Бишкек, "Саясат. kg". Андай «ход» бул жолу өтөөрү кыйын.
Ошентип, шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталды. Өткөн шайлоодо каржы ресурстары зор партиялар добуштарды сатып алууга чейин барышты. Андай «ход» бул жолу өтөөрү кыйын. Анда партиялар кандай жолдор менен шайлоочулардын назарларына илинип, добуштарын алуу аракеттерин көрүшөт? Айрым партиялардын «фишкалары», колунда кандайдыр ресурстары болсо, көпчүлүгүндө ишенген эч нерселери деле жок. Жетиштүү добуш алышса кубанышат, албай калышса, аны трагедия кылышпайт…
Шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да башкысы, татыктуулар, шайланып алышкандан кийин ооздоруна талкан салып алышкансып, балык депутаттардан болбогон, жогору жактын көзүн карабаган, өз алдынчалыктары бар, Бишкектин, бишкектиктердин көйгөйлөрүн чечүүгө чындап эрктери, каалоолору бар, баштарында ойлору, ооздорунда сөздөрү, жүрөгүндө жалдары барлар шайланып келишсин!
Мирлан Дүйшөнбаев