Форма-2 деген баш айландырма жок болгону үчүн шайлоого 1 миллиондон ашык гана жаран келди, - Жапаров
Форма-2 деген баш айландырма, мафиялык система жок болгон үчүн шайлоого 1 миллиондон ашык гана жаран келди, деди Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого аз сандагы жарандардын катышканы тууралуу өз пикирин билдирип жатып.
«Мурда шайлоолор жасалма жол менен өтүп келген. Форма-2 дегенди ойлоп чыгып, шайлоого 3 миллионго чейин шайлоочулар катышкан убакыт болгон. Бул жолу биз бийликке келген күндөн баштап, мындан ары шайлоолор жасалмалуу, сатуу, сатып алуу жолу менен өтпөшү керек деп тыюу салган буйрук бергенбиз. Мына бүгүн буйрук аткарылып, форма-2 деген баш айландырма, мафиялык система жок болгону үчүн шайлоого 1 миллиондон ашык гана жаран келип атат. Бирок келген элдердин чын жүрөгү менен добуш бергенин көрдүңүздөр», - деди ал.
Булак: Баракелде