15-22-сентябрга чейин Орусиянын Анапа шаарында өтчү КМШ жана Балтика жээгиндеги өлкөлөр арасында “Киношок” фестивалына кыргызстандык режиссерлордун 11 тасмасы катышат. Бул тууралуу өкмөт алдындагы кинематография департаментинен кабарлашты.
Ошто түрдүү улут өкүлдөрүнүн арасында “Жашасын, кыргыз ырлары!” аттуу фестиваль болот. 18-августта өтүүчү бул иш-чараны Эгемендик майрамына карата “Ынтымак” коомдук аймактык телерадиокомпаниясы уюштурууда. Бул тууралуу аталган медиамекеменин башкы редактору Бегайым Садыкова билдирди.
Бүгүн, 16-августта, Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева Индонезиянын Балу шаарына “Дүйнө сулуусу” (“Мисс мира”) кароо-сынагына жөнөп жаткан Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну Жибек Нукееваны жана аны узатып жаткан туугандарын кабыл алды. 
- Мода сиз үчүн?
 
- Турмушка чыккандан кийин модельдик карьера бүтөт десем болот. Негизинен эле модель болу мага абдан жакчу, бирок, баары бир бул нерсени хобби катары кабыл алчумун. Тактап айтканда бала кезимен эле кыялданчумун дегендей. Анткени, боюм кичинекейимен эле узун болчу. Ошондуктанбы моделдердин боюнун узундугун көрүп, мен дагы чоңойгондо модель болсом дечүмүн.
Кыргыз эстрадасын жаңырткан жаңы муундун жоон тобунда Айнура Салахидинова деген дагы ысым бар. Муңдуу ырларды жүрөккө жеткире ырдаган ырчынын үй-бүлө күтүп, аны менен чыгармачылыгын катар алып кетип жаткан учуру. Ырчы кызды маекке тартып чыгармачылыктагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу азын-оолак кеп салдык. 
Тасма “Карек фильм” студиясында 2013-жылдын январында тартылып баштаган. Башкы ролдордо Б.Шамшиев, Э.Борончиев, Б.Тентимишов, С.Эсенбаева, Ж.Сманов, А.Бейшембиева, Д.Жейкоб, Н.Шашмаз ойношот.
Эл арасында өзгөчө кызыгууну жараткан "Президент жана бомж" тасмасынын уландысы 30-октябрда Бишкектин көрүүчүлөрүнө тартууланат.
"Менин жашоо принцибим - өзүң менен өзүң шайкеш, өзүңө өзүң чынчыл болуп, сабыр күтүп жашоо",- дейт "Бишкек периси" сынагынын ээси Адинай сулуубуз.
Быйылкы жылдын "Интернет сулуусу", "Vitline" моделдик агенттинин модели менен маек
Кыргызстандын вице-мисси Айжамал Жакеева сулуулук жөнүндө
Малайзияда өткөн “Мисс Туризм Интернейшнл” сынагынын катышуучусу Ксения Баранникова ой бөлүшөт.

Бишкектин 134 жылдык мааракесине карата ордо калаада кырдуу иш чаралар уюштурулду. Борбор шаардын телефондук кодунун алдында түзүлгөн "Город 312" тобу да бул күндү Бишкектиктер менен тосуу үчүн Москвадан атайын келип, чоң концерт берип, шаардыктарды сүйүнттү. Биз топтун көрүнүктүү солисти Ая, бир кездеги Светлана Назаренко менен баарлаштык. Чыгармачылыктагы чыйыры жана жеке жашоосу жөнүндө өз оозунан угалы.

 

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырды кыргыз журтчулугу буга чейин Жеңишбек Токтобеков деген ысым менен тааныган. Акындын бейнесин окурмандарга ачып берүү максатында анын жан дүйнөсүн түйшөлткөн ой толгомдору менен бөлүшөбүз.

Бишкек шаарында алтынчы жолу өтүп жаткан даректүү тасмалар фестивалына бир нече мамлекеттерден кинорежиссерлор, укук коргоочулар жана журналисттер келишти. Алардын бир тобунун тасмалары “Бир дүйнө” фестивалында көрүүчүлөргө тартууланды. Учурдан пайдаланып, сырттан келген меймандар менен баарлашууну туура таптык. Себеби, чет элдик документалдуу тасмалардын арасында да кыргыз коомчулугун кайдыгер калтырбаган кинотасмалар арбын болчудай.

Дөөлөт Мадымаев. Бул ысымды укканда 90-жылдардагы боорду эзген “Чийели, чийели, эртерээк эрге тийели” деген анын аялдын образын жараткан куудулдугу көз алдына тартылат. Тамашакөй, таланттуу бул адам былтыр 51 жашында дүйнөдөн көз жумду. Ошентсе да, анын жаркын элесин жакындан билгендер ар убакта эске салып, күлкүлөрүн сахнада улам жаңыртып турушат.

Чыгармачыл дүйнөдө өз орду бар, кино жаатында, ыр дүйнөсүндө жана айымдарга тиешелуу өзгөчүлүктү да кошо ала жүргөн өнөр баккан айым Сайра Момунбаева жан дүйнө сырлары менен ой бөлүштү.

Ырчы Фарида Карбозова чыгармачылыкта бышып-жетилип, эл оозуна байма-бай алынып турган учур. “Жакынкы бир-эки жуманын ичинде жаңы ыр жаздырам. Обонунун автору С.Исаковтуку, “Туткундун тузагынан бошотчу” деген ыр кудай буюрса, жакынкы убакта чыгат” – дейт ал биз менен чыгармачылыгындагы жаңылыктары тууралуу болүшүп жатып. Ошондой эле жакында ыр сүйүүчүлөр анын “Өчүрбөчү мендеги махабатты” деген ырын дагы уга алышат. Төмөндө ырчы менен маекке назар салсак.

Орусиянын СТС телеканалы Бишкек шаары жана «Город 312» тобу тууралуу кино тартат. Бул тууралуу «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко билдирди.

Кыргызстандык актер-актрисалардын кызматы жана алардын эмгеги канча каражатка бааланары баарына кызык. Бул тууралуу актер, актрисалардын өздөрүнө кайрылып, алардын кызматы канча каражатка бааланары туурасында сурадык.

Атына заты төп келишкен Айкөл Аликжанова жакында “Интернет сулуусу-2012” сынагынын жеңүүчүсү болду. Буюрса, баш байгеге тийген жолдомону колго алып, “АКШ менен Италияга сапар тартам” деп сүйүнүчү кучагына толбой турган учур. Төмөндө миңдеген адамдарды суктандырган, ай чырайлуу сулуу менен маекке орун берсек.