Бишкек, "Саясат. kg". Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында сурамжылоо жүрүүдө.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну тандоо боюнча референдум өтүүдө. "Саясат. kg" маалыматтык-аналитикалык порталынын кызматкерлери сурамжылоо жүргүзүп жатышат.
Белгиленгендей, өлкө боюнча 2465 шайлоо участокторунан 243ү добуш берүүдөн кийин сурамжылоо жүргүзүүгө тандалып алынган. Шайлоо участоктору бир катар факторлордун негизинде тандалды, алар: мурдагы шайлоолордогу добуш берүүдөгү өзгөчөлүк, аймак (2 чоң шаар, 7 облус), шайлоочулардын саны жана аймактын тиби (шаардык, айылдык).
Биздин адистер эки суроо беришет:
- “Кандай башкаруу формасын тандайсыз?”
- “Кайсы талапкерге добуш бердиңиз?”
Жалпысынан сурамжылоо жүргүзүүгө 486 интервьер тартылат. Тандалып алынган аймактарда эки интервьер эки мөөнөттө иштейт, бири түшкө чейин, экинчиси түштөн кийин. Алынган маалыматтардын катасы 3 пайыздан ашпайт. Белгилей кетчү маанилүү нерсе, экзит-поллду сапаттуу өткөрүүгө ушундай иликтөөлөрдү жүргүзүүдө тажрыйбасы бар адистер тартылды.




