25-августта Бишкектеги Кино үйүндө Украинадагы ыңкылап боюнча даректүү тасма көрсөтүү белгиленген. Бирок алдын-ала макулдашууларга карабай тасма көрсөтүү алдында жарык өчүрүлүп салынды. “Бир дүйнө” уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын билдирүүсүнө караганда, бул бийликтин кийлигишүүсү менен жасалды. Анткени Маданият жана маалымат министрлиги бул фильм көрсөтүлөрдөн мурун УКМКнын экспертизасынан өткөрүлүш керектигин билдирип, бирок оозеки түрүндө тасманы көрсөтүүгө макулдук берген. Кино башталарда болсо жарыкты өчүрүп салышты. Украинадагы ыңкылаптын катышуучулары тарткан фильм соңунда “Бир дүйнө” уюмунун кеңсесинде көрсөтүлдү.

Бишкектеги Кино үйүндө 25-августта «20. Майдандагы кагылышуунун бурулуш күнү тууралуу жыйырма күбөлүк» («20. Двадцать свидетельств о переломном дне противостояния на Майдане») деп аталган документалдык тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Эске салсак, "Курманжан датка" тасмасын жараткан режиссёр Садык Шер-Нияз, актриса Элина Абай кызы жана башка актерлордон турган делегаттар 13-август күнү Канаданын Монреаль шаарында өтө турган бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөп кетишкен. Учурда алар аталган кинофестивалдын ачылышына кызуу даярданып жатышат. Бул тууралуу азыркы тапта Канадада жүргөн режиссер Садык Шер-Нияз "Кабар ордого" билдирди.

Мекенибиздин кино казынасы дагы бир тасма менен толукталды. Бул криминалдык драма жанрындагы «Көк жал» тасмасы. Аталган тасмада негизги ролдордун бирин  «Боз Салкын» жана «Уурунун махабаты»  кинотасмалары менен көрүүчүлөрдүн кеңири катмарына таанымал болгон Асем Токтобекова жаратты. Бул эмгек анын режиссерлукка таштаган алгачкы кадамы болду десек болчудай. Премьеранын алдында Асема менен  эксклюзивдүү маек курган элек.

Борбордогу Кино үйүндө 19-август күнү «Арстанбектен алп саптар» тасмасы көрсөтүлөт, деп кабарлады уюштуруучулар.
"Курманжан датка" тасмасын жараткан режиссёр Садык Шер-Нияз, актриса Элина Абай кызы жана башка актерлордон турган делегаттар 13-август күнү Канаданын Монреаль шаарында өтө турган бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөп кетишкен. Бул тууралуу тасманын менеджери Чолпон Идирисова ЖМКлар аркылуу билдирди.
Кыргызга гана эмес атагы алыска кеткен Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналчу нерселер арбып баратканы кубанычтуу. Бири китеп жазса, экинчиси акындын айкелин жасоого умтулуп, дагы бири сүрөт тартуу менен алек. Райондун журтчулугу да түп көтөрүлө учурунда пешенебизге жаралып, айрыкча Кетмен-Төбө жергесин дүйнө калкына тааныткан акынга таазим кылуу ниетинде иштиктүү аракеттерди ийге келтиришүүдө. Анткени үлкөн тойдун шааниси баары бир акындын ысымын урматтап алып жүргөн райондо өтөөрү айныксыз. Мына ошондуктан ар бир саатты сарамжалдуу пайдаланып аз сүйлөп, көп иш бүткөрүүгө белсенишибиз абзел.

“Эксперимент деле кылып көрсөм, менден он жаш кичүү кыз өзүн абдан кайгылуу, кабак-кашын түйүп, терс энергия менен жүрүп, жүзүнө бир да жылмаюу тартуулабаса, дайыма позитивдүү маанайда жүргөн мен тескерисенче анын фонунда андан он жашка кичүү болуп көрүнүп калат экенмин”.

Бийдин башы - Биймерген экенин баарыбыз эле биле бербесек керек.  Эл акыны Шайлообек Дүйшеев  чоң энесинен уккан уламышты кагазга түшүрүп, обондуу ыр жаратты.  Аны назик үндүү Айжамал Кабылова аткарды. “Биймерген” аталыштагы чыгарма жакында жарыяланган “Кыргыз эл бий” сынагына катышат.  “Көчмөн турмушта күн кечирген элдин, мергенчинин жашоосун чагылдырган бий,  кыргыз элин тегиз бийлетет “- дейт ырчы Айжамал Кабылова.

Чоюке Өмүр уулунун 150, Саякбай Каралаевдин 120, Шаабай Азизовдун 90, Кааба Атабековдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган "Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги" аталышында өткөн төкмө акындардын айтышында төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр 1-орунга ээ болду. Иш-чара 8-9-август күндөрү К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрында болду. Байге фонду 500 миң сом болгон айтышка 17 төкмө акын катышкан.
Орусиялык белгилүү актерлор, «Два капитана» («Эки капитан») жана «Мастер и Маргарита» («Мастер жана Маргарита») тасмаларындагы башкы каармандардын аткаруучулары Александр Галибин менен Борис Токарев Кыргызстанда болду, деп билдирди бүгүн, 11-августта Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» компаниясынын директору Гүлмира Керимова АКИpress агенттигине.
Кыргыз өнөрүнө көрүнгөн эле из калтыра берсе, жашоо кунарсыз болуп калмак. Бекеринен өтүкчү өтүгүн ултарсын, касапчы малын сойсун, ал эми актёр сахнанын ажарын чыгарсын деп айтылбайт. Анын сыңарындай актрисалык кесипти эне сүтү оозунан кетелекте тандап алган Таттыбүбү турмушунан жаңылган жок. Он беш жашында элдин оозун ачырып, боор көтөрүп калганда Ташкенден билим алып театрга келген Турсунбаева тез эле кеп-сөзгө алынган.

Жыл сайын жаштардын “Limon.kg” порталы кыргыздын сулуу кыздарына издөө салып, “Мисс Интернет” конкурсун уюштуруп келе жатат. Быйыл да бул жарыш кызуу жүрүүдө. Мурдагы жылы утулуп калгандар огобетер сулууланып сүрөткө түшүп жатса, алардан конкурска жаңы катышып жаткандар кем калышпайт. Бул ажарлуу сулуулардын дүйнөсүнө көз салып олтуруп, эчен замандан бери айтылып келе жаткан “Кыздары сулуу кыргыздын!” деген кептин даана акыл экенине дагы бир ирет ишенип кетесиң. Гезит жеткен жерде интернет жок экенин эске алып, биз конкурска катышкан сулуулар менен сиздерди да урматтуу окурман, тааныштырып турууну туура көрдүк...

Кыргыз эли сөзгө бай эл. Азыр да таңдайынан чаң чыккан уул-кыздардан уучубуз куру эмес. Бир топ маданий берүүлөрдөн тышкары өздүк мектебинен жаш таланттарга тарбиясын берип, жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө түрткү болгон эмгекчил айым менен чакан маек. 

Милица Наташа Йовович (Militza Natasha Jovovich) 1975-жылдын 17-декабрында Киев шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалык чагы Лондондо ( атасы ошол жакта жашачу) жана Орусияда (апасынын туулган жери) өткөн. Атасы Богдан Йовович кесиби боюнча дарыгер, апасы Галина Логинова актриса, бир топ кинолордо катышкан.

Кыргыз Республикасынын  маданият, маалымат жана туризм министринин колдоосу менен Рустам Мамановдун демөөрчүлүгү алдында «Улут жүзү» коомдук фонду жарыялаган эл аралык «Кыргыз эл бий» сынагына катышам дегендердин саны арбыды.

Латвиянын Юрмала шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун" эл аралык музыкалык фестивалында кыргызстандык Style Mix тобу кечээ алгачкы сынакта 10-орунга илинди. Дүйнөлүк хит ырларды аткаруу сынагында алар 61 упай топтоп, 16 катышуучунун арасынан онунчу болду.
Кытайлык кыргыз, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын чебереси Тургунаалы Мамай жакында кыргыз коомчулугуна эл бийин жандандырып, тартуулаганы турат. 
Латвиянын Юрмала шаарында жаш ырчылардын эл аралык өнөр таймашы 22-27-июль күндөрү өтөт. Анда 13 мамлекеттин ырчылары күч сынашат. Кыргызстандан Style mix тобу катышууда. Эки жигит жана бир кыздан куралган топ он күн мурда жөнөп кеткен.