Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 223

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституция боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды.

Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова токтом президенттин кол коюсуна жөнөтүлөрүн билдирди.

Рефрендумга 1 млн 322 миң 124 шайлоо добуш берди, бул 36,66%ды түзөт.

Жаңы Конституцияга 79,3% шайлоочу “макул” деп, ал эми 13,72% шайлоочу “каршы” добуш беришти.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум 2021-жылы 11-акпрелде өткөн.

Булак: Кабар