Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 271

Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат.

Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, негизинен шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берилгенден кийин 20 күндүн ичинде жарыяланат. Бирок мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болгондуктан шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу 14 күнгө кыскарды.

"Добушту саноо шайлоо бүткөндөн кийин 3 күн аралыгында бүтөт. Тактап айтканда, 14-январга чейин аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү өткөн.

Булак: Кабар