAID/OTI) аркылуу жаш балдар үчүн эки тилде жазылган (кыргызча-өзбекче, кыргызча-орусча, кыргызча-тажикче жана кыргызча-англисче) китептерди 90 500 нускада басып чыгарат. Билим берүү жана илим министирлиги бул китептерди өлкөдө расмий катталган 2 191 мектепке таркатууга жардам берет. Андан тышкары, USAID/OTI Ага Хан Фондуна жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясына 4 382 нускада мугалимдин усулдук окуу куралдарын иштеп чыгууга жана таркатууга колдоо көрсөтөт.
 
Көп тилде жазылган китептер Ага Хан Фонду менен Билим берүү жана илим министрлигинин шериктештигинин алкагында жана USAID/OTIдын колдоосунда иштелип чыкты. Бул иш-чара 2010-жылдын июнь айындагы окуяларга түздөн-түз жооп катары, ошондой эле өкмөттүн көп улуттуу коомдун бекемделишине түрткү берүү демилгесине ылайык жүзөөгө ашырылууда. Өткөн жылы китептер Ош жана Жалал-Абад областарынын 25 коомдук, 389 мектеп жана 45 балдар бакча китепканаларына таркатылган. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

 

Бишкек, “Саясат.kg”.  Кемин районунун №19 кесиптик лицейинин башчысы Шайырбүбү Абдылдаева Эл аралык аялдар корунун 2011-жылдагы жыйынтыгы боюнча «Элет айымы» номинациясына лауреат болуп таанылды.

 

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин маалымдашынча, Эл аралык аялдар кору, Шайырбубу Абдылдаеванын элет айымдарынын жакырчылыкты жоюудагы активдүүлүгүн арттыргандыгына байланышкан көп жылдык мээнетин эске алып бул наамды ыйгарган.      

 

Маалымат: Эл аралык аялдар корунун штаб-квартирасы Женевада (Швейцария) жайгашкан. «Элет айымы» наамы, жыл сайын айыл жерлеринин калкынын жашоо деңгеелинин өнүгүүсүнө салымын кошкон атуулдарга ыйгарылат. Буга чейин аталган наамга Гана, Кения, Сенегал, Туштук Африка, Камбоджа, Индия, Непал, Тажикстан жана Швейцария мамлекеттеринин өкүлдөрү ээ болушкан.

 

Булак: K-News.kg