Чет өлкөлөрдө 2498 шайлоочу добуш берди

Саат 12:00гө карата (Кыргызстандын убактысы боюнча) чет өлкөлөрдө 2498 шайлоочу мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Добуш берүү чет өлкөлөрдөгү 38 шайлоо тилкесинде өтүп жатат. Дагы 10 шайлоо тилкеси азырынча ачыла элек.

«Шайлоого дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн, 31 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнөн турган 333 эл аралык байкоочу көз салууда. Ошондой эле, 11 мамлекеттен келген 96 чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өткөн», - деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында шайлоо өткөрүү боюнча штаб түздү.

Чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси бар. 49 миң 481 шайлоочу тизмеге кирген.

Булак: Баракелде