Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 236

Референдум: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,55 пайызы добуш берди

Саат 16:00гө карата референдумга 946 миң 104 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 26,55 пайызын түзөт.

Референдумда жалпы 3 млн 563 миң 574 жаран добуш бере алат.

Аймактардагы көрсөткүч:

- Бишкек шаарында 25,11 % (104 499);

- Ош шаарында 30,67 % (46 343);

- Жалал-Абад облусунда 27,36 % (182 393);

- Ысык-Көл облусунда 31,53 % (97 041);

- Нарын облусунда 30,11 % (60 971);

- Ош облусунда 26,69 % (192 918);

- Талас облусунда 24,98 % (39 439);

- Чүй облусунда 22,39 % (132 479);

- Баткен облусунда 27,81 % (82 655);

- чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде 14,89 % (7366).

Референдум өттү деп тааныш үчүн жалпы шайлоочулардын эң аз дегенде 30 пайызы добуш бериши керек.

Булак: Баракелде