Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 305

Бишкек, "Саясат. kg". Сурамжылоого добуш берип чыккан шайлоочулар тартылат. 

Жалал-Абад шаарындагы №2098 шайлоо участогунда "Саясат. kg" маалыматтык-аналитикалык порталынын кызматкерлери экзит-полл республикалык сурамжылоосу өткөрүлүүдө. Талапка ылайык, сурамжылоого добуш берип чыккан шайлоочулар тартылат. Бул шайлоо жыйынтыгынын реалдуу болгонун аныктоого жардам берет. 

“Маалым болгондой, экзит-полл демократиялык процесстердин жана көптөгөн өлкөлөрдө заманбап шайлоо кампаниясынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинет. Биз шайлоонун расмий жыйынтыгы чындыкка туура келээрине жана добуштардын бөлүнүшү шайлоочулардын талапкерлерге болгон реалдуу мамилесин чагылдыраарына ынангыбыз келет. Биз өлкөнүн жарандык милдетин аткарган ар бир бешинчи жашоочусун сурамжылоого алууну пландап жатабыз. Бул бизге шайлоо жыйынтыгынын объективдүү картинасын алууга жардам берет. Талапка ылайык, сурамжылоо шайлоочу добуш берип бүткөндөн кийин жүргүзүлөт. Бардык шайлоочуларды добуш бергенден кийин биздин кызматкерлерге жолукканда чоочулабоого жана жанына барып, иликтөөбүз үчүн бир нече мүнөтүн бөлүп коюуга чакырабыз”, - деп белгилешти  “Саясат. kg”  маалыматтык-аналитикалык порталынын расмий өкүлдөрү.

Бүгүн, 10-январда өлкөдө президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүлүп жатат.