Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 179

Кечээ, 10-апрелде 17 миң 99 шайлоочу тилкеден тышкары добуш берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумда 19 298 адам тилкеден тышкары жерде добуш берүү үчүн арыз берген.

Алар:

Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды.

Белигилей кетсек, өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү башталды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-апрелине карата биротоло тизмедеги референдумдун катышуучуларынын саны 3 млн 606 миң 201 адамды түзөт. Анын ичинде 1 млн 725 миң 849у – эркектер, 1 млн 880 миң 352и – аялдар.